Карантин башталганы Жогорку Кеңештин депутаттары ушуну менен төртүнчү ирет чогулганы жатышат. Депутаттардын айрымдары карантинде үйдө камалып, өкмөттүн ишин көзөмөлдөй албай жатканына нааразы.
Акыркы жолу депутаттар 15-апрелде башын бириктирип карантин мөөнөтүн узартып бергенден кийин тарап кетишкен. Эми 30-апрелде деле ошол максатта чогула турганы божомолдонуп жатат. Баш мыйзамдын 3-беренесинде элдик бийликтин үстөмдүгүн бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш менен президент камсыз кыла турганы көрсөтүлгөн. Бирок парламент азыркы кырдаалда эл атынан үн катып, өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарбай жатканы кеп боло баштады. Атап айтканда, депутат Жанарбек Акаев парламент демилгени колдон чыгарганын, өзү түзгөн өкмөттү көзөмөлдөй албай калганын билдирди:
«Элде аябай суроо көбөйүп кетти. Дарыгерлер, дарылоого кеткен каражаттар, сырттан келген акча боюнча, орто жана чакан бизнести колдоо боюнча өкмөт эмне кыларын азыр эч ким билбейт. Эл өз өкүлдөрү аркылуу өкмөттөн жооп алышы керек эле. Бирок биз аны жасай албадык. Парламент жетекчилиги өкмөттүн, өзгөчө президенттик аппараттын алдында бөйпөңдөгөн саясат жүргүзүп жатат».
Жоон топ эл өкүлдөрү жок дегенде комитеттерди жандантып, өкмөт менен иш алып барууга аракет кылышкан. Бирок ар кандай себептер менен чогула албай келатышат. Өздөрүнүн айтымында туш тараптан тоскоолдуктар жаралып жатыптыр.
Депутат Исхак Масалиев төрага Дастан Жумабековду саясий эрки жок деген мааниде сынга алды. Ал жалтаң саясаттын айынан парламент бүгүнкү кырдаалда карантин мөөнөтүн узартып, аткаруу бийлигинин кээ бир чечимдерин мыйзамдаштырып бере турган органга айланды деген оюн айтты:
«Бизде өтө кызыктай практика пайда болду. 40 киши жазылат, 10 киши сүйлөгөндөн кийин төрага «сөз алганга чектөө киргизели» деп добушка коёт. Ушинтип оозубузду жаап коюп жатышат. Эки жума мурун Бороновго кайрылгам, «сен Жогорку Кеңешти тоготпосоң анда депутат Масалиевге кагаз түрүндө маалымат берчи» деп. Азыркыга чейин бир да кагаз бере элек. Бул биздин жетекчиликтин ишмердүүлүгү жок дегенди түшүндүрөт. Коркот, эртең президент көзүн кысып койсо депутаттар тебелеп салат. Ошон үчүн бийлигин жоготуудан коркуп жатат».
Эгер төрага депутаттардын чогулушуна кызыкчылыгы болбосо депутаттардын 30% же фракция лидерлери жыйынды чакырганга укуктуу. Бирок көпчүлүк коалициянын жетекчиси Иса Өмүркулов бүгүнкү кырдаалда өкмөткө жолтоо болуштун кереги жок деп эсептейт.
«Биз эми өкмөткө кароолчу эмеспиз да, - деп жүйө келтирди ал. - Алардын ыйгарым укуктары бар. Маселе койдук, тапшырма бердик, көйгөйлөрдү айттык. Иштегенге да мүмкүнчүлүк болуш керек да. Эми өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай, тополоң кылбай туруш керек. Өкмөт менен кошо жарышпай, бүт бийлик бутактары, жарандык активисттер ынтымакташып илдет менен күрөшүшү зарыл».
Мурдагы вице-спикер Кубанычбек Исабековдун айтымында, бүгүнкү кырдаалда парламенттин аткара турган иши көп. Ал Жогорку Кеңеш аткаруу бийлигине көзөмөл кылуу колунан келбесе, демилгелер менен иш алып барганы оң деп эсептейт. Ал бир нече мыйзам долбоору комитеттерде чаң басып жатканын эске салды.
«Ушул кырдаалдан чыгарып кете турган өкмөттүн планы барбы? - деп суроо койду ал. - Эч нерсе жок. Парламенттик бийлик болгондон кийин депутаттар жумушка чыгып жоопкерчиликти алышы керек. Ынабай турган болсо төраганы «жумуштан кет» дебейби. Жок дегенде келип жаткан насыя, грант, фонддордун акчалары каякка кетип жатканын көзөмөлдөп койбойбу. Жөн эле айлык алып жата береби?»
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун парламент жетекчилигинин дарегине айтылып жаткан сын пикирлер тууралуу оюна кызыктык. Ал эл өкүлдөрүнүн баары Бишкекте эле жүргөнүн, муктаждык жарала турган болсо парламент чогула турганын айтууда. Анын сөзүнө караганда, эл өкүлдөрү бардык жарандар сыяктуу эле карантин эрежелерин карманып үйдө отурат.
«Парламент - ири мамлекеттик мекемелердин бири, - деп түшүндүрдү ал. - Ал жерде 120 депутат, аппараттын, иш башкармалыгынын 700гө жакын кызматкери иштейт. Алардын баарын чакырып алып иш жүргүзүү карантиндин талаптарына жооп бербей калат. Андыктан мүмкүн болушунча маселе жаралганда гана чогулуп жатышат».
Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен 6 саясий партиялардын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктайт. Парламенттик шайлоо октябрь айында боло тургандыгы күтүлүүдө.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.