Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин тергелип бүтүшү Кыргызстанда жаңы жылдык узак эс алуудан кийинки аптадагы негизги жаңылыктардын бири болду.
УКМК тараткан маалыматка караганда, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир катар жетекчилер кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, Кытайдын ТВЕА компаниясы менен пайдасыз келишим түзгөнү тергөө учурунда аныкталды.
Маалыматта бул мамлекетке 111 миллион 252 миң доллардан ашык зыян келтиргени айтылат.
“Сапар Исаков 2010-жылдын февраль айында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) коммуникация бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда аталган мекеменин жыйыны өткөн. Анда Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча эки долбоор каралып, Дүйнөлүк банк бул кызмат үчүн 150 миллион доллар жана ТВЕА компаниясы 200 миллион доллар сунуш кылган. Кеңешменин жыйынтыгында ТВЕА компаниясынын Бишкек ЖЭБин оңдоо боюнча сунушу анын кымбаттыгын, техникалык жана технологиялык кемчиликтерин эске алуу менен Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбейт деп табылган. Ага карабай 2013-жылы Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүн жетектеп турганда ишке ашырууну жеке көзөмөлүнө алып, жеке кызыкчылыктарын көздөө менен 386 миллион долларлык долбоору менен ТВЕА компаниясына башкы аткаруучулук укукту берип койгон”, -деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Ошентип, УКМК Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча негизги жоопкерчиликти Сапар Исаковго жүктөп, анын "мыйзамсыз аракетин" 2009-жылга барып такаган.
Тергөөдө ТВЕА компаниясынын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жетиштүү тажрыйбасы болгон эмес жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жок болгонуна Сапар Исаков көз жуумп койгон деген жүйө келтирилген.
Учурда тергөөнүн материалдары менен айыпталуучу жана анын адвокаттары таанышып жатышат.
Сапар Исаковдун адвокаттары мурдагыдай эле экс-премьерге тагылган айыптар далили жок курулай жалаа деген пикирде. Адвокат Нурбек Токтакунов тергөөнүн материалдары божомолдорго негизделген, Исаковдун күнөөлүү экенин далилдей алган жок деп эсептейт.
- Бардык айыптар жоромол менен божомолго негизделген, - деди ал. - Эч бир материалдык факт же далилдер келтирилген эмес. Мисалы, Исаковдун кайсы бир пара же акчалай пайда көргөнү боюнча эч далил жок. Ошондуктан айыптоо “Сапар Исаков мурдагы президентке жакшы көрүнгүсү келгени үчүн ушундай кадамга барган” деп жатат. Бул мотивдер Кылмыш-процессуалдык кодекстин алкагында далилдениши керек болчу. Бирок жөн гана сөздөр, ойдон чыгарылган нерсе.
Адвокаттар козголгон кылмыш иши сотто калыс каралса, Сапар Исаковдун ак экени далилденет деп үмүттөнүшөт. Бирок алар бул иш саясатташкан деген ойдо болгондуктан, соттун бейтарап жүрөрүнө көздөрү жетпейт.
Мындай пикирин Сапар Исаков да бөгөт чарасын караган процесстердин биринде айтып, өзүнө карата козголгон кылмыш ишин “президент Сооронбай Жээнбеков көзөмөлдөп жатат” деген.
Бирок Сапар Исаков баштаган он бештен ашык мурдагы аткаминерге иш козголуп, камакка алынышын шарттаган депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев мурдагы премьерге карата бир жыл мурун эле дал ушундай шек жаралганын эске салды:
- Депутаттык комиссиянын деле жыйынтыгы ушундай болгон. “Негизи Бишкек ЖЭБин оңдоо туура эле болгон, бирок канчалык деңгээлде ушул келишим түзүлгөнү негиздүү болгон? Бул жерде кылмыштын белгилери бар” деген жыйынтык чыгарганбыз. Биз ошол кезде эле “Президенттик аппараттын бөлүм башчысынын ушундай долбоорго катышууга кандай укугу болгон?” деп айтып чыкканбыз. Президенттин деле андай укугу жок болчу. Биз ошондуктан бул жерде “өз милдетинен аша чапкан жокпу” деп маселе көтөргөнбүз. Эми укуктук бааны сот бериши керек.
Исхак Масалиев Сапар Исаковдун бул жаңжал боюнча жоопкерчилигин көтөргөнү менен аталган иштин алкагында камакка алынган мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиевди жана Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду үй камакка чыгаруу тууралуу өтүнүчүн прокуратурага жөнөткөнү белгилүү болду.
Ошол эле кезде Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон иште укуктук жагдай менен катар анын саясий мааниси жөнүндө да айтылууда. Маселен, "Сереп" иликтөө борборунун башчысы Искендер Ормон уулу ЖЭБ боюнча айыпталуучуларга байланыштуу тергөөнүн сапаты жана соттун жүрүшү коомчулуктун мындан аркы иштерге мамилесин аныктайт деген пикирде.
- Бул сыяктуу иштерде соттук жана процессуалдык легитимдүүлүк абдан маанилүү, - деди ал. - Себеби, бул адамдар саясатта жүрүп, кайсы бир деңгээлде эл башкарган адам болгондуктан эл алдында укуктук легитимдүүлүктөн тышкары ынандырыш керек. Башкача айтканда, тергөөнүн жүрүшүндө жөнөкөй жаранды ишендиргендей далилдер болушу керек. Болбосо укуктук жактан да саясий өкүм катары кабыл алынып, өз атаандаштарын куугунтуктоо катары каралышы толук мүмкүн. Бийлик, тергөө органдары муну жакшылап түшүнүшү зарыл.
Негизи ЖЭБдеги кырдаал боюнча төрт кылмыш иши козголгон. Алардын бири, тактап айтканда былтыр кышында болгон аварияга байланыштуу иш тергелип бүтүп, учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Ал эми дагы бир эпизод Жылуулук электр борборун оңдоо менен катар кытайлык ТВЕА компаниясы Бишкекте куруп берүүгө убада берген мектептеги мыйзам бузуу боюнча айыпталып баш калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов камакка алынган. Бул иш боюнча да тергөө аяктап, материалдар таанышуу үчүн айыпталуучуга берилгени белгилүү болду.
Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка жыйырма күндөн соң бир жыл болот. Бул окуя экономикалык же өндүрүштүк кырсык катары каралып эле тим болбостон, ири коррупциялык жана саясий жаңжалга айланган.
ЖЭБ жаңжалынан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси бузулуп, мурдагы өлкө башчынын Сапар Исаков баш болгон жакын үзөңгүлөштөрү камакка алынган.
Эми бир ай ичинде бул иштер боюнча сот башталганы турат. Байкоочулар быйылкы талкуулар дал ушул соттун айланасында болуп, президент убада берген сот реформасы сыналат деп күтүп жатышат.