Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:21

Боронов: Боомдогу кооптуу жерлерди аттырабыз


Боомдогу таш көчүп түшкөн жер. 12-август, 2015-жыл
Боомдогу таш көчүп түшкөн жер. 12-август, 2015-жыл

12-августта Боомдо кум-шагыл көчүп түшүп, кан жолду тосуп калды. Жол ошол эле күнү кечки саат сегиздерге жакын ачылды, ал арада 25 чакырымдык унаа тыгыны пайда болду. Боомдо башка дагы кооптуу аймактар барбы? Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду "Азаттык" кепке тартты.

"Азаттык": Көчкү эмнеден келип чыкты. Мурдатан көчүшү мүмкүн деп болжолдонду беле?

Кубатбек Боронов: Боом капчыгайында шамал өтө катуу болот. Анын кесепетинен көчкү түшөрдөн мурунку күнү аз-маз таштар кулап, коркунуч жаралган экен. Анан Транспорт министрлигинин жолчулары унаа кыймылын токтотуп коюп, жолду тазалашкан. Кечинде дагы түшүшү мүмкүн деп техника, кызматкерлерди күзөткө коюшкан. Эртеси дагы тазалап атканда 12 миң кубметрдей таш аралаш топурак куюлуп түшкөн.

"Азаттык": Буга чейин, Советтер Союзу учурунда курулган жолдун тоо тарабында тосмолор көп эле. Жакында эле кытайлык компания жолду куруп бүткөндөн кийин алардын бир кыйласы алынып калганын байкадык. Аларга тосмолорду кайра калыбына келтирүү талабы коюлушу керек эле да?

Кубатбек Боронов: Сөзсүз түрдө. Ошол эле капчыгайдагы талаштуу сүрөт тартылган дубалдар турбайбы. Ал дагы тосмо дубал, кооптуу деген жерлерге коюлат. Азыр эми кооптуу жерлер тосулуп атат, бирок байкалбай калгандары да болуп атат. Кечээги көчкү ошондой жерден түштү. Азыр да ал жерде кооптуулук бар. Өзүм көрдүм, жогору жактан салаңдап турган таштар бар. Аларды аттырып, жолду коопсуз кылышыбыз керек.

"Азаттык": Ал иш качан болот?

Кубатбек Боронов: Бир-эки күн ичинде болот. Азыр маселени чечип атышат. Түнкү саат 12ден кийин иштешибиз керек. Себеби, сезонго байланыштуу күндүзү эл көп.

"Азаттык": Ага чейин жолдо дагы көчүп түшүү коркунучу жокпу?

Кубатбек Боронов: Жол түшүп калат деп көз ачыктык кыла албайм, бирок, биз сөзсүз аракет көрөбүз. Транспорт министрлиги да иштеп атат. Байкоочулар коюлду. Бир-эки күнчө ошентип туралы, андан башка айла жок.

XS
SM
MD
LG