Кыргызстандагы жалгыз мамлекеттик "Эйр Кыргызстан" авиа компаниясынын кейиштүү абалы акыркы жылдары көп эле талкууга түшкөн. Маселени чечиш үчүн буга чейин авиакомпаниянын акцияларынын 49 пайызы сатыкка чыгарылган.
2-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде болгон жыйында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев "Эйр Кыргызстан" компаниясынын кырдаалын "татааал" деп мүнөздөп, акыркы беш жылда экономикалык көрсөткүчтөр кескин төмөндөгөнүн баса белгиледи:
Мындан мамлекеттик дивиденд да ала элекпиз. План 65% гана аткарылды.
- 2017-жылга карата финансылык чарба ишмердүүлүгү боюнча таза пайда 10 млн. 644 миң сом, аткарылышы 7 млн. сом болду. Мындан мамлекеттик дивиденд да ала элекпиз. План 65% гана аткарылды. Алынган кирешеге карабай "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын абалы абдан оор. Активдери азыркы тапта 639 млн. 872 миң сом, насыя карыздары 302 млн. 602 миң сом. Жалпы чыгымдары 30 млн., дебитордук карыздары 13 млн. 826 миң сомду түздү.
Тулебердиев даярдаган баяндамага караганда, “Эйр Кыргызстандын” карамагында төрт учак бар. Алардын бири Румынияда субарендада, калган үчөө жарактан чыгып, ушул жылдын январь айынан тартып компания жүргүнчүлөрдү ташыбай калган. Каржылык оор абалдан улам компания кызматкерлерине айлык бере албай, бир тобун кыскарткан.
Тулебердиев компанияны мындай абалга "Эйр Кыргызстандын" мурдагы ээси "Кыргызалтынга" болгон 94 миллион сомдон ашык карызын төлөгөнү жана жеке менчик авиакомпанияларга туруштук бере албаганы кириптер кылганын белгиледи. Ал маселенин чечүүнүн жолун компанияны менчиктештирүүдөн көрөт:
- 2015-2017 жылы компания 51% менен менчиктештирүү программасына кирген. Араб, корей, кытай компаниялары менен жолугушуулар болду, бирок майнап чыккан жок. Ушул тапта кайрадан менчиктештирүү программасына киргизилди. Долбоордо 75% деп турат. Ишенимдүү башкарууга берүү боюнча май айында мыйзам кабыл алганбыз, ушул жолду тандап, башка мамлекеттик ишканалар менен авиа компанияны да берели деп жатабыз. Эгер 75% сатыкка коюлса, 25% биздики болот. Бирок бул азырынча белгисиз. Түшкөн акча карыздарды жапканга, учактарды оңдогонго жумшалат. Лизингдден дагы бир учак алып, үч аба кемеси менен иш баштаганга мүмкүнчүлүк болот.
"Эйр Кыргызстанды" 2010-жылдан бери жетектеп келаткан Жолдошбек Бектурганов компания адегенде эле карыз абалда түзүлгөнүн айтып, "Эйр Кыргызстан" банкрот абалга мурда эле жеткенин түшүндүрдү:
- Карыз абалында түзүлүп калган. "Кыргызалтын" компаниясынын активинде түзүлгөн компания 2005-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берилип калган. Менимче, ошондо эле "Кыргызалтында" калганда мындай абал түзүлмөк эмес. Ошондо карыз төлөп соттошуп жүргөндө банкрот болгонбуз. Бир катар чет өлкөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок алар башкаруу пакеттерин көп сурап жатышат. Ал эми Кыргызстандын Аба кодексине ылайык акциялардын 49% ашык бөлүгүн чет өлкөлүк компанияга берүүгө болбойт.
Деген менен, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев компаниянын жетекчисинин ишин сынга алды. Ал сөз болуп жаткан ишкананын абалын коңшулаш өлкөлөрдөгү ушундай багыттагы авиакомпаниялардын иши менен салыштырды:
- Бул мамлекеттик жалгыз компания. Мисалы, Казакстанда "Казак Эйр", Өзбекстанда "Өзбек Эйр" кандай гана гүлдөгөн компаниялар! Силер компания "өлүп" калгычакты эмне себептен күтүп отурдуңар? Эмне себептен каттамдарды колдонуп, иштебеген жетекчини кызматтан алган жоксуңар? Ошол эле Орус-кыргыз фондунан каражат сурап, лизингге учак алган жоксуңар!
Талкуу учурунда маселени чет мамлекеттердин аркасы менен чечүүнү туура көргөндөр да чыкты. Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Адыл Жунус уулу маселени чечүү үчүн "Эйр Кыргызстанды" Кытайга берүүнү сунуш кылды:
- "Эйр Кыргызстандын" коопсуз уча ала турган учагы жок экен. Менин угушумча, Кытайда кызыгуу бар экен. Ушуну Кытайдын компанияларына бербейлиби? Азыр Кытайдын көп компанияларында учактары ашып-ташып жатыптыр. Эгер Кытайдын компаниясы сатып алса, "бул жакка үч же беш жылдын ичинде 12 учак алып келебиз" деген маалымат бар экен да. Эң жакшы болгон 2012-жылы 35 миллион сом киреше тааптыр. Бул бир ресторан же ишкананын эле кирешеси. Бул "Эйр Кыргызстандай" компания үчүн уят.
Кыргызстандын транспорт министри Жамшитбек Калилов учурда кытайлык компаниялар аталган компанияга кызыгып жатканын ырастады. Бирок "Эйр Кыргызстанда" иштеген адамдардын айлыгын төлөй албагандан кийин, "муну сатабыз" деген чечим деле күмөн жаратарына токтолду:
- Эки жылдан бери компанияны чет өлкөлүк компанияларга сатуу боюнча иш-аракеттер жүрдү, бирок майнап чыккан жок. Эми азыркы ушундай абалда аны бирөө алабы, белгисиз. Бул жерде менежерлик жактан иш чабал жүргөн. Авиация тармагында бир топ жыл иштеп, "компания банкрот болгондон улам айлык төлөбөй коюшту" деп жумушчулар келишти. Биз каттамдардын бир тобун кармап отуруп, айрымдарын ала баштадык. Аларды албасак мамлекетке акча түшпөйт, каттамдары жок авиакомпания эч кимге кызыксыз. Урматтуу депутаттар, ушул маселени чечпесек ал өзү чечилбейт.
Жогорку Кеңештин тармактык комитети "Эйр Кыргызстан" компаниясына байланышкан маселени талкуулоо менен чектелип, кандайдыр чечим кабыл алган жок.
Кыргыз өкмөтү ушу тапта “Ачык асман” долбоорун жандандырып, жүзөгө ашырууга умтулууда. Жергиликтүү авиакомпаниялар "бул долбоор ишке кирсе банкрот болобуз" деп кооптонуп жатышат. Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши сапарга аттанат.