Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:42

Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камалды


Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы сүрөт. 8-август. 2019. Кой-Таш.
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы сүрөт. 8-август. 2019. Кой-Таш.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-августта караганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка караганда, Атамбаев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо катышуу» (43-берене, 2-бөлүк) жана «Коррупция» (319-берене, 2-бөлүк) беренелери боюнча шек саналууда.

Сот Атамбаевдин бөгөт чарасы кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу фактысына байланыштуу тандалганын кошумчалады.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Аны саат 19:00дөр чамасында күч органдары Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнөн, сүйлөшүүлөрдөн кийин кармашкан.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG