Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Өкмөт башчы Боомдогу окуя боюнча чукул жыйын өткөрдү


Премьер-министр Темир Сариев Бишкек-Балыкчы унаа жолундагы Боом капчыгайында болгон окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөргөнүн "Азаттыкка" анын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады. Өкмөт башчынын тапшырмасы менен ал жерге өзгөчө кырдаалдар жана унаа министрлери жөнөп кетишти. Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевге болгон техниканы мобилизациялап, тез арада жолду ачуу тапшырмасы берилди.

Бүгүн Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымына тоодон топурак аралаш таш түшүп, ал жер азыр жабык турат. Соңку маалымат боюнча, адам өмүрүнө залака тийген жок.

Өкмөт жүргүнчүлөрдү сабырдуулукка чакырууда жана жолду тез арада ачууга болгон аракет жумшаларын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG