Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:43

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Шыкмаматов: парламент, президент, өкмөт чукул жыйынга чогулуш керек

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда абал курчуп баратканын белгилеп, президент, парламент, өкмөт тез арада жыйынга чогулуп, окуянын мындан ары күчөп кетпесин талкуулашы керек деген пикирин билдирди.

- Мүнөт сайын абал курчуп баратат. Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек. Солтон-Сарыдагы абалды, Кой-Таштагы жарадар болгон жарандардын абалын талкуулаш керек. Төрагага кайрылып, эртең чогулуш керек. Керек болсо, президент, өкмөт чогулуш керек, - деди ал.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

Кой-Ташта атайын бөлүктүн бир аскери жараланды

Кой-Таштагы окуя учурунда атайын бөлүктүн бир аскери жарадар болду. Саламаттык сактоо министрлиги Чукул медицина борборунун директору Искендер Шаяхметовго таянып билдиргендей, үй тараптан атылган согуштук ок чопкуттан аскердин көкүрөгүн жаралаган. Анын алдында он адам Чүй облустук ооруканасына түшкөнү расмий маалымдалган.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде башталган.

Абдил Сегизбаев атайын операция учурунда жаракат алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Таштагы атайын операция учурунда жаракат алды. Бул маалыматты анын жанында жүргөндөр "Азаттык" радиосуна ырастады.

“Ооруканадан биринчи жардам көрсөтүлүп, рентгенден өткөнү жатат. Алгачкы жардамды алды. Өзү чурайына желим ок тийгенин айтып жатат”, - деди анын жанындагы адам.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган.

Жанарбек Акаев: Тараптар кан төгүүгө жол бербеши керек

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кой-Таштагы кырдаал боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, тирешкен тараптарды жөнөкөй жарандардын коопсуздугун сактоого жана аларга карата күч колдонбоого чакырды.

- Бийлик да, Алмазбек Атамбаев да биринчи кезекте саясий тирешүүдөн жөнөкөй жарандар, өз милдетин аткарып жаткан атайын кызматтын, милициянын кызматкерлери жабыркап калышына жол бербеши керек. Атамбаевди кармоо операциясындагы шалаакылыгы үчүн, тараптарды кагылышууга жол берип, күч түзүмдөрүн дискредитация кылганы үчүн күч органдарынын бардык жетекчилери бүгүнтөн калбай кызматын тапшырышы зарыл. Ошол эле убакта Атамбаев да мыйзамга баш ийип, керт башы үчүн жаштарга, аялдарга жашынып, элди милицияга каршы тукургандын ордуна тергөөгө өзү барышы керек эле. Азыр да кеч эмес, ал өзү суракка даяр экенин жарыялап, тарапташтарынын коопсуздугун ойлошу керек, - деди депутат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармоо операциясы жүрүп жатканын, желим октор гана колдонулганын маалымдаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG