Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Малаховдун мазагы, миграциянын азабы


Андрей Малахов.
Андрей Малахов.

Кыргызстандыктар орусиялык журналисттен кечирим суроону талап кылышууда.

Июлда Москвада жол кырсыгында каза болгон орусиялык миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр тууралуу программа Орусиянын мамлекеттик «Россия-1» телеканалында 24-сентябрда түз эфирде көрсөтүлгөн.

«Прямой эфир» программасынын алып баруучусу Андрей Малахов жол кырсыгына байланыштуу учурда тергөөдө камакта отурган кыргызстандык айдоочу Исламбек Акбаровду «атайлап жалданып киши өлтүргөн» деп айыптап, жалпы Кыргызстан, кыргызстандыктар тууралуу ою менен бөлүшкөн.

- Рулда 20 жаштагы бир чычкак отурат. Ал башка өлкөдөн келген, таксиде иштегенине бир нече гана ай болгон. Ага 100 миң доллар берсең, ал үй-бүлөсүн, бүтүндөй айылын, туугандарын жыргатат, алар өмүрү өткүчө айлык 10 доллар болгон өлкөдө мындай акча табышпайт, - деген Малахов түз эфирде.

Орусиялык журналист Акбаровдун адвокаты Алексей Касатовду кекетип, ага кызмат акысын ким төлөп берип жатканын да сураган:

«Сиздин кызматты ким төлөп жатат деп сурап жатабыз. Айлык 10 доллар, беш адам бир тактада уктаган Кыргызстандагы көп балалуу туугандары төлөп жатабы?»

«Орусиянын 146 миллион калкынын 98 пайызы көрөт, КМШ аймагында 50 миллион көрөрманы бар» деген федералдык телеканалда Малаховдун айткандарына нааразы кыргызстандыктар социалдык тармактарда #maLOHov хэштеги менен журналисттин кыргыз элинен кечирим суроосун талап кылышууда.

«Азаттыктын» Андрей Малахов менен байланышуу аракетинен эч майнап чыкпады. Жардамчылары журналисттин материал тартып жүргөнүн себеп кылышты.

Эл өкүлдөрү өкмөттөн жооп талап кылышты

Орусиялык журналисттин айткандары боюнча Жогорку Кеңештегилер да үн катышты.

Элвира Сурабалдиева.
Элвира Сурабалдиева.

«Малахов жөн гана бой көтөргөн жок. Ал бүтүндөй улутту басмырлады, аны менен биздин өлкөнү кордоду. Муну биз стратегиялык өнөктөш деп эсептеген, тилин Кыргызстандын расмий тили деп тааныган Орусиянын жараны айтты», деп жазды депутат Элвира Сурабалдиева «Твиттердеги» аккаунтунда.

Ал эми Кожобек Рыспаев 26-сентябрда парламент жыйынында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен орусиялык теле алып баруучуга жооп берүүнү талап кылды:

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- «Буларга 100 миң берсең, бир айылды унчукпай эле сатып алсаң болот» дегендей мааниде сөз айтылды. Буга ТИМден жооп болуш керек. Элчилик реакция кылыш керек. Кыргыздарды антип басмырлоого, жанакындай сөздөргө жол бербеш керек. Чара көрүлсүн.

ТИМдин жообу

Орусиялык журналист Андрей Малаховдун федералдык телеканалда айткандары боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тынчсыздануу билдирди. 27-сентябрда Бишкектеги Орусиянын элчилигинин кеңешчиси ТИМге чакырылган. «Кыргызстандын ТИМинин өкүлү кыргыз-орус өнөктөштүк жана стратегиялык мамилелерин эске салып, Орусиянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын журналисттеринин мындай сөздөрү боюнча тынчсыздануу билдирди» деп жазылат мекеменин маалыматында.

«Жалпы орусиялык кыргыз конгрессинин» президенти Кубанычбек Кожоев оюн төмөнкүчө билдирди:

Кубанычбек Кожоев.
Кубанычбек Кожоев.

- Биз Андрей Малаховдун эмгек мигранттары жана Кыргызстандын жашоочулары туурасында айткандарына нааразы болуп турабыз. Телекөрүүчүлөр Андрей жөн гана «шоумен», «маскарапоз» экенин жакшы түшүнүшөт. Ал өзүнүн программасында бир үй-бүлөнүн ички көйгөйлөрүн бир жактуу ачыкка чыгарап жатып, тапкан акчасын актоого жакшы эле аракет кылыптыр. Өкүнүчтүүсү - ал мамлекеттик телеканалдын эфиринде улутту басмырлап, өзүнүн тарбиясыздыгын, түшүнүгүнүн тайкылыгын көрсөтүп, оозу бош, ар кандай сөздөрдү сүйлөгөнүндө. Ал андай деле көңүл бурууга татырлык инсан эмес. Анткени жол кырсыгынан уулу каза болгон ата-эненин кайгысынан пайдаланып, өзүнө утуш издегени ал үчүн ыйык эч нерсе жок экенин айгинелеп турат. Тергөө Малаховдун шоусуз эле, жол кырсыгын тактап, иликтеп алат деп ишенебиз.

Москвада таксист болуп иштеген 23 жаштагы кыргызстандык Исламбек Акбаров 8-июлда түнү мотоциклде катуу ылдамдыкта келе жаткан 25 жаштагы Александр Маруговдун алдынан чыга калып, жол кырсыгына себепкер болгон. Таганский райондук сотунун чечими менен ал эки айга камакка алынган. Сот аны адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына күнөөлүү деп тапса, беш жылга чейин эркинен ажыратышы мүмкүн.

«Прямой эфир» программасында Москвадагы элчиликтин юристи Мырзапаяс Карагулов менен адвокаты Алексей Касатов Акбаровдун туугандарынын атынан каза болгон Александрдын апасынан кечирим сурашкан. Жалгыз уулун жоготкон Татьяна «мен кечирдим, Кудай баарына күбө» деген.

Мырзапаяс Карагулов.
Мырзапаяс Карагулов.

- Апасынан Исламбектин атынан, элчилик, кыргыз диаспорасынын атынан кечирим сурадык. Ал коомчулуктун алдында «кечирдим» деди. Биздин максат ошол болчу. Биздин баланын айыбы бар. Сотто ишине кичине болсо да жардамы тиет. Малаховдуку болсо шоу, - дейт элчиликтин юристи Мырзапаяс Карагулов.

Кыргызстандыктардын Интернеттеги наарызылыгына Орусиянын Бишкектеги элчилиги «Фейсбуктагы» пост менен жооп берди.

«Малахов – биздин баатыр эмес. Теле алып баруучу Андрей Малаховдун айткандары боюнча бир гана нерсе айтса болот. Адамды таарынтуу оңой, бирок антип жашоо оор. Ал эми бүтүндөй элди кордоо - андан жаман» деп жазылган орус элчилигинин баракчасында.

Малахов жооп кайтарды

Саясатчылардын жана социалдык тармактардагы нааразылыктан улам орусиялык журналист Андрей Малахов “Россия 1” каналы аркылуу айткан сөзү боюнча Кыргызстандагы нааразылыкка жооп кайтарды.

Малахов өзү жетектеген “StarHit” журналына “алып баруучунун жеке ою демократиялык өлкө саналган Кыргызстандын жарандарынын нааразылыгын жаратарын күтпөгөнүн” билдирген.

Ал акыркы күндөрү “Андрей Малахов. Прямой эфир” программасына 20 миңден ашык билдирүү келип түшкөнүн жазды.

Журналист кылмышкердин улуту жана жарандыгы болбосун белгилеп, кыргыздарды жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана сүрөтчү Семен Чуйковдун чыгармаларынан эле таанып тим болбостон, жеке тааныштары аркылуу да таанырын билдирген.

Малахов анын сөзүн айрым кыргыздар туура эмес түшүнүп калганына өкүнөрүн кошумчалаган.

“Мен тынчтык, коңшулар менен жакшы мамилени жана адилеттик, сөз эркиндигин колдойм”, - деп жазган журналист.

Орусиялык телеканалдарына нааразылык

Социалдык тармактарда Андрей Малаховдун кечирим суроосун талап кылгандан тышкары чет жакта иштөөгө мажбур болгон мигранттардын абалы үчүн бийликти күнөөлөгөндөр да бар.

«Кеп Малаховдо эмес, кеп элди тентитип жиберген саясатчы чалдарда! «Кечирим сурасын!» деп тескери жакты күнөөлөп жатасыңар», деп жазган «Фейсбуктун» колдонуучусу Бекжан Шыгаев.

Айрымдары Кыргызстанда орусиялык телеканалдардын көрсөтүлүшүнө каршы чыгышууда.

«Малахупка чындап эле татыктуу жооп бергиңер келсе, биздин чөнтөгүбүздөн жыл сайын миллион доллар төлөп ОРТ, РТР сыяктуу телеканалдарды көрсөтүүнү токтотууну талап кылгыла!» дейт Чоробек Сааданбек.

Эске сала кетсек, 1996-жылы кабыл алынган келишим боюнча Кыргызстанда орусиялык телеканалдар акы төлөнүп көрсөтүлөт. Таратуу акысы жылына 50 миллион сомго жетет.

Орусиянын Биринчи каналы жана «Россия-1» телеканалына тиешелүү «РТР Планета» санариптешкен кыргыз ТВларынын социалдык пакетине кирет.

Буга чейин быйыл мартта эле Орусиянын НТВ телеканалында борбор азиялык мигранттардын спорт клубдары тууралуу берүү көрсөтүлгөн. Телеберүүдө дээрлик 30 мүнөт бою мигранттардын спорт клубдары «мыйзамсыз», мындай жайларда борбор азиялыктар «кулпуну ачып киргенди, бычак менен курал-жарактарды колдонгонду үйрөнүшөт», «акча үчүн турнирлерде мушташып, ийгиликке жетпегендери ич ара биригип, уюшкан кылмыш топторун түзүп жатат» деп айтылган.

Социалдык тармактардын колдонуучулары менен медиа эксперттер НТВ телеканалын «улут аралык кастыкты козутту, мигранттарга карата жек көрүүнү козгоду» деп нааразы болушкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG