Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 9-январда эртең менен саат 8:00дө башталды.
Бул убакыттан тарта президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш. «Жымжырттык күнүндө» эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет. Аларды алып салуу жөнүндө талап жок.
Буга чейин БШК президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум өнөктүгү учурунда мыйзам бузуу үчүн 10 адамга жалпы суммасы 55 500 сомдук жаза айып салынган.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы маалымдады.
Шайлоо мыйзамдарын бузган 10 адамдын ичинде президенттикке айрым талапкерлер, талапкерлердин штаб башчылары, үгүтчүлөрү жана башкалар бар. Жаза айып салынгандардын басымдуу бөлүгү үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзгөнү үчүн айыпталган. Мындан тышкары үгүт иштерине жашы жете элек балдарды тартканы үчүн да бир талапкердин аймактагы шайлоо штабынын башчысына жаза айып салынды.
Талапкерлерге шайлоого катышуучуларга тең катышууга мүмкүнчүлүк бербегени үчүн Коомдук телеканалдын башкы директору Бахтияр Алиевге карата Кодекстин 42-беренеси («Шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузуу») боюнча иш каралып, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот. Шайлоо менен кошо Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум да болот. Референдумда мамлекеттик башкаруунун: президенттик, парламенттик түрлөрү, ошондой эле бардыгына каршы түрү жарандардын тандоосуна коюлат.
Президенттик шайлоого 17 талапкер ат салышууда. Шайлоого жана референдумга үгүт иштери 15-декабрда башталган.
Кыргызстанда шайлоо участкаларына келе албаган жарандар 9-январда жараянга катышып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, мындай тартип менен добуш берүү үчүн 21 360 адам арыз тапшырган.
Саламаттыгы начар жана майыптыгы бар адамдар, ооруканада жаткан бейтаптар, абакта отургандар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого бир күн мурда көчмө урна аркылуу добуш беришет.
Баткен облусунда ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкасына бара албай турган 883 жаран жарандык милдетин аткарууда. Облуста шайлоочулардын жалпы саны - 297 миң 264тү түздү. Ошондой эле 217 шайлоо участкасы даярдалды.
Жалал-Абад облусунда 449 шайлоо тилкеси бар. Шайлоочулардын жалпы саны 666 миң 556. Алардын 2 811и шайлоого алдын ала катышуу үчүн арыз берген.
Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Президенттик жарышка адегенде 18 талапкер чыккан, анын бири талапкерлигин алып салып 17си калды. 9-январда жымжырттык күнү башталды. Бул убакыттан тарта президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер үгүт иштерин токтотууга тийиш.
Шайлоо жана референдумга байланыштуу баш-аягы 2 394 шайлоо участогу ачылды. Алардын ичинен 48и чет мамлекеттерде. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, шайлоочулардын соңку тизмеси 3 563 574 болду.
Талас шаарындагы шайлоого даярдык
Ички иштер министрлиги (ИИМ) сөз эркиндиги демократиялык мамлекеттин
ажырагыс бир бөлүгү экенин билдирди. Бул тууралуу 9-январда мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратып, тоз-тополоңдо укук коргоо органдары журналисттердин ишине тоскоолдук жаратпай турганын жана журналисттер өздөрү да коопсуздугуна көңүл бурушу зарыл экенин эске салды.
ИИМ журналисттин уруксат берилбеген иш-чараларды чагылдырууга укугу бар экенин, алар митингдерде өздөрүнүн жанына кызматтык күбөлүк, бейджик, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша прессаны аныктай турган белгилерди: баш кийим, прессага тиешелүүлүгүн аныктаган жазуусу бар жилет алып жүрүшү керектигин кабарлады.
«Практика көрсөткөндөй, журналисттер коопсуздук үчүн коргонуучу жабдыктар, кандайдыр бир ЖМКнын өкүлү катары аныктоого мүмкүн болгон сырткы белгилер менен камсыздалышы керек», - деп айтылат маалыматта.
Жарандардын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын бузуу, анын намысына жана аброюна шек келтирүү, коркутуу, өмүрүнө, ден соолугуна жана кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан мүлкүнө кол салуу үчүн мыйзамда жоопкерчилик каралганы эскертилди.