Көнөктөп жааган жаан Улуу Жеңиштин 71 жылдыгын майрамдоого тоскоол боло алган жок. Бишкектин Жеңиш аянтында өткөн митинг реквиемге өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик адамдары, согуш ардагерлери жана шаар тургундары катышты.
Президент Алмазбек Атамбаев фашисттик Германияны жеңүүдө кыргызстандыктардын салымы ат көтөргүс болгонун баса белгилеп, согуштун жана ооруктун ардагерлерин куттуктады. Атамбаев өз сөзүндө согуш жылдарында чогуу тарткан азап-тозокту унутуп, кыргыз жарандарына кол салган Орусиядагы такыр баштарды азыркы фашисттер деп атады.
- Согуш жылдарында жүз миңдеген качкындар Орусиянын шаарларынан эвакуацияланган. Карапайым кыргыз үй-бүлөлөрү алар менен акыркы кесим наны, кийими менен бөлүшкөн. Кийин алардын айрымдары Кыргызстанды түбөлүк мекендеп калышты. Мен бул тууралуу орус туугандарга бүгүн эстетким келет. Анткени Орусияда азыркы фашисттер-скинхеддер баш көтөрүп жатат.
Мамлекет башчысынын мындай билдирүүсү эки кыргыз жараны Москвада скинхеддер тарабынан токмоктолгон окуяга удаа айтылды.
91 жаштагы согуш ардагери Садыр Мамбеткожоев Улуу Ата Мекендик согуш адамдарды улутка бөлбөгөнүн, ынтымак гана жеңишке жеткиргенин айтат. Анын баамында, айрым гана жаштар жеңиштин баркын билбей жатканы болбосо, көпчүлүгү кан күйгөн согуштан кабары бар.
- Жаштар Ата Мекендик согушту көрбөсө да маалыматтары жетиштүү. Алар согуштагы азап-тозокту, ачкачылыкты, өлүмгө баш байлаган учурубузду жакшы сезишет. Азыркылар бизди алаканга салып сыйлап жатышат десем болот. Ар 9-Май сайын сый-урмат менен эскерип жатышат. Ай сайын мамлекет 17 миң сомдон стипендия берет. Кыскасы ардагерлерге көрүлгөн камкордук кудайга шүгүр.
Улуу Жеңишти эскерген расмий иш-чарага удаа “Өлбөс полк” акциясы да өттү. Ага он миңден ашык шаар тургуну катышып, согуш отун кечкен аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, Бишкек көчөлөрүндө жөө жүрүш жасашты.
Тарыхчы Айгерим Тургунбаева мындай иш-чаралар жаш муунга согуштун маанисин жеткирүүдө чоң роль ойнойт деп эсептейт. Анын пикиринде кийинки жаштардын Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу кабары аз.
- 90-жылга чейин туулгандарда согуш тууралуу маалымат жетиштүү. Андан кийинкилерде маалымат аз. 9-Май тууралуу гана билишет. Анткени жыл сайын бул күн майрам катары белгиленет. Мындай карасаң 6-класстан баштап тарых китептерине кирген. Бирок негедир кийинки жаштар согушка кайсы өлкөлөр катышкан, андагы Кыргызстандын ролу боюнча тереңирээк билишпейт. Балким бул мугалимденрдин катасы.
Ушундай эле эскерүү иш-чаралары өлкөнүн бардык аймактарында өттү. Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 365 миң киши катышып, алардын 114 833 кайтып келген эмес. Быйылкы Жеңиш майрамынын салтанаттарына 821 согуш ардагери күбө болду.
Экинчи Дүйнөлүк согушта (1939-1945) 50 миллиондон ашык адам каза тапкан. Анын 27 миллиону мурдагы СССРдин жарандары болгон.