Президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга карата Түркияда Анкара шаарындагы элчиликтин жана Стамбулдагы башкы консулдуктун имараттарында шайлоо тилкелери ачылды. Бул тилкелерде Түркияда жашаган жана каттоодон өткөн кыргызстандыктар эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин добуш бере алышат.
Бул эки тилкеде жалпысынан 1532 шайлоочу катталган. Алардын 701и Анкарада, 831и Стамбулдагы башкы консулдукта катталган.
Түркиядагы кыргызстандыктар бул өлкөдө коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам 10-январда добушканага тоскоолдуксуз жетип алышы үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алыышкан. Ага ылайык элчиликте жана башкы консулдукта каттоодо турган жарандар шайлоо тилкелерине тоскоолдуксуз келе алат.
Түркияда 1-декабрдан тартып коронавируска байланыштуу сактануу эрежелери кайрадан күчөтүлгөн. Жума күнү кечки саат 21:00дөн дүйшөмбү күнкү таңкы саат 05:00гө чейин атайын уруксаты жок тургундар үйүнөн чыкпоого тийиш.
Президенттикке талапкер Каныбек Иманалиев атаандашы Клара Сооронкулова үчүн добуш берди. Бул тууралуу ал Бишкектеги шайлоо тилкелеринде добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп бергенде айтты:
"Жаныңда кыз киши турса, өзүңө добуш бергениң - кыргызда жигитчиликке жатпайт. Мен, ошондуктан, Клара Сооронкуловага - кыргыздын аялзатына добуш бердим. Кыргызстандын келечегин мен аялзатынан, жаштардан жана чыныгы парламенттик демократиядан көрөм."
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат.
Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Клара Сооронкулова - жалгыз аял талапкер.