Бул тууралуу президенттикке талапкер, премьер-министрлик кызматты убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 10-январда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«Шайлоодо мен утуп чыгамбы же менден башка талапкер утуп чыгабы, биз аны таанышыбыз керек. Бул биринчиден, Кыргызстандын тынччылыгы үчүн экинчиден, көпчүлүктүн добушун сыйлашыбыз керек. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши зарыл», - деди Жапаров.
Ал 10-январда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын аныктоо референдумга Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Садыр Жапаровду былтыр өлкөдөгү башаламандык учурунда 6-октябрга караган түнү тарапкерлери абактан бошотуп алышкан. 16-октябрда өкмөт башчы болуп дайындалып, 17-октябрь күнү президенттин милдетин аткарууну колуна алган.
Президенттик шайлоого талапкер катары катышкандыктан былтыр 14-ноябрда өлкө жетекчисинин милдетин аткаруу кызматын тапшырып, премьер-министрлик кызматын убактылуу токтоткон.
Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда. Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо менен мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум бир күндө өтүп жатат.
Ош шаарында күн мурунтан шайлоо участкасынан тышкары күн мурун добуш берүүгө 4535 шайлоочу арыз менен кайрылса, алардын 3,5 миңи добуш берген. Бул тууралуу Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) билдирди.
АШКнын маалыматында бир нече мыйзам бузуу катталып, териштирүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Мекемеден канча мыйзам бузуу катталганын так санын айтышкан жок.
9-январда Ош шаарындагы №5295 шайлоо участкасында көчмө урна менен добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу тасма тараган. Аймактык шайлоо комиссиясы «Азаттыкка» мыйзам бузуу териштирилип жатканын кабарлаган.
Ош шаарынын өзүндө катталган жалпы шайлоочулардын саны 151 миңден ашык, алар 87 шайлоо участкасында добуш беришет.
Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Өлкөдө 2474, чет мамлекеттерде 48 добуш берүү тилкеси ачылган. (