Согуштун катышуучулары жана кайтпай калган аскерлердин сүрөттөрүн көтөргөн шаар тургундары Түштүк дарбазадан чыгып, Жеңиш аянтына чейин басып келишти. Алар "өчпөс отко" келип, согуш курмандыктарына таазим кылышты. Ушундай эле иш-чаралар бардык аймактарда өтүп жатат.