Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:22

Бишкекте жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кетти (видео)


Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршына» чыккандарды милиция кармап кетти. Алар жүрүштү баштоо үчүн саат 12:00дө Жеңиш аянтына чогулушкан.

Алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар экени кабарланды.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата белгиленген жүрүштө аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылмак. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткан.


Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө өтүнүчүнө ылайык кабыл алынган.

Бирок Бишкек мэри Азиз Суракматов коомчулуктун пикирин эске алып, борбор калаанын айрым райондорунда тынч жыйындарга тыюу салуу чечимине каршы экенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG