Баткен: илимге, спортко чакырган имам
Баткендеги алыскы тоо арасындагы Кыштут айылынын имамы Мухиддин - аймактагы эң жаш дин кызматкери. Ал диний ишмердигинен тышкары бал челек кармап, эски унааларды оңдоп сатуу менен да алектенип изденген адам. Айрым дин кызматкерлеринен айырмаланып, ал жаштар билим алып, спорт менен машыгып, алдыга умтулууга үндөйт.