Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Кой-Таштагы окуялардын укуктук өңүттөрү


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Адилет» укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова Кой-Ташта 7-8-августта болуп өткөн окуяларды укуктук жактан талдап чыкты.

Анын айтымында, операцияга «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлерин тартуу, экс-президент статусунан ажыратылган Алмазбек Атамбаевде артыкчылыктардын кала бергени бир катар суроолорду жаратат.

Жакупова: - Атамбаевге үч жолу чакыруу жөнөтүлдү, үчөөндө тең барбай койду. Тартип сакчыларында күбөнү мажбурлап алып келүү укугу бар. Бирок кеп кечээ күнкү жана мурдагы күнкү операциялар тууралуу болуп жатат. Албетте, 7-августтагы операцияны пландоого байланыштуу суроолор бар. Кылмыш ишин ИИМ тергеп жаткан. Ошондуктан мажбурлап алып келүүнү «Альфа» түзүмү эмес, ИИМдин күчтөрү ишке ашырышы керек эле. Негизи эле бул окуяда «Альфаны» колдонуу канчалык мыйзамдуу болчу деген бир катар суроо пайда болууда. Опумбаев мырза чечимди тергөөчү чыгарганын айтып жатат. Эгер чын эле ошондой болсо, бул күлкү гана келтирерлик.

Ар бир нормалдуу мамлекетте, эгер мурдагы президентти мажбурлап алып келиш керек болуп жатса, чечимди жогорураак деңгээлде кабыл алышат. Тергөөчү, албетте, өз алдынча процессуалдык жак болуп эсептелет, бирок кеп эң жогорку рангдагы мурдагы саясатчы жөнүндө болуп жатпайбы. Ошондуктан «мажбурлап алып келүү жана атайын операция жүргүзүү тууралуу буйрукту УКМКнын төрагасы да, Коопсуздук кеңешинин катчысы да, президент да берген эмес» деп бизди канчалык ынандырууга аракет кылышпасын, буга эч ким ишенбейт. Бирок эгер чынында эле ошондой болсо, абал жарандар шектенип жаткандан да чатагыраак. Демек, мамлекет башкаруусуз калды. Кеп мамлекеттин мурдагы жогорку кызмат адамы тууралуу болуп жатат да!

«Альфа» түзүмү тууралуу айта турган болсок, 2010-жылы алар «Форумга» барышкан. Бирок аларды ал жакка тартип сакчылары менен кагылышуу болгондон кийин жөнөтүшкөн. Ички иштер кызматкерлеринин арасында жабыркагандар болгон. Мындай учурда «Альфа» атайын бөлүгү, ички жобосуна ылайык, тартип орнотуу органдарына жардам көрсөтүш үчүн бара алат. 7-августта болсо алар таптакыр чыкпашы керек эле. Ал тапшырманы ички иштер органдары аткарууга тийиш болчу.

«Азаттык»: - Демек, кандайдыр бир кагылышуу тутанса гана кийлигишсе болот беле?

Жакупова: - Башаламандык башталып, тартип сактоо органдарынын кызматкерлер жабыркап, милдетин аткара албай калган учурда гана барышы керек болчу. Болгондо да чечим тергөөчүнүн эмес, атайын кызматтын жетекчисинин деңгээлинде кабыл алынышы зарыл эле. Бул жерде бардык эреже бузулган.

УКМКнын жетекчиси депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып «күтүүсүз болду, андай болот деп ойлогон эмес элем» деп жатат. Бирок мен – жөнөкөй жаран– мурдагы президент Атамбаев коркутуп-үркүтүп жатканын бир нече жолу уктум, окудум. Короосуна таштарды чогултуп жатышканын баарыбыз көрдүк. Таш деле жөнөкөй курал эмес. Таштан да каза тапса болот.

«Альфа» атайын түзүмүн жөнөтүү укук эрежелери жагынан туура эмес болгон. Бул үчүн жоопкерчилик каралышы керек.

«Азаттык»: - Мажбурлап алып келүү кантип ишке ашырылат?

Жакупова: - Бул жөнөкөй процедура. Сизди ким катары – күбөбү, шектүүбү же айыпталуучубу, кандай негизде - чакырып жатышканы жазылган чакыруу тапшырылат. Эгер адам барбай койсо, укук коргоо кызматкерлери мажбурлап алып келүүгө акылуу. Атамбаевге чакыруу алып барышкан, барган жок, ошондуктан алар мажбурлап алып келүү процедурасын башташты. Бирок кеп анда эмес, бул иш башка жол менен жасалышы керек экенинде.

«Азаттык»: - Бүгүн эртең менен Атамбаевди колдогон депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы суракка алып кетишти. Алардын иммунитети ушундай учурда күчүндөбү?

Жакупова: - Аларды ким катары чакырып жатышканын билбейм, бирок кеп адам өлүмү менен коштолгон учурда тартип коргоо органдарына каршылык көрсөтүлгөн өзгөчө оор кылмыш тууралуу болуп жатат. Башкача айтканда, көп адамга денесине оор залака тийди, ок атуучу курал колдонулду, натыйжада көптөгөн адамдар жабыркады, бирөө каза болуп калды. Иммунитети болгон күндө да алар кылмыш жасалган жерде жүрүшкөн. Тартип коргоо кызматкерлерине асыла бергенди токтотуш керек. Бул өлкөдө тартип орношун каалайбызбы? Анда укук тартибин камсыз кылган органдар да жөнөкөй жарандар сыяктуу эле корголушу керек.

«Азаттык»: - Күч органдарынын кызматкерлерине токтолсок. Атамбаевдин жансакчылары деле - УКМКнын мамлекеттик күзөт кызматкерлери. Алар 7-8-августта да кызматтык милдетин, буйрукту аткарып турушкан. Бирок аларды да суракка алып кетишти…

Жакупова: - Ал эми бул башка, жогорураак деңгээлдеги маселе. Мамлекетибиздин жетекчилери дайынын таппай жатат. Логика мындай болушу керек эле: Жогорку Кенеш экс-президент деген макамдан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды, президент мыйзамга кол коёт, ал күчүнө кирет, андан соң УКМКнын төрагасы Тогузунчу башкармалыктын кызматкерлерин чакыртып алат. Ал эми бул жерде карама-каршы тирештин тигил тарабында да, бул тарабында да бир эле кызматтын өкүлдөрү бир эле буйрукту аткарып жатышпайбы. Бул тартип коргоо тармагындагы шерменделиктин жүзү болуп жатпайбы, туурабы?! Кесиптештерди бири-бирине кантип каршы коюшту?

Бул суроого жоопту Опумбаев парламент трибунасында сүйлөп жатып берди… Ага Жээнчороев: «Коопсуздугун камсыз кылып иштеген адамдар силердин штаттабы?» деген нормалдуу, логикага туура келген суроо узатты. Ал: «Ооба, штатта, бирок аларды Алмазбек Шаршенович өзү тандап алган» деп жооп берди. Мен өкмөттүк эмес уюмдун кызмакеримин. Мен эгер кайсы бир уюмдун жетекчиси болуп турсам, кимдир-бирөө келип каалаган кишисин штатыбызга отургузушу мүмкүн эмес. Андай болбойт. Кимдин штатында отурса, жоопкерчилик ошол жетекчиде. Бул уят, ушунчалык пастык.

«Азаттык»: - Бирок мамлекет башчысы «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» деген мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду, ал эми Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу тууралуу токтом кабыл алды...

Жакупова: - Эгер адамды экс-президент деген макамдан ажыратып жатышса, ага берилүүчү пенсия, күзөтчүлөр, коштоо сыяктуу жеңилдиктердин баары токтойт.

Атайын операцияны акылы жана логикасы бар адамдар даярдаган болсо, бардык тиешелүү мыйзамдык базаны тууралап, ошондон кийин башташы керек болчу. Ушундай башаламандыктын айынан бизде адамдар жөн гана жабыркабастан, курман болуп жатышат. Андыктан, жабыр тарткандар үчүн жоопкерчилик бир гана Атамбаевдин эмес, азыркы саясатчылардын да абийиринде.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG