Бурулайдын иши: күбөлөр суракка келди
Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш 25-октябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды. Сотко күбө катары Бурулайдын коңшулары жана анын жаназасын окуган молдо Ислам Мадиев келди. Бурулайдын жакындары молдо кыздын көкүрөгүндөгү тактарды көрсөтпөө үчүн сөөктү жуубай көмүүнү буйругандыгын айтышты.