Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Атамбаевди кармоо аракети: эл менен күч органдары кагылышты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө 7-августта кечки саат 20:00дөн кийин атайын даярдыктагы куралчан күч кызматкерлери келген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жаракат алган атайын даярдыктагы бөлүктүн 22 жаштагы бир кызматкери каза болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Саламаттык сактоо министрлиги ага үй тараптан аскердик ок атылганын билдирди.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылууда өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "коргошун ок да колдонулду" деп айтты.

Мурдагы президенти кармоо операциясы 7-августта кечки саат 8дер чамасында башталган. Интернетке жарыяланган видеолордон атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери мурдагы президенттин үйүнүн короосуна кирип келгенде жансакчылар Атамбаевди коопсуз жерге алып кетүүгө үлгүргөнүн көрүүгө болот.

Операция Атамбаевдин тарапташтары менен күч кызматкерлеринин тиреши, кайым айтышуусу, октордун добушу менен коштолуп жатты. Мурдагы президенттин үйүнүн короосунун бир канча жери өрттөлдү. Кой-Таштагы окуяда жараланган баш-аягы 43 киши, алардын ичинде күч түзүмдөрүнүн кеминде 15 өкүлү ооруканага жеткирилди.

Атайын операция башталгандан эки сааттай убакыт өткөндөн кийин бир канча телеканалдар көрсөтпөй калды. Кой-Таш айылында уюктук байланыш жана Интернет начарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери желим окторду гана колдонгонун, Атамбаевди кармоо операция уланып жатканын маалымдаган. Бирок Атамбаевдин тарапкерлери күч органдарына аны алып кетүүгө жол беришкен жок.

Алия Шагиева: Атам кармалган жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кой-Таштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. “Биринчиден менин атам эч кайда качкан жок. Эч ким аны кармаган жок. Ал коопсуз жерде деген имиш – карандай жалган. Ал дагы деле Кой-Ташта”, - деди Шагиева Инстаграмдагы барагына.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кой-Таштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. “Биринчиден менин атам эч кайда качкан жок. Эч ким аны кармаган жок. Ал коопсуз жерде деген имиш – карандай жалган. Ал дагы деле Кой-Ташта”, - деди Шагиева Инстаграмдагы барагына.

Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн токтотту

Президент Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн мөөнөтүнөн мурда токтотуп, Бишкекке келатат. Бул тууралуу 7-августта кечинде Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы 5-августта кыска мөөнөттү эс алууга чыгып, Ысык-Көлгө кеткен болчу.

Ал арада Чүйдүн Кой-Таш айылында күч кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын улантып жатат. Кырдаал курчуп, октордун үндөрү жаңырууда. Атамбаевдин короосунда бир канча жерде өрт болуп жатат. Атамбаевдин үйүнүн ичиндеги электр жарыгы өчүп калганын кабарчыбыз билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунун бир чети өрттөнүүдө

Өрт эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары өрттү өчүрүүгө аракеттер болуп жатканын маалымдап жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.

«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Атамбаевдин үйүндө өрт чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:24 0:00

Министрлик: желим ок тийген эки киши ооруканага жаткырылды

Саламаттык сактоо министрлигинен саат 21:20га алынган маалымат боюнча Чүй облустук ооруканасына Кой-Таш айылынан төшүнө желим ок тийген эки адам жаткырылды. Министрлик алардын абалын анча оор эмес деп баалады. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, төрт "Тез жардам" кызматынын автоунаасы келип, бирок жолдон өтө албай турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG