Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

ЖЭБ сотунда өкүм дээрлик өзгөргөн жок


ЖЭБ боюнча айыпталгандар.
ЖЭБ боюнча айыпталгандар.

Бишкек шаардык соту Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу райондук соттун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Соттолуучулардын баарынын өкүмү ошол бойдон калды, болгону «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиевдин абак мөөнөтү бир жылга кыскартылып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин мүлкү камоодон чыгарылмай болду.

Эми соттолуучулардын акыркы үмүтү Жогорку сотто калды. Замир Жоошев бул чечимге каршы даттануу маселеси айыпталуучулар менен сүйлөшүүдөн кийин чечилерин билдирди.

Ишти судья Ирина Воронцова жетектеген сот тобу карады.

Айыпталуучулар «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке 111 млн. доллар зыян келтирилген» деп күнөөлөнүп жатат. Бирок мына ушул 111 млн. доллар боюнча сотто кылдат териштирүү болбогонун айыпталуучулар менен алардын адвокаттары сот иштери башталгандан бери эле айтып келатат.

ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу 2018-жылы Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлүп, үч айдан ашык иликтөө жүргүзгөн. Аталган комиссиянын мүчөсү Искак Масалиев буларга токтолду:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Депутаттык комиссия чыгарган жыйынтыкты дагы бир жолу эске салайын. Биз негизи ЖЭБ керек деп айтканбыз. Насыя алганыбыз да туура эле. Бирок ал ишке ашканда бир топ суроолорго жаратты. Биз «ушуларды тактап, иликтеп туруп жоопко тарткыла» деп жыйынтык чыгарганбыз. Ал эми кийин ал кандай ишке ашты - аны айта албайбыз. Азыр болсо «мамлекетке баланча миллион доллар зыян келтирген» деп жатышат. Ал кантип эсептелди? Кытайга барып баасын билип келиштиби? Мына ушул суроолор жоопсуз калды. Менин билишимче мындай иликтөөлөр толук болгон эмес».

Сот ишти толук караганга жетишкен жок деген ойдо тургандардын арасында саясат талдоочу Эмил Жороев да бар. Ал сот чечимдери өтө эле катаал болуп калганын айтты:

«Толук соттук териштирүү, кайра карап чыгуу иштеринде суроолор ачык бойдон калды. Биринчи инстанция бул иштин толук жагдайларын эске алууга жетишкен эмес. Мына ушундай сапатта алып барган сот отуруму өтө катаал чечим кабыл алган болчу. Эми шаардык сот аны кайра карап чыгууга барган жок деп ойлойм».

Анткен менен прокуратура айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденди деп эсептейт. Ошондой эле соттук иштин алкагында мамлекеттик айыптоонун жана жактоочулардын 90дон ашык күбөсү көрсөтмө бергенин, ишти кароодо шектүүлөрдүн адвокаттары келтирген өтүнүчтөр боюнча сот тарабынан убагында мыйзамдуу чечимдер кабыл алынып турганын жарыялады.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов экспертизанын жыйынтыктарына таянып, жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эң жогорку баалар менен эсептеп чыкканда ЖЭБди модернизациялоо 275 млн. долларды гана түзгөнүн айткан. Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 млн. долларга бааланганын эске салган.

2019-жылдын декабрында Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Муну менен кошо экинчи даражадагы «Манас» ордени алынган. Камактагы жаза мөөнөтү 2018-жылдын июнь айынан тарта эсептелет деп чеилген. Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган. Камактагы жаза мөөнөтү 2018-жылдын апрель айынан баштап эсептелери жарыяланган.

Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга кесилген. Анын жаза мөөнөтү 2018-жылдын июнь айынан тартып саналат. «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген. Анын да жаза мөөнөтү былтыркы жылдын апрель айынан тартып эсептелет.

Калган айыпталуучулар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнү үчүн жана чыгымды төлөп бергени үчүн бошотулган.

Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынган.

Буга чейин мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин туугандары Кытайдын насыясын жабыш үчүн мамлекеттин эсебине 100 млн. сом акча которгону сотто белгилүү болгон. Анын адвокаты Асел Рысбаева бул акчаны которуу насыяны төлөөгө көмөктөшүү экенин айтып, аны айыпты моюнга алуу катары кароого мүмкүн эмес экенин айткан.

Райондук судья «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду да күнөөлүү деп таап, аларга 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеген. Бирок тергөө абагында отурган убакытты эске алып, аларды сот залынан бошоткон.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG