Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Шыкмаматов: парламент, президент, өкмөт чукул жыйынга чогулуш керек

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда абал курчуп баратканын белгилеп, президент, парламент, өкмөт тез арада жыйынга чогулуп, окуянын мындан ары күчөп кетпесин талкуулашы керек деген пикирин билдирди.

- Мүнөт сайын абал курчуп баратат. Парламент эртең чукул жыйынга чогулушу керек. Солтон-Сарыдагы абалды, Кой-Таштагы жарадар болгон жарандардын абалын талкуулаш керек. Төрагага кайрылып, эртең чогулуш керек. Керек болсо, президент, өкмөт чогулуш керек, - деди ал.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

УКМК: Атамбаевди кармоо операциясы уланууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы уланып жатканын билдирди.

«Атайын бөлүктүн жоокерлери Атамбаевдин тарапташтарына багынганы тууралуу маалыматы чындыкка дал келбейт. Учурда атайын операция уланып жатат», - деп айтылат мекеменин басма сөз кызматы бир нече мүнөт мурда тараткан билдирүүдө.

7-августта кечке жуук мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы күч кызматкерлери кирип келишкен. Желим октон жаракат алганы кеминде он адам ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.

Атамбаевдин Фарид Ниязов баштаган тарапкерлери мурдагы президент дале Кой-Ташта экенин билдирип жатышат.

Мадумаров: Кыргызстан президенттердин менчиги эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Кой-Таш: атайын бөлүктүн эки аскери токмоктолду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери анын үйүнө түнкү саат он жарымдарда кирип барышты. Атайын бөлүктүн эки аскери токмоктолгонун, бир аскер тоо аралап качканын «Азаттыктын» кабарчысы жеринен билдирди. Буга чейин күч кызматкерлери аларды жолотпой жаткан эле.

Кой-Ташта жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармала элек экенин, үйүндө экенин айтты.

Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын 7-августта кечки саат сегиздерде баштады. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Электр жарыгы өчүп калды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG