Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Коррупциялык иште премьердин аты аталды


Наталья Черногубова жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Коллаж.
Наталья Черногубова жана Мухаммедкалый Абылгазиев. Коллаж.

Радио жыштыкка байланыштуу коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты аталды.

Депутат Жанарбек Акаев парламентте атайын билдирүү таратып, бул ишке Абылгазиевдин катышы бар-жогун териштирүүнү укук коргоо органдарынан талап кылды. Өкмөт «байланыш тармагындагы мыйзам бузууга премьер-министрдин тиешеси жок» деп жооп кайтарды.

«Аба сатып акча жасагандар пайда болду»

«Билайн» деген ат менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасына радио жыштыкты мыйзамсыз кайра каттоо боюнча кылмыш ишинин чоо-жайы ачыкка чыга баштады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 20-майда парламентте бул боюнча атайын билдирүү жасады. Анын маалыматына караганда, «Билайн» уюк байланыш оператору «AlaTV» компаниясын 200 МГц диапазонундагы жыштыгы менен кошуп 1 млн. 800 миң долларга сатып алган. «Билайн» «AlaTVнын» телеберүүгө багытталган жыштыгын ушул жылдын март айында уюк байланыш операторуна 4G Интернетке колдонуш үчүн кайра каттоодон өткөргөн. Акаев 200 МГц жыштык «Билайнга» 700 сомго ит бекер сатылып кеткенин, буга байланыштуу бир катар аткаминерлер камакка алынганын жарыялады:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Биздин маалыматыбызга караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башкармалыгынын жетекчиси жана дагы бир кызматкери камалды. Ушул иш боюнча өкмөттүн аппараттынан да кызматкерлер сурак беришүүдө. Бул жерде ири сумма жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондуктан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишке тиешеси жок экенин сөзсүз далилдеши керек. Бул өкмөт башчыга да чоң жардам болот. Эгерде катышы болсо тез арада жооп бериши керек».

УКМК ишти Башкы прокуратура иликтеп жатканын жүйө кылып, эки кызматкери кармалганы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Башкы көзөмөл органы болсо маалымат берген жок. Бул ишке байланыштуу 12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалып, 12-июлга чейин камакка алынган.

Жанарбек Акаев өкмөттөн ким сурак берип жатканын ачык айткан жок. Бирок айрым маалымат булактарындагы маалыматтарда сөз өкмөттүн аппараттындагы жогорку жетекчи тууралуу болуп жатканы айтылат. Депутат Акаев парламентте сүйлөп жатып мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда «О» компаниясына 15 МГц жыштык 4,5 млрд. сомго сатылганын мисал келтирди:

«Менде Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин каты турат. Комитет өкмөткө жиберген катында «жыштыкты кайра каттоо боюнча келишим мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келет. Бюджет миллиардаган акча зыян тартат. Биз 200 МГц жыштык менен бюджеттин кемтигин толтурсак болот» деп жазган. Ошого карабастан конкурс, аукцион кылбай, мыйзамды бузуп туруп жыштыкты Казакстандын компаниясына өткөрүп беришкен. УКМКга айтат элем, казакстандык уюк байланыш операторунун оң колу келип премьер-министр менен жолуккан. Урматтуу депутаттар, күч органдары, буга чейин алтынды, кенди, жерди саткан учур болду. Азыркы өкмөттүн тушунда абаны сатып акча жасагандар пайда болду. Ушул тапта УКМКнын тергөө абагында бул иш боюнча төрт киши отурат».

Өкмөттүн жообу

Өкмөт Жанарбек Акаевдин билдирүүсүнө жооп берди. Анда «депутаттын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу сөзүнө эч кандай негиз жок» деп айтылат.

Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

«Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө өкмөттүн укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым көрсөтүү катары кабыл алынат. Зарыл болгон учурда премьер-министр жана өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр», - деди өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов.

Ушул тапта Кыргызстанда негизги үч уюк байланыш оператору иштейт. Алар - «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы. «Мегакомдун» базасында түзүлгөн «Salam» деген төртүнчү виртуалдык оператор да бар.

Байланыш жаатындагы адистер өлкөдө жыштыктардын көбүн уюк байланыш операторлору колдонорун жана алар жыштыкты сатып алууга ар дайым кызыкчылыгы бар экенин айтышты.

Биз сөз болуп жаткан чуулуу иш боюнча «Билайн» компаниясы менен байланыштык. Аталган оператордун жарнама бөлүмү «Билайн» быйыл февраль айында «AlaTVнын» техникалык каражаттарын сатып алганын ырастады:

«Ушул жылдын февраль айында «Скай Мобайл» ЖЧК жыштыктардын спектрин жана «AlaTVнын» жабдууларын сатып алууга макулдугун берген. Эми жөнгө салуучу органдардын тийиштүү уруксатын алуу зарыл. «Скай Мобайл» компаниясы ишкердик этиканын жана комплаенстин эң жогорку эл аралык стандарттарын сактайт жана жергиликтүү бийлик органдары менен ар кандай тергөө иштеринде толугу менен кызматташат. Биз Кыргыз Республикасынын жөнгө салуу органдары менен болгон бүтүмдөргө же өз ара аракеттенүүгө тиешелүү мыйзамсыз иш-аракеттер жөнүндө эч нерсе билбейбиз».

Жыштык сатуунун жобосу

Өткөн жумада акыркы кылмыш окуясынын арты менен жыштыктарды сатуу жана аны колдонуу боюнча маселе чоң талкууга жол ачкан. Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков пикири менен бөлүшкөн. Ал кайсы бир компания банкрот болуп же жабылган учурда, андан тышкары сатыкка коюлган кезде мыйзам боюнча мамлекет ишкананын жыштыгын өзүнө алышы керек экенин айткан. Ал радио жыштыкты башка компанияга кайра каттоо, колдон колго өткөрүү мыйзамсыз экенин билдирип, бир да жыштык өкмөт башчынын чечими жок берилбей турганын белгилеген:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети жыштыктарды тендерге, конкурска чыгарыш үчүн өкмөт башчынын токтому менен уруксат алат. Премьер-министрдин буйругу жок болсо Байланыш комитети эч нерсе кыла албайт. Жыштык - мамлекеттин бирден-бир байлыгы. Ал өкмөт башчынын уруксаты жок берилбейт. Жыштыктар конкурс менен же кандай жол менен берилип жатат, муну укук коргоо органдарынын баары эле билет. Кептин баары күч түзүмдөрүнүн кылмыш иштерине кылган мамилесинде болуп жатат. Жыштык бир гана тендер, конкурс жолу менен берилет».

18-майда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин жыйынында да депутат Наталья Никитенко «AlaTV» компаниясынын 200 МГц жыштыгын «Билайн» уюк байланыш операторуна кайра каттоо тууралуу маселе көтөргөн. Никитенко бул коррупциялык иштен бюджет 10 млрд. сомдон 30 млрд. сомго чейин чыгым тарткан деп божомолдонуп жатканын айткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов «айтылган маалыматтар такталууда» деп жооп берди:

«Бул иш боюнча Аскер прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүлөрүнөн турган топ түзүлгөн. Сиз айткан суммалар такталып жатат. Кылмыш иши боюнча азырынча бир нерсе деш эрте».

Жыштык иши жоопкерчилик маселесин көтөрдү

«Билайнга» кайра катталган жыштык кыргыз өкмөтүнө карата сын-дооматты күчөттү. Жарандык активист Шайырбек Маматокторов премьер-министрдин жоопкерчилиги тууралуу буларга токтолду:

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

«Жерди же бир ишкананы сатып жиберсе ал адамдардын көзүнө көрүнүп калат. Жыштык болсо көзгө көрүнбөгөн байлык. Жаңы технологиянын заманында алтын казуунун кереги жок. Булар элди коронавирус учурунда үйгө камап туруп ыплас иштерди жасап жатышат. Премьер-министрди бул ишке чейин эле «КТ Мобайл» боюнча жоопко тартып койсо болмок. Бул ишкана бир тыйын пайда алып келбей, ага жумшалган 400 млн. сом талаага кетти. Кыргызстанда УКМК менен Башкы прокуратурадан башка органдар өкмөткө баш ийет. Мүлк, активдер, техника өкмөткө карайт. Премьер-министр уруксат бермейинче жыштыкты бирөө да сата албайт. Азыр болсо «аппарат кызматкери сурак бериптир» деп айтылды. Эми ортозаар кызматкерди жазалап, өкмөт башчы бул иштен да таза чыгып кетет».

2018-жылы да «О» байланыш операторуна 2016-жылы 900 МГц диапазонундагы радио жыштык 1000 сомго эле сатылып кеткени ачыкка чыккан. Анда «Ак-Тел» же «Фонекс» деген ат менен таанылган ишкана банкрот деп табылып, компаниянын жыштыгы «О» операторуна сатылган. Маалыматтык технологиялары жана байланыш комитетинин ошол кездеги жетекчилиги муну 2016-жылы аукцион деген түшүнүк болбогону, жыштыктар 1000 сомдон эле сатылып келгени менен түшүндүргөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG