Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:40

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

13:38 10.1.2021

13:41 10.1.2021

13:54 10.1.2021

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылында үч жыл мурун өлгөн аялдын аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде илинип турат. №2385 тилкесинде маркум Айгүл Абдибахап кызы тизмеге кошулганы тууралуу айыл башчы Замирбек Масиркулов "Азаттыктын" кабарчысына төмөнкүчө маалымат берди:

"Биз бул жаран каза болгондон кийин айыл өкмөттүн каттоосунан чыгарганбыз. Бирок шайлоочулардын тизмесине кошулуп турат. Бул боюнча борбордогу Мамлекеттик каттоо кызматы жооп берет".

Аталган айылда 213 шайлоочу бар. Кыштакка 2020-жылдын сентябрында биринчи жолу жарык берилген. Кыргызстанда буга чейинки шайлоолордо да көз жумган кишилердин аты-жөнү тизмеге кошулуп, добуш берүүгө чакыруу келген учурлар болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматы кээде техникалык мүчүлүштүктөн улам ушундай маселе жаралып калышы ыктымалдыгын билдирген.

Ал эми Ысык-Көлдүн Түп айылында бир шайлоочу үгүт материалы менен добуш берүү тилкесине киргени аныкталды. Бул тууралуу №3064 добушкананын байкоочусу участканын төрагасына кайрылды.

Аты-жөнүн атагысы келбеген байкоочунун айтымында, факты түшкө жакын катталган.

"Мыйзам боюнча, шайлоочу добуш берүү тилкесине талапкерлерди үгүттөй турган бир да материал алып келбеши керек",-деди ал.

Түп райондук шайлоо комиссиясынын төрайымы Тинатин Алмабекованын айтымында, №3064 шайлоо тилкесине үгүт материалын алып кирген факты боюнча шайлоо тилкедеги төрт кызматкерден түшүнүк кат алынды.

"Бул фактыны атайын комиссия текшерип, чечим чыгат", - деди ал.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Саат 12:00гө карата президенттик шайлоого жарандардын 9,28% (330 609 адам) катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 9,23% (329 049 адам) түздү.

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.

13:55 10.1.2021

Ош шаарында саат 12:00гө чейинки эсеп боюнча добуш бергендердин жалпы саны 21 миңден ашты. Бул шаардагы жалпы шайлоочулардын 14 пайызын түзөт. Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Мындан сырткары Ош шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаевдин маалыматына ылайык, күндүн сууктугуна байланыштуу 16 шайлоо участогунда үкөк иштебей калган. Алардын айрымдары алмаштырылса, айрымдары кайрадан калыбына келтирилген.

БШКнын расмий сайты өлкө боюнча 330 миң киши добуш бергенин жазды. Шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллиондон ашуун.

Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашып, алар 87 шайлоо участкасында добуш беришет.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG