Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып, 30 миң доллардын уурдалышына жол ачкан катка билбей туруп кол койгонун айткан.
- Мен аны билген эмесмин. Эгерде билсем, кол койбойт болчумун. Парламентте көп жылдан бери иштеген бөлүм башчы келип, "Айтматов сыйлыгына акча бериш керек" десе албетте, кол койдум. Бизге бир күндө толтура кагаз келет. Албетте, өкүнүчтүү. Себеби бир эле парламентте эмес, шериктеш өлкөлөрдө да “парламенттин жооптуу кызматкери каражатты өзүнө ыйгарып алыптыр” деп сөз болуп жатат да.
Шадиев өкүнгөнү менен мыйзам алдындагы өз жоопкерчилиги тууралуу ооз ачкан жок. Ал ушул күнгө чейин аны атайын кызмат суракка чакыра электигин да кошумчалады.
Кол тамга үчүн беш жылдык жаза...
9-февралда УКМК Жогорку Кеңештин эсебинен КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүү катары парламенттин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров кармалып, ага “Документтерди жасалмалоо”, “Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу” беренелери боюнча айыбы угузулуп, убактылуу камакка алынган. Тергөөнүн баштапкы маалыматы боюнча, Закиров Шадиев кол койгон каттын негизинде парламенттин эсебиндеги 30 миң долларды өзүнө ыйгарып алган.
Бул окуядан кийин коомчулук Шадиевдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүп, аны ушундай эле иш-аракети үчүн соттолгон саясатчыларга салыштырып жатат.
Жактоочу Чынара Жакупбекова Шадиевдин ишин өзү коргоп жаткан Аида Салянова менен салыштырууда. Анын айтымында, экөөнүн тең аракеттери окшош, бирок жоопкерчилик маселесинде эки башка.
- Бир жагынан караганда Шадиев менен Салянованын ишин салыштырып болбойт. Анткени Салянованын аракетинде кылмыштын курамы жок. Анын орун басары Жылдыз Мамбеталиева даярдап келген кагазда эч кандай мыйзамга каршы аракет жок. Экинчиден, андан мамлекет бир тыйын да зыян тарткан эмес. Шадиевде болсо мамлекет 30 миң доллар зыян тартып жатат. Мыйзам боюнча “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Шалаакылык” беренелери боюнча иш козголушу керек болчу.
Башкы прокуратура Аида Саляновага "юстиция министри болуп турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан" деп, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ленин райондук жана Бишкек шаардык соту Салянованы күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бирок чечим анын үч жашар кызы 14кө чыкканда күчүнө кирет. Салянова ошол кездеги орун басары Жылдыз Мамбеталиева даярдап келген кагазга гана кол койгонун айтып, өзүнүн күнөөсүз экенин айтып эле келет.
Кол тамга кимдики болсо жоопкерчилик ошондобу?
“Прецедент” юридикалык компаниясынын негиздөөчүсү, юрист Нурбек Токтакунов кыргыз мыйзамдары боюнча ким кол койсо, жоопкерчилик ошого жүктөлөрүн эске салууда. Ал Шадиевдин ишинде эмне үчүн катты даярдаган киши жоопко тартылып жатканын түшүнбөйт.
- Шадиевдин "катты окуган эмесмин" дегени – бала бакчанын иши. Кол койдубу - бүттү, автоматтык түрдө жоопкерчилик алат. Кол коюу – "баарын окудум, жоопкерчиликти өзүмө алам" дегенди билдирет. "Мен билген эмесмин" деген болбойт. Анда баары эле "билбей калыптырмын" деп жоопкерчиликтен кутулуп кетпейт беле? Эгер катты даярдаган киши жоопко тартылып жатса, кол койгон киши сөзсүз жазага тартылышы керек.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Айтматов сыйлыгын берүүнүн жобосу өзү туура эмес деген пикирде.
- Бул жерде Аскар Алимбаевич каржылык мыйзамды бузганын өзү деле билип турат да. Бизде жалпы финансылык документтер боюнча мындай болушу мүмкүн эмес. Кол койгондо карабаптырмын дегени түшүнүксүз. Анын үстүнө бир жылда бир берилген ири сыйлык болсо. Муну шалаакылык деп койсо болот. Дагы бир маселе. Жогорку Кеңештин атынан берилген сыйлыкты конвертке салып барганы да түшүнүксүз. Мурдагы чакырылыш жобону ушундай кылып бекитип коюптур. Бул акмакчылык.
Аскарбек Шадиев - жаңы Баш мыйзам боюнча биринчи вице-премьерлик менен кошо депутаттык мандатты да сактап турган жалгыз аткаминер.
КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы Кыргызстандын демилгеси менен 2012-жылы негизделген. Сыйлык жобо боюнча КМШнын адабиятына, маданиятына зор салым кошкондорго жыл сайын берилиши керек. Бирок былтыр белгисиз себептер менен берилбей калган. Сыйлыктын 30 миң долларлык акчасы жыл сайын Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнөт.