Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Жапаров: Мыйзамдын диктатурасын орнотобуз

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров - 6,60%, Бабыржан Төлбаев - 2,31%, Мыктыбек Арстанбек - 1.66%, Абдил Сегизбаев - 1.46%, Имамидин Ташов - 1.19%, Клара Сооронкулова - 0.98%, Аймен Касенов - 0.91%, Улукбек Кочкоров - 0.69%, Канатбек Исаев - 0.57%, Бактыбек Калмаматов - 0.50%, Курсан Асанов - 0.50%, Элдар Абакиров - 0.50%, Равшан Жээнбеков - 0.19%, Каныбек Иманалиев - 0.16%, Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%, Арстанбек Абдылдаев - 0.08%. Баарына каршы - 1,32%.

Ал эми мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор - 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар.

3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

09:24 10.1.2021

09:27 10.1.2021

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов бүгүн, 10-январда Бишкек шаарындагы 1053-шайлоо тилкесинде добуш берип кеткенин участкалык шайлоо комиссиясынан "Азаттыкка" билдиришти. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Талант Мамытов журналисттердин катышуусунда добуш бербей турганын 9-январда маалымдаган.


Кабарчыбыздын маалыматына караганда, ушул эле шайлоо тилкесинде президенттикке талапкер, шайлоого байланыштуу премьер-министрлик кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да добуш берет.

Ошондой эле кабарчыбыз шайлоо тилкесинде добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдөн тышкары дагы эки жөнөкөй үкөк турганын байкаган. Участкалык шайлоо комиссиясынын жетекчилиги бул үкөктөр көчмө добуш берүүдө колдонулган үкөктөр экенин билдирген.

09:28 10.1.2021

09:32 10.1.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG