Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:40
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.
Жогорку соттун алдына митингге чыккандар. 1-сентябрь.

Жогорку сот «Кыргызстандын» пайдасына чечим чыгарды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызын кароо боюнча сот жараяны 1-сентябрда саат 16:00дө башталды.

10:21 28.8.2020

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек административдик сотунун “Кыргызстан” партиясы боюнча чечиминин үстүнөн Жогорку сотко арыздануу маселесин талкуулоо үчүн жыйынга чогулат. 27-августта административдик сот “Кыргызстан” партиясынын шайлоого катышуу боюнча арызын канааттандырган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек административдик сотунун “Кыргызстан” партиясы боюнча чечиминин үстүнөн Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылуу маселеси боюнча чечим кабыл ала элек.

Аталган комиссиянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Адилет Шаршеналы уулунун айтымында, бул маселени талкуулоо үчүн 28-августта БШК мүчөлөрү жыйынга чогулганы турат.

«БШК коллегиалдуу орган болгондуктан 28-августта жыйынга чогулат. Ал жыйында кеңешип, бул маселе боюнча чечим кабыл алат. Ошондо позиция так билинет», - деди Шаршеналы уулу.

Мындай жол менен “Кыргызстан” партиясынын 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого катышуудан четтетүү маселеси боюнча соттук талаадагы күрөш уланары же уланбай турганы белгилүү болот.

Парламенттик шайлоо алдындагы эң чуулуу окуяга айланган БШК менен "Кыргызстан" партиясынын ортосундагы талаш боюнча 27-августта Бишкектин административдик соту чечим кабыл алган.

Анда сот “Кыргызстан” партиясынын арызын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын аталган партияны шайлоодон четтетүү боюнча чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Ишти административдик соттун судьясы Чолпон Досмамбетова карады. Беш саатка созулган жараян аталган партияны колдогон жана каршы митингдер менен коштолду. Сот имаратынын алдында “Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери БШКнын буга чейин чечимин жокко чыгарууну талап кылып чогулса, “Бир Бол”, “Ата Мекен”, “Чоң казат”, “Реформа” сыяктуу партиялар жана бир нече коомдук уюмдун өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын чечимин колдоо үчүн келишти.

Териштирүү жүрүшүндө "Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрү эки өтүнүчтү сотко жолдошкон. Биринчиси - БШКнын аталган партия боюнча 25-августтагы чечимин жокко чыгаруу. Экинчиси - БШКга өз партиясын шайлоого катышуу үчүн документтерди кабыл алууну милдеттендирүү талабы. Бирок судьянын бул талап мыйзамга шайкеш келбейт деген түшүндүрмөсүнөн соң андан баш тартышты.

Ачык өтөрү айтылганы менен соттун чечимин жарыялоого журналисттер киргизилген жок.

Соттун партиянын пайдасына чыгарган чечимин журналисттерге “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, парламент депутаты Талант Мамытов жарыялады.

Талант Мамытов
Талант Мамытов

«Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. Бишкектин административдик соту адилеттүү жана мыйзамга туура келген чечим чыгарды. Биздин өлкө укуктук жана адам укугун сыйлаган өлкө деп ачык айта алабыз».

Бирок БШКнын административдик соттун чечиминин үстүнөн Жогорку сотко кайрылууга укугу бар. Эгер андай арыз жолдонсо, эң жогорку инстанциядагы сот ишти эки күн аралыгында карап, бул талашка чекит коюшу керек.

Аталган органдын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Бишкек административдик сотунун чечимине нааразы экенин жашырган эмес.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

«Кечээги отурумда негиздер, далилдердин баарын келтиргенбиз. Анын жыйынтыгында БШК акыркы чечимди кабыл алган. Биздин мекеме коллегиалдуу орган. Бирок менин жеке оюм боюнча биз Жогорку сотко арызданышыбыз керек».

Административдик соттун чечимине сот имаратынын алдында беш сааттан ашык акция өткөргөн айрым саясий партиялардын өкүлдөрү нааразы болду.

Маселен, “Ата Мекен” партиясынын атынан шайлоого аттанып жаткан Тилек Токтогазиев сот БШКнын мыйзамдуу чечимин кыска кызыкчылык үчүн четке какты деген пикирде.

«Мыйзамда “эгер партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү документти алып келбесе, катталбайт деп ачык-айкын жазылып турат. “Кыргызстан” партиясы бул талапты аткарган жок. Аларда муну тастыктаган документ да жок. Соттун акыркы чечими абдан туура эмес болуп калды».

Токтогазиев нааразыларды БШКнын алдына мөөнөтсүз митингге чыгууга чакырды. Ал шайлоо комиссиясын Жогорку сотко кайрылууга үндөп, эгер андай кадамга барбаса, нааразылык акциясын уюштуруу зарылдыгын айтууда.

25-августта БШК «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Ага партиянын документ тапшыруу жараянында эреже бузганы негиз болгону кабарланган.

БШКнын маалыматы боюнча, «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу боюнча документтерин атайын өкүл аркылуу эмес, башка адамдан берип жиберген.

Ага чейин бул партия шайлоого катышуу жөнүндө документтерин кечигип бергени айтылып, бир катар партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү «Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүнү талап кылышкан.

Мындай чечимди мыйзамсыз жана башка күчтөрдүн басым астында кабыл алынды деген “Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү сотко кайрылган.

«Кыргызстан» партиясын каттоодо чыр чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:34 0:00

15:04 1.9.2020

«Кыргызстан» партиясы боюнча БШКнын доо арызы Жогорку сотто каралууда. Ал арада сыртта партиянын атаандаштары, тарапташтары митинг өткөрүп жатышат.

15:05 1.9.2020

«Көчмөн Номад» коомдук фонду «Кыргызстан» саясий партиясына каршы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалымат фонддон алынды.

БШКга берилген арызда «Кыргызстан» партиясы шайлоого тиешелүү документтерди жана талапкерлердин тизмесин мыйзамда белгиленген убакта жана партиянын Боршайкомдогу өкүлү тапшырбаганы жазылган.

Коомдук фонд ушундан улам сөз болуп жаткан саясий уюмдун шайлоого катышуусуна уруксат берилбеши керек деп эсептейт. Арызда партиянын документтерин «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештеги катчылыгынын кызматкери Аманкул Токтогулов деген адам тапшырганы, бул шайлоодо административдик ресурсту колдонуу деп бааланары жазылган.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев буга чейин партиянын документтерин анын БШКдагы өкүлү Элвира Абелдиева эмес, фракциянын Жогорку Кеңештеги катчылыгында иштеген адам тапшырганын айткан. Исаев ал Боршайкомго ишеним кат менен барганын жана партиянын шайлоо штабында иштеп жатканын билдирген.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотко кайрылган. Аталган сот 27-августта партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызы 1-сентябрда каралып жатат.

15:11 1.9.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG