Президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандаган референдумдун жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 61 кайрылуу түштү. Аны активисттер жана байкоочулар жиберген.
БШКнын мүчөсү Тынчтыбек Шайназаровдун айтымында, даттануулардын 13ү добуш сатып алууга, 17си административдик ресурсту колдонууга, жетөө үгүт жүргүзүүгө, экөө жапырт добуш берүүгө, экөө шайлоочулардын укугун бузууга, экөө бейбаштыкка байланыштуу. Башка мүнөздөгү 12 кайрылуу бар.
Шайназаров жарандарга басым көрсөтүүгө эч кимдин акысы жоктугун белгиледи.
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган.
Саат 10:00гө карата президенттик шайлоого жарандардын 2,80%, же болбосо 99 772си катышты. Ал эми башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш бергендер 2,78% (98 894 адам) түздү.
Добушканалар эртең менен саат 8:00дө ачылган, кечки саат сегизде добуш берүү токтотулат.
БШКнын маалыматына ылайык, президенттик шайлоодо жана референдумда 3 563 574 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.
Акыйкатчы институту түш ченде маалымат таратып, 40ка жакын шайлоо тилкесинде мониторинг жүргүзүлгөнүн, мыйзам бузуулар аныкталбаганын билдирди.
Журналисттер добуш берүү участокторунда комиссия төрагасынын уруксаты менен гана сүрөт жана видео тарта алышарын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Замир Сыдыков "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда бул Баш мыйзамда каралган:
"Тиешелүү шайлоо участокторунда атайын аккредитациядан өткөн гана журналисттер комиссия жетекчилиги уруксат берген жерден гана сүрөт жана видео тартууга укуктуу. Комиссия жетекчилиги журналисттерди киргизүүнү каалабаса, муну милиция кызматкерлеринин жардамы менен аткара алат. Бул Конституциянын 11-беренесинде жазылып турат".
Байкоочулар Башмыйзамда андай берене жоктугун айтышууда.
Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашык. Алар 87 шайлоо участкасында добуш беришет.
Буга чейин айрым шайлоо участокторунда журналисттердин, байкоочулардын сүрөт, видео тартуусуна уруксат берилбей, комиссия жетекчилиги менен пикир келишпестиктер болгону кабарланган.
Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдумга Жалал-Абад облусундагы 666 695 шайлоочунун 58 335и добуш берди. Ага ылайык, 10-январь, саат 12ге карата добуш бергендердин саны жалпы шайлоочулардын сегиз пайызын түздү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) маалымдады.
Жалал-Абад облусунда 10-январга карата катталган шайлоочулардын саны соңку парламенттик шайлоого салыштырмалуу 22 921 жаранга көп. Аймактык шайлоо комиссиясы облустагы бардык добуш тилкелер байланыш каражаттары менен камсыздалып, 435 жайда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга пандустар орнотулганын кабарлоодо.
Буга чейин айрым тилкелерде техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам добуш берүү үзгүлтүккө учураганы кабарланган.
Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Учурда Кыргызстанда 2428, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участогунда добуш берилип жатат. 10-январга карата БШК 3,5 миллиондон ашуун шайлоочуну каттаган.