Бул маалыматты Башкы штаб төгүнгө чыгарганы менен курсанттардын качканын жакындары ырасташууда. Алардын билдиришинче, качууга окуу жайдагы кызматкерлердин курсанттарга басым көрсөткөнү себеп болгон.
Ишенимдүү булактар маалымдагандай, Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинен алтымыштан ашык курсант 9-август күнү кечинде качкан. Алардын биринин атын атабаган эжеси “Азаттыкка” буларды айтып берди:
- Кечээ кечинде качышкан окшойт. Менин укканым боюнча 64 курсант качкан. Анан үйгө окуу жайдан чалышып, балаңар качып кетти, аны таап, окууга алып келгиле деген экен. Эртеси саат 12лерде балаңар менен келип калгыла дешиптир.
10-август күнү качкан курсанттар ата-энелери менен кошо окуу жайга кайтып келишкен. Окуя боюнча лицейдин жетекчилиги ата-энелер менен жыйын курган.
- Апама жыйналыштан келатканда телефон чалып, эмнеге качышканын сурадым. Курсанттар ошол жерде иштеген бир кызматкерге каршы бойкот жарыялайбыз деп качышыптыр. Анын жумуштан кетишин талап кылып атышат. Себеби ал курсанттарга орой мамиле кылып, уруп-сокчу экен.
Жогорудагы айтылгандар боюнча аскер лицейинен маалымат алууга мүмкүн болбоду. Биз барган учурда нөөмөттө турган курсант жетекчилик эч кимди кабыл албасын жана чоочундарды киргизбөөгө буйрук берилгенин айтып, окуу жайдын босогосун аттаткан жок.
Башкы штаб болсо, курсанттардын качканы тууралуу кабарды жокко чыгарды. Мекеменин басма сөз катчысы Майрамбек Мисиев окуучулар эгемендик майрамына карата парадга даярданып жатканын айтты:
- Эч ким качкан жок. Баары тең ордунда. Азыр эс алуу, бирок, майрамга карата даярданып жатышат.
Мындай окуяны жашырышат. Ал эми жаап-жашыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Бул көрүнүш улана берет.Сыргабек Дүйшеев
Деген менен айрым маалымат булактарында лицейде 3-курста окуган 69 курсант качканы, алар кайра окуу жайга кайтып келгени тууралуу кабарлар чыкты. Маселен, “Вечерний Бишкек” басылмасы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Адыл Курбановго шилтеме кылып, курсанттар менен командирлер арасында чатак чыкканы тууралуу жазды.
Бул кабарды уккан айрым укук коргоочулар жана кыйноолорго каршы борбордун кызматкерлери окуянын чын-төгүнүн билүү үчүн окуу жайга барып, кире албай турушканын маалымдашты. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова лицейге укук коргоочуларды киргизбей койгону ар кандай күдүк ойлорду жаратууда деди:
- Балдар кайра окуу жайга кайтканын угуп келгенбиз. Кыйноолордун алдын алуу борборунан болуп, баарыбыз беш киши турабыз. Ушундай аскер жайларына киргизбей койгону, демек жашыра турган нерселери бар. Эч нерсеси жок болсо, коркпой эле киргизмек да. Азыр менде шектенүү пайда болууда. Демек 69 бала бул жерден жөн эле качкан эмес.
Аскер маселелери боюнча эксперт Сыргакбек Дүйшеевдин пикиринде, аскер жайларындагы мындай чыр-чатакты жетекчилик колдон келишинче жаап-жашырууга аракет кылат. Ошондуктан ачыкка чыкпай калган ушул сыяктуу окуялар арбын.
- Бизге союздан калган менталитет сиңип калган. Эгерде чындыкты айтып, көйгөйдү көрсөтсөң өзүң жаза аласың. Андыктан мындай окуяны жашырышат. Ал эми жаап-жашыруудан эч нерсе өзгөрбөйт. Бул көрүнүш улана берет.
Дүйшеев соңку жылдары жоокерлердин өлүмү үчүн эч ким жоопко тартылбай жатканынан, аскердеги өкүмзордук, чоңсунуу токтобой келатканын белгиледи:
- Эми армиядагы мындай абалды түп-тамыры менен жогото албасак да, бир топ кыскартсак болот. Ал үчүн ар бир чыр-чатактын күнөөкөрүн жазага тартуу керек. Бизде андай жок болуп жатпайбы.
Расмий маалымат боюнча 2010-жылдан бери куралдуу күчтөрдүн катарында 84 жоокер каза тапкан. Алардын 37си, башкача айтканда, 65 пайызы өз өмүрүн кыйган. Тергөө жыйынтыгында суициддин 15ине чоңсунуу же уставга туура келбеген мамиле себеп болгону аныкталган.