Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

09:17 10.1.2021

Бишкек шаарындагы 1046-шайлоо участогунда добуш берүү үкөгүнүн каттоочу механизми иштебей калгандыктан, шайлоочулар добуш бере албай жатышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги мүчүлүштүктөрдү жоюу аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Бишкек гуманитардык университетинде жайгашкан №1046 шайлоо участогунда 1726 шайлоочу катталган.

Ушундай эле техникалык мүчүлүштүк Жалал-Абад шаарындагы №2103 шайлоо участогунда да катталып, добуш берүү 26 мүнөт кеч башталды.

Бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.
Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.

09:19 10.1.2021

Жалал-Абад шаарындагы бул көрүнүшкө техникалык мүчүлүштүк себеп болгонун шайлоо участогунун төрайымы Арал Мамырасулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда добуш берүүчүлөргө берилүүчү чектин бири чыкпай калган.

10-январда өтүүчү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого карата Жалал-Абад облусунда 449 шайлоо тилкеси даярдалган.

Жалал-Абад.
Жалал-Абад.




Облус аймагында катталган шайлоочулардын жалпы саны - 666 миң 556. Бул соңку парламенттик шайлоодогу шайлоочулардын санынан 22 миң 921ге көп. Бардык участкаларда байланыш каражаттары камсыздалып, 435 жайда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга пандустар орнотулду.

Участкалардын 353ү мектеп имараттарында, калгандары бир катар социалдык мекемелерде жайгашкан. Ар бир добушканада коронавирус илдетинин алдын алуу максатында санитардык талаптардын сакталышына көңүл бурулуп жатканы кабарланды.
Жалал-Абад облусунда 700дөн ашуун тартип сакчысы көзөмөлдөп жатат.

09:19 10.1.2021

09:23 10.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG