Азиза Абдрасулова: “Кылым шамынын” жамаатынын чечими менен чыгармачыл өргүүмдү чогуу алып жатам. Көп эле окуялар болбодубу, ошол боюнча жыйынтыктоочу иш жасайын деген ой менен азырынча мына ушундай эс алууга чыгып жатам.
Кыргызстанда болбойм. Анткени мен Кыргызстанда болсом күнүмдүк жумуш менен алек болуп эс албайм. Ошондуктан буга чейин баштап, анан бүтүрөйүн деген жумуштарды өзгөчө шартта иштөө керек. Ошондой бир шарт керек.
Өтө алыс болбойм, жакын эле жерде болом. Өтө көп убакытка кетпейм, тез эле келем. Ал жакка жолдошум, кызым, үй-бүлөм менен чогуу барам. Жолдошум аябай чарчады. Бир жылдан бери кан төгүлгөн окуяларда мени менен бирге канды кечип жүрдү десем болот. Кызым да бир жылдан бери ооруп жүрөт. Ошондуктан ден соолукту да карайбыз. Ошол эле убакытта үй-бүлөбүз менен эс алабыз.
“Азаттык”: Сиз чет жакта жыйынтыктоочу иштерди жасай турганыңызды айтып жатасыз. Кыргызстанда кооптуу жагдай жаралышы мүмкүнбү?
Абдрасулова: Жок, кеп коопсуздукта эмес. Кыргызстанда мени эч ким куугунтуктаган жок. Өмүрүмө эч кандай коркунуч жаралган жок. Жөн эле эл катары менин да эс алууга укугум бар. Ошол эле убакта мындай тынч жагдайда бир иштерди алып барууга укугум бар. Бул жерде “коркунуч болду, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатат” деген сыяктуу сөздөр болушу мүмкүн эмес. Көп деле эмес, Кыргызстанга бир-эки айдын ичинде кайра келем.
Чөнтөгүбүзгө, абалыбызга жараша дегендей эле ошол жакын эле жерде болобуз. Анан экинчи тарабынан түштүктөгү июнь окуяларына “Кылым шамы” уюму түздөн түз көзөмөл жүргүзгөнбүз. Коомдук комиссиянын курамында дагы бир топ материалдар бар. Ошолордун баарын жыйынтыктай турган бир убакыт бар. "Ана-мына" деп жүрө берген менен убакыт өтө берет экен.
Мына, улуттук комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарды. Кудай буйруса, жакында эл аралык комиссия өзүнүн жыйынтыгын чыгарат. Анан ошондой бир кыскача, жок дегенде тарыхтын алдында өзүбүздүн жыйынтыгыбызды чыгаралы деп ойлойм.
Чыгармачылык да унутта калбайт
“Азаттык”: Эмне үчүн чет мамлекетке барып, ошол жыйынтык иштериңиз менен алектенгени жатасыз?
Абдрасулова: Мен Кыргызстанда иштей албайм. Сендей журналисттер күнү-түнү тынбай телефон чалышат. Түрмөлөрдөн чалышат. Аларды уккандан кийин отуруп алып, оюңду бир жерге топтоп иштөө кыйын. Ошондуктан гана мындай тынч жайга барып иштеш керек деп чечтим. Ал менин чечимим.
“Азаттык”: Көптөн бери эс алууга чыга элексизби?
Абдрасулова: Мен акыркы жылы ушундай эмгек өргүүсүндө 1989-жылы чыккам. 22 жылдан бери эми биринчи жолу эс алууга чыгат экенмин.
“Азаттык”: Сиз эс алууда жеке чыгармачылык менен алектенем дедиңиз. Ошол туурасында айтып берсеңиз?
Абдрасулова: Менин жазып бүтүргөн повесттерим бар. Алар гезиттерге чыккан. Ырларым бар. Бир жагынан мен ошолордун баарын толуктап, жыйнак кылып даярдап койсомбу дейм. Чыгарайын деген оюм жок. Бирок бир жыйнак болуп калса, кийин өзүмдө мүмкүнчүлүк болбосо, балдарымда мүмкүнчүлүк болуп калса ошолорду чыгарып коюшаар деген үмүтүм бар.
“Азаттык”: Рахмат, жакшы эс алыңыз.