Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Жүрү ээрчишип баралы өрүкзарга


Баткенде бактын шагында кургаган «кандек» өрүк өзгөчө шириндиги жана ден-соолукка пайдалуу заттары менен кеңири таанымал. 5-6-апрелде өтчү "Өрүк гүлү" фестивалынын уюштуруучусу, "Био-Мурас" коомдук корунун директору Акылбек Касымов өрүктүн атактуу сортторун даярдоодо органикалык же химикатсыз технологияга басым жасалганы менен өрүктү кургатууда күкүрт колдонуу практикасы дагы деле бар экендигин мойнуна алды.

Акылбек Касымов: Биздин коомдук фонд Кыргызстандын салттуу билимдери, биомаданий мурастары жана агро-био түрдүүлүктү сактоо, жандандыруу боюнча иш аракеттерди жүргүзүп жатат. Азыркы күндө Баткен өрөөнү ар түрдүү, өзгөчө даамдуу, таттуу өрүгү менен таанымал. Өрүктү өстүрүп, кайра иштетүүдө элдик ыкмаларды өркүндөтүп, медициналык жана азыктуулук жагынан адамдардын ден-соолугу үчүн жагымдуу болгондуктан, өрүктү эл аралык базарда таанытып, өрүк өстүргөн багбандардын эмгегине жараша киреше алышына көмөк көрсөтүү үчүн иш жүргүзүп жатабыз.

Өрүкзарга баралы
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:14 0:00
Түз линк
Жаңыл Жусупжан: Өрүкзарлуу Баткенде өрүктүн “кандек” деген түрү бар экенин билебиз. Дагы кандай түрлөрү бар?

Акылбек Касымов: Биз долбоордун алкагында изилдөө жүргүзгөндө он бештен ашык өрүктүн сортторун жана түрлөрүн таптык. Былтыр жайында биздин кызматкерлер менен Москванын окумуштуулары келип, изилдөөлөрдү жүргүзүп, өрүктүн жыйырмага жакын сорттору менен түрлөрүн аныкташты. Самаркандектен тышкары ал жерде ак өрүк, курмайи, дагы көп-көп түрлөрү өстүрүлүп жатат. Биз элдик билимди жана салтуу тажрыйбаны жандандыруу үчүн Самаркандек айыл өкмөтүнүн алкагында өрүк гүлдөгөн учурда “Өрүк гүлү” деген жылдык фестиваль өткөрүп жүрөбүз. Быйыл кудай буйруса үчүнчү жолку өтө турган “Өрүк гүлү” фестивалин 5-6 апрелге пландап, даярдык көрүү менен алектенип жатабыз. Азыр эл аралык масштабга чыктык деп айтсак болот, анткени коңшулаш Тажикстандан да келип катышып жатат. Мурунку биринчи, экинчи фестивалга бирден окумуштуу келип катышса, бул жолку үчүнчү фестивалга (чет өлкөлөрдөн) ондой киши келгени турат. Негизги максатыбыз “Өрүк гүлү” фестивалы бир аянтча болуп, ошол жерде өрүк, биомаданий мурастар менен байланышкан элдик, салттык тажрыйба билимдерди сактап, жаштарга өткөрүп берип, андан ары өздөштүрүү жана ошондой эле эки коңшулаш элдин ортосундагы достукту күчөтүү максатында өткөрүп жатабыз. Биздин долбоор Самаркандек деген айыл өкмөтүндө жүргүзүлүп жатат.
Баткенде өрүк гүлдөдү (Жеңиш Айдаровдун сүрөт композициясы)



Жаңыл Жусупжан: Тоолуктар мынча малым бар дейт эмеспи, ал эми Баткенде мынча түп өрүгүм бар деп айтышса керек?

Акылбек Касымов: Өрүк ар бир үйдө, ар бир короодо бар, андан тышкары талааларда өстүрүп жатышат. Азыр Самаркандек өрүгү өскөн Баткен өрөөнүндө суу тартыш, ошого карабастан талаада өстүрүп, кол менен сугарып жатышат. Биз заманбап бүркүп сугаруу технологияларын, жөнөкөйлөштүрүлгөн моделдерин Тажикстандан үйрөнүп келип, жайылтып жатабыз. Бардыгында аз дегенде төрт, беш сорттогу өрүк бар. Өрүкзар гүлдөгөн учурда өзгөчө кооздугу менен сонун көрүнөт. Биз ошол кооздукту дагы көрсөтөлү дегенбиз. Биринчи фестиваль башталганда айылдыктар өздөрү “биз арасында жүрүп, ушундай кооздугуна көңүл бурбаптырбыз” деп айтышты. Мурунку биринчи, экинчи фестивалдарыбызды бир күндөн өткөрсөк, бул жолу эки күн өткөрөбүз. Өрүктүн ооруларына жана зыянкечтерине каршы элдик ыкма менен илимий жолдорду биргелештирген окууларды үйрөтүп жатабыз. Эл суранганынан марттын 14-15 теринде өткөрүп келдик.

Жаңыл Жусупжан: Өрүккө уу (пестицит) сепкендин ордуна элдик ыкмаларды колдонсо болот бекен?

Акылбек Касымов: Азыр адистерибиздин кеңеши менен пестицит же химиялык заттарды эмес, биологиялык дарыны колдонуп, андан тышкары орусча айтканда "ловушка" деп коет, мата ороп, ошол жерге личинка-курттарды чогултуп, анан тазалап, өрттөгөн элдик ыкмаларды жайылтсак дейбиз. Тажикстандан адистерди чакырдык, алар биздин фестивалга келишет, аларга да жолукса болот.

Жаңыл Жусупжан: Кандек дегенде иттин түрүн түшүнөбүз. "Кандек" өрүктүн ошол сөзгө байланышы барбы же Самарканд менен байланышы болушу мүмкүнбү?

Акылбек Касымов: Бул жерде Самарканд менен эч кандай байланыштыгы жок чынын айтканда. Самаркандек деген элдин уламышы: Самар деген киши кандек деген өрүктү өстүргөн. Ошол өрүктү айтышкан, “бул эмне өрүк десе?”, "кандек" деп айтышчу экен. Самардын кандеги, Самардын өрүгү деп жүрүшүп, Самаркандеке айланып кеткен дешет. Бул өрүктүн сортунун аталышы бизге да кызыктуу болуп жаткан. Азыр бул иш-аракетке мектеп окуучуларын тартканбыз. Алар уламыштарды, эл ичинде айтылып жүргөн тарыхый баяндарды жыйнашат. Самаркандек айыл өкмөтүндө үч мектеп, бир кесиптик лицейдин окуучулары театрлаштырылган оюндарды да коюшат, муну фестивалда көрсөтөбүз.

Жаңыл Жусупжан: Самаркандек өрүгүн шоколад деп койсо болбойбу? Анткени бул өрүк кургагандан кийин шоколадка окшоп кытырап турат, анан таттуу.

Акылбек Касымов: Ооба, шоколад деген сөзүңүз жакшы, айылдыктардын өздөрү "сникерс" деп айтышат. Таттуулугу боюнча сиз айткандай шоколаддай же андан өтүп кетет. Ошондуктан эң эле жакшы көргөнүн "сникерс" деп атап коюшкан.
Баткенде сары кыздын тою (Жеңиш Айдаровдун сүрөт композициясы)



Жаңыл Жусупжан: Чындап айтканда кандек өрүк шагында кургагандан кийин жыйнап алат экенсиңер. Эмгеги бар деңизчи, аны сугарыш керек, багыш керек. Бирок базарга алып чыгаарда күкүрт менен ыштап коет деп айтышат, ышталган өрүк ден-соолукка жакшы болбосо керек. Өрүктүн ышталбаганын кантип билсе болот?

Акылбек Касымов: Ышталган өрүк көргөндө дароо эле байкалат. Ышталганы жалтырап, кыпкызыл болсо ышталбаганы бозомтук тартып турат. Биздин максатыбыз таза, табигый органикалык жол менен иштетүүнү колдоп жатабыз. 2012-жылы Италиядагы Турин шаарында болгон эл аралык Slow Food уюму уюштурган көргөзмөгө Баткендин Самаркандек, курами кургатылган өрүгүн алып бардык. Ал жерде ышталбаган өрүктөр көрсөтүлдү. Айыл ичине келгендер ышталбаганын алып калышат, сатуучулар ышталганын сатышат. Ыштаганда, биринчиден, кызарып, өрүктүн өңу ачылат. Экинчиден узагыраак сакталат, курт кумурска түшпөйт. Бирок азыр элдин арасында ышталбаганга көбүрөөк басым салып калышты, анткени ошого суроо-талап өсүп жатат. Алуучулар дагы, бала-бакырасына алгандар ышталбаган өрүк алабыз дешет. Биз өзүбүз дагы ыштылбаганын алабыз. Базардан деле кардарлар ышталган же ышталбаганын сатуучулардан тактап сурап, анан алышат.

Жаңыл Жусупжан: 5-6-апрелде Фестивалды көрөлү, айтылуу өрүктү жейли дегендер бул айылды кантип табат? Кантип жетсе болот?

Акылбек Касымов: Биз маалыматты интернет ресурстарыбыз менен өнөктөштөрүбүз аркылуу болушунча тараттык. Эгер кызыккандар болсо Самаркандек айылын баары эле билишет. Баткен шаарына келип, Самаркандекке жолду сураса эле көрсөтүп беришет. Баткен шаарынан Самаркандек айылына чейин айланма жол менен барганда 45-50 чакырымдай болуп калат. Маршрутка бар, такси деле анча кымбат эмес, атайын жүргөн унаалар бар.

Жаңыл Жусупжан: Майрам кут болсун, түшүм көп болсун!

Акылбек Касымов: Рахмат! Саламатта болуңуз!

XS
SM
MD
LG