Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:02

Депутаттардын жоругу жана жоопкерчилиги


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Парламенттин депутаттары өлкөдөгү өзгөчө абалдын шартында себепсиз иштен калышты.

Баш мыйзамга ылайык, президент менен бирдей мамлекеттик бийликтин жоопкерчилигин алган Жогорку Кеңеш өзгөчө абалда иштебей, карантинде отурат.

Парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңеш зарылдыкка жараша чогула турганын билдирди. Ошол эле кезде айрым депутаттар ат минип жүргөнүн же үйүндө эс алып жаткан учурун сүрөткө тартып, Интернетте эстафета ойногону коомчулуктун сынына кабылды.

Парламент демилгени тарттырып жиберди

Баш мыйзамдын 3-беренесинде элдик бийликтин үстөмдүгүн бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш менен президент камсыз кыла турганы көрсөтүлгөн. Ошондой эле анын 70-беренесинде парламент мыйзам чыгаруучу жана көзөмөлдөөчү милдеттерин ишке ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган экени так жазылган.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов азыр парламенттин туруктуу иштебей жатканын жоопкерсиздик жана депутаттардын демилгени тарттырып жибергени деп баалады:

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

«Өлкөдө өзгөчө кырдаал түзүлүп турган учурда парламенттин «зарыл болгондо гана чогулабыз» деп өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылганы өтө туура эмес. Мунун өзү кийинки убакта Жогорку Кеңеш өз кадыр-баркын жоготуп, демилгени алдырып, президент менен өкмөттөн келген тапшырмалардын мыйзамдуулугун тастыктап бере турган нотариуска айланып калганын дагы бир жолу далилдеп турат. Анан дагы ушундай жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп туруп, депутаттардын ишке келбей жатканы аз келгенсип, үйлөрүндө жатып алып, зериккенден атка минип түшкөн сүрөттөрүн Интернетке жарыялап, эстафета кылып бири-бирине узатып ойноп жатышканы алардын жоопкерчиликсиз экенин көргөзүп турат».

Эки ача жооптор

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев регламент боюнча депутаттарга ар бир үчүнчү айдын акыркы жумасында шайлоочулар менен жолугушууга убакыт каралганын айтууда. Анын пикиринде, азыр парламенттин туруктуу иштебегени карантин учурунда катардагы кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу.

«Башында парламент кезексиз жыйынга чогулуп, өзгөчө абалды карап, кабыл алып берди, - дейт ал. - Андан кийинки жумада кандай зарыл мыйзамдар керек болсо, ошолордун бардыгын карады. Жогорку Кеңеш иштебей жаткан жок. Тиешелүү комитеттер иштеп, материалдарды даярдап жатышат. Зарылчылык болгондо ыкчам түрдө чогула алабыз. Биз улам жолугуша бербей, аппаратта иштеген кызматкерлердин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ошого шарт түзүп, карантиндин эрежелерине баш ийишибиз зарыл».

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу болсо учурда аппарат менен иш башкармалыгы иштеп жатканын айтып, депутаттар зарылдыкка жараша чогуларын билдирди:

«Депутаттар чоң жыйындарга муктаждыгына жараша жыйылат. Анда маселе жок. 12 саат ичинде Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, кандайдыр бир зарыл маселелерди карап, чечим кабыл алып берет. Анткени азыркы учурда парламенттин аппараты жана иш башкармалыгы иштеп жатат. Тиешелүү кызматкерлерлердин бардыгы жумуш ордунда».

«Атчандар полку»

«Фейсбук» социалдык тармагында Тазабек Икрамов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Мирлан Бакиров жана Бактыбек Раимкулов баштаган депутаттар «Ат - адамдын канаты» деген аталыштагы эстафета баштаган. Өз ара бири-бирине көрсөткөн сый-урматтарын белгилеп, алкынган аргымактары менен түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырышкан.

Интернет колдонуучулар карапайым калк нанга жетпей жаткан кезде депутаттардын кымбат баалуу аргымактарына минген сүрөттөрүн чыгарганы осол, уят иш экенин жазып чыгышкан.

Бирок депутат Тазабек Икрамов сүрөттөрүн аргымагын даңазалаш үчүн эмес, сунулган эстафетага жооп кайтаруу үчүн жайгаштырганын айтып, аны башкалардын сындашына негиз жок экенин белгиледи:

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

«Көкбөрү федерациясы ушундай эстафетаны баштаган экен. Анан мен Аманбековдон эстафетаны алып, Төрөбай Зулпукаровго тапшырып бердим. Адамдар тарабынан мына ошондой сураныч болуп жаткандан кийин ага жооп берип, кайра башка бирөөгө өткөзүп коюу – бул адамгерчиликтин эле белгиси. Мен бул жерден жаман нерсени көргөн жокмун. Бул жерден кандайдыр бир трагедия жасап, жумурткадан кыр издештин кереги жок».

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышы 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен тандалып келген саясий партиялардын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктап, октябрь айында Жогорку Кеңештин кийинки депутаттарын шайлоо күтүлүүдө.

Кырнет: эстафета ойногон депутаттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00


Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG