Ал Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан Максим Бакиевге таандык имаратты мыйзамсыз ээлеп алууга катышкан жана Алексей Елисеевдин үйүн жер тилкеси менен чогуу өзүнө жаздырып алган деп айыпталып, издөөдө жүргөн.
Ал эми оппозиция бийликтин мародерчулукту далилдөө аракети башка саясий күчтөрдүн рейдерлик иштеринин бетин ачат деген ишенимде турат.
"Максим Бакиевдин мүлкүн менчиктеп алган"
УКМКнын маалыматы боюнча, апрель окуясындагы мародерчулукка шектелип издөөдө жүргөн Тимур Оторбаев 22-май күнү кармалып, Биринчи Май райондук соттун чечими менен тергөө абагына камалды. Бул тууралуу атайын кызматтын пресс катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" үналгысына билдирди:
- Оторбаев 2010-жылкы окуялардан кийин Элдар Мадылбеков жана учурда издөөдө жүргөн Назаркулов аттуу жаран менен Бишкек шаарынын Киев көчөсүндөгү №74 имаратты мыйзамсыз басып алууга катышкан. Бул имарат Максим Бакиевге тиешелүү экени аныкталган. Мындан сырткары Оторбаев Бакиевдердин жакыны Алексей Елисеевдин батирин чакан жер тилкеси менен кошо өзүнө каттатып алган. Ошондой эле ал алдоо жолу менен борбор калаадагы имараттарды мыйзамсыз саткан.
Рахат Сулаймановдун маалыматы боюнча, Тимур Оторбаев мурда коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте иштеген. Андан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда абакта жаткан Садыр Жапаровдун жардамчысы болуп жүргөн. Жапаров 2013-жылы Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка байланыштуу күнөөлөнүп, ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.
Оторбаев менен чогуу Максим Бакиевдин үйүн ээлеп алган деп айтылып жаткан Элдар Мадылбеков 2012-жылы марордерчулук боюнча айыпталып кармалып, 2013-жылдын 25-июнунда документтерди жасаган, алдамчылык кылган деген айып менен тогуз жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк шаардык сот анын жаза мөөнөтүн үч эсе кыскарткан. Ал 2014-жылы түрмөдөгү үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Элдар Мадылбековдун аты быйыл Максим Бакиевге таандык 1 гектардан ашуун жери сатылып кеткени тууралуу чууда кайра аталган. Ал жерди 2,5 млн сомго сатып алганы белгилүү болгон. УКМК бул боюнча да иликтөө жүрүп жатканын маалымдоодо.
Мародерлукпу же рейдерликпи?
Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча алгачкы депутаттык комиссия 2012-жылы мародерчулук боюнча абакта отурган Абдулла Юсупов аттуу жарандын "атамекенчи" төрт депутатты айыптаган көрсөтмөсүнүн негизинде түзүлгөн. 2013-жылдын башында депутаттык комиссия талап-тоноочулукка Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн түз тиешеси бар деген корутунду чыгарган. Бирок бул корутундуга комиссия мүчөлөрүнүн жарымы макул болгон эмес.
Мародерчулук ишин иликтөө өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамилеси бузулганда кайрадан жанданган эле.
Өмүрбек Текебаев "Мегаком" боюнча пара алган деп айыпталып үстүбүздөгү жылдын 25-февралда камакка алынган. УКМК Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду 2010-жылы апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча айыптап 28-мартта камакка алган.
"Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов УКМКнын мародерчулукка байланыштуу ишти иликтөөсү коомчулукка жем таштоо болууда деп белгилейт. Ал ошондой эле бул ишти партия мүчөлөрүнө байлоо аракети деп сыпаттайт:
- Булар азыр рейдерлик менен мародерчулукту чаташтырып жатышат. Ошентсе да, укук коргоо органдарынын Бакиевдердин мүлктөрү кимдерге кеткенин иликтеп жатканы прецедент болуп жатканы жакшы болду. Анткени коомчулук талап кылып, иликтөөлөр уланат. Ал эми уланганда жакшылап, мыйзам боюнча иликтеп чукуса, көп нерсе чыгат. Килейген-килейген завод-фабрикалар, мейманканалар, миллиондорду чапчыган жер участоктору рейдерлик жол менен кимдерге кетип калганы чыгат. Жакшылап иликтесе, ал жерден "Ата Мекен" партиясынын эмес, башка саясий күчтөрдүн кулагы чыгат.
Бакиевдерге тиешелүү мүлктөрдүн кимдир бирөөлөрдүн ээлигине өтүп же жең ичинен сатылып кетүүсүнө мүлктөрдүн убагында улутташтырылбай калганы себеп. Мындай пикирин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев да "Азаттык" менен бөлүштү:
- Убактылуу өкмөт учурунда алты айлык мезгилде колго кирип, илинген бардык объекттерди улутташтырганбыз. Ошол иш андан ары улантылуусу керек эле. Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК ар бир мүлктү артынан түшүп таап, улутташтыруусу керек болчу. Убактылуу өкмөт тарап кеткенден кийин, бул ишти андан ары эч ким сүрөп, аракет кылган жок. Ошонун артынан мүлктөрдү жашырып калып, жең ичинен кымтып кетмейлер болуп жатат.
Апрель айында Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, апрель окуяларындагы мародерчулук, банк кутучуларын талап-тоноо, "Мегаком" жана башка улутташтырылган объекттер боюнча иликтөө жүргүзгөн. Жаңы комиссия 2012-2013-жылдары мародерчулук боюнча тергөө ишин ачыктан-ачык эле жаап коюу аракети болгон деген тыянак чыгарган.
Апрель окуясындагы мародерчулук боюнча ишти Башкы прокуратура иликтеп келген болсо, 16-марттан тарта ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы өз колуна алган.