Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:21

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

14:22 10.1.2021

Кыргызстанда добуш берүү тилкесине келүүгө мүмкүнчүлүгү жок 18 605 жаран 9-январда шайлоодон тышкары аймактарда, көчмө урна аркылуу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады.

Шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү үчүн 21 433 жаран кайрылган. Аларга участкалык шайлоо комиссияларынын адистери көчмө урна менен барышкан. Арыз жазгандардын 2828и добуш берген эмес, алардын 1008и көрсөтүлгөн даректе жок болсо, башкалары түрдүү себептерден улам добуш берген эмес.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, саламаттыгына, каттоосуна байланыштуу шайлоо тилкесине келе албагандар, камактагылар арыз жазып, көчмө урна аркылуу алдын ала добуш беришет.

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.

Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.

БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Ал эми референдумда жарандар мамлекеттик башкаруунун "парламенттик", "президенттик" формаларынын бири тандашы же болбосо "баарына каршы" добуш бериши керек. Шайлоо үчүн өзүнчө, референдум үчүн өзүнчө бюллетень берилет.

14:56 10.1.2021

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Ош шаарында шайлоого байкоо салып жүргөн ишенимдүү өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева, добуш сатып алуу жана спортчулар басым тууралуу билдирди. Анын айтымында, Азамат Толонов аттуу жаран спортчу балдар менен жергиликтүү тургундарга кысым кылган.

«Мен шаардын чыгыш тарабында жайгашкан №5551 шайлоо участкасында добуш сатып алуу жөнүндө угуп келдим. Бул жерде машине менен келип акча таратып жаткан экен. Тилекке каршы биз кеч калып келдик. Кайсы бир спорттун түрүндөгү федерацияны жетектеген Азамат Толонов өзүнүн достору, спортчулары менен жашоочуларга басым кылып жатыптыр. Кайсы талапкердин таламын талашып жатканын аныктай албадык. Биз келгенден кийин жоголуп кетишти».

Толоновдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Интернеттеги ачык булактар аркылуу ал грепплинг федерациясынын Оштогу өкүлү экенин аныктай алдык. Андан сырткары 2020-жылы Ош шаардык кеңешине депутаттыкка «Биримдик» партиясынан №2 болуп талапкерлигин көрсөткөн.

15:14 10.1.2021

Ош шаарында шайлоо участогунан тышкары күн мурун добуш берүүдө мыйзамсыз аракеттери үчүн төрт участоктун добуштары жокко чыгарылды. Бул боюнча «Азаттыкка» аймактык комиссиянын төрагасы Эралы Арынбаев билдирди.

«Төрт участоктон сыртта добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жалпы канча добуш жокко чыгарылганы эсептеле элек», - деди Арынбаев.

Ош шаарында күн мурунтан шайлоо участогунан тышкары добуш берүүгө 4535 шайлоочу арыз менен кайрылса, алардын 3,5 миңи добуш берген. Бир нече мыйзам бузуу катталып, териштирүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

9-январда Ош шаарындагы №5295 шайлоо участогунда көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу тасма тараган. Аймактык шайлоо комиссиясы «Азаттыкка» мыйзам бузуу териштирилип жатканын кабарлаган.

15:47 10.1.2021
Мыйзам бузуулар жана соцтармактагы пикирлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG