Президент өлкөдө «күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги болушу керек экенин, бул мамлекеттин өнүгүшүнө, өлкөдө калыстык болушуна пайдубал» болуп бере турганын белгиледи.
«Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп. Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарышыбыз керек. Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция да өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат. Алдыда чоң саясий процесс жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот. Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Бул - табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Бирок ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпаса, башка жарандын укугун тебелебесе. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш», - деди президент.
Сооронбай Жээнбеков «милиция сындаган активисттерди суракка чакырып жатса, бул да алардын иши экенин, бирок өзү президент катары мындай коргоого муктаж эмес» экенин айтты.
Өлкөдө пандемия күч алгандан бери бийликке, анын ичинен президентке карата айтылган сын-пикирлер күчөдү.
Активист, «#RЕакция» кыймылы башында турган эки митингде модератордук милдетти аткарган Улан Үсөйүн буга бийликтин чабал иш алып барып жатканы себеп болууда деген пикирде.
«Президент "ар бирибиз өзүбүздүн жумушту так аткарышыбыз керек" деп айтып калды. «Мен президент катары так аткарып жатам» деп айтууда. Эгер президенттик кызматын жакшы жана так аткарганда ага эч кандай сын-пикир айтылмак эмес. Азыр баарыбыз көрүп-билгендей, президенттик кызматын так аткара албагандыгы үчүн, алгылыктуу иштер, реформа жасалбаганы үчүн ушундай сындар айтылып жүрөт.
Экинчиден, жарандык коомдун сындап, кемчиликти айтып турганы анын чоң күчү. Президент ар ким өз жумушун так аткарышы керек деп жатат. Демек жарандык коом өз милдетин так аткарып жатканы үчүн президент ага реакция кылууда».
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президентке карата айтылып жаткан сындарга кошулбайт.
«Президентибиз жакшы иш алып барып жатат. Сын-пикир бардык жерде болуп келген жана боло берет. Бул токтобой турган нерсе. Элдин баарына жагыш кыйын. Учурда президенттин оппоненттери, коррупция менен кармалгандардын командалары, жактырбастык кылып, түрдүү иштерди жасап жатышат, - деди депутат. - Пандемия учурунда башка мамлекеттин бийлик өкүлдөрү кабинетинде отуруп, аралыктан иштеп жатышат. Биздин президентибиз канчалык кооптуу болбосун ошол эле ыктыярчы кызыбыздын үйүнө барды. Ар бир облусту кыдырып оору күчөп турса да, бүгүнкү шартка туура келбесе да, элден кабар алып, өзүнүн кызматын аткарып жатат. Анын демилгеси менен ар бир облуска ооруканалар салынып жатат. 30 жылдан бери коррупцияга батып калган Кыргызстанды президент эки-үч жылдын ичинде эле чыгарып, оңдоп-түзөп кетет дегенден алыс болушубуз керек. Ошол сын айткан адамдар президентке жардам берсе, мамлекетибиз алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт эле».
Кыргызстанда адамдар социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрү, бийликке карата айтылган сын-пикирлери үчүн күч түзүмдөрүнө суракка чакырылган окуялар көп. Жакында эле «Фейсбуктагы» «Меместан» деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын аялы милицияга сурак берип чыгышкан.
Арген Бактыбек уулунун жубайы Эркин Асанбаева бийлик сын айткандарды суракка чакыруу менен оозун жабууга, коомдогу көйгөйлөрдү жаап-жашырууга аракет кылып жатат деген ойдо:
«Пандемия Кыргызстандагы көп көйгөйлөрдү ачык көрсөттү. Айрыкча бийлик эч нерсеге даяр эмес экени билинди. Албетте мунун баары сынды, нааразычылыкты жаратты. Мындай учурда жарандардын соцтармактардагы баракчаларынан башка өз пикирин, нааразычылыгын айта турган платформа жок калган болчу.
Бизди суракка чакырганы биз үчүн күтүүсүз болду. Жолдошум Арген Бактыбек уулунун "Фейсбуктагы" баракчасында кимдир бирөөнүн аброюна шек келтире тургандай, мыйзам алдында жооп бере тургандай эч кандай маалымат болгон эмес. Бизди суракка чакырганда «мамлекетти күч колдонуу менен басып алууга аракет кылган» деген негизде күбө катары сурак бердик. Бул жөн гана жалаа.
Азыр блогерлер, журналисттер баарыбыз жакшы эле түшүнүп турабыз - сөз эркиндигине чоң басым жасалып жатат. Суракка чакыруу менен алар активисттерди коркутуп, оозун жабууга аракет кылышууда. Бүгүн биз сын айтсак, эртең биздин оозубузду жаап жатса, демек биз бийликти, президентти гана мактаган авторитардык өлкөгө айланып баратабыз».
"Сындын да чеги болушу керек..."
Буга чейин бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн. Андан мурдараак стендап-комик телефондогу «Doublicat» тиркемеси менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн пайдаланып жасаган видеону социалдык тармактарга бөлүшкөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев социалдык тармактарда туура эмес маалыматты таратып, адамдын аброюна шек келтиргендер жазага тартылышы керек деп эсептейт.
«Бизде сөз эркиндиги деген бар. Ар бир жаран өзүнүн ой-пикирин ачык билдирүүсүнө Конституция жол берет. Ага эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Бирок дагы башка жагы бар, ал да мыйзам менен каралган.
Эгер кайсы бир инсандын атына, аброюна шек келтирсе, болбогон сөздөр менен мамлекетти дүрбөлөңгө салса, андай адамдар жазасыз калбашы керек. Эгер жазгың келсе жаз, ачык айт. Божомол болсо божомол деп айт. Бирок чындыкты калп кылып, же тескерисинче акты кара кылып жазып жаткандар жок эмес. Дал ушундайлардын айынан башкаларга да сөз тийип калып жатат. Ошондуктан аймактык же улуттук бөлүүлөргө чакырган учурда сөзсүз жазага тартылышы керек.
Негизи эле акыркы учурда социалдык тармактарда бирин-бири чукуламай, жаман нерселерин таап элге жарыяламай, жаман болбосо деле жаман деп көрсөтүп ушундай фейктердин группасын түзүп, бир адамды каралап элге ошол мааниде жеткирип коюп жаткандар да жок эмес. Алар моралдык жаткан жоопкерчиликти сезсе жакшы болот эле».
Кыргызстанда Интернетти көзөмөлдөө боюнча сунуштар утур-утур көтөрүлүп турат. Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун парламент жарандык коомдун, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алган. Бирок 3-августта Сооронбай Жээнбеков бул мыйзамга каршы пикирге кол коюп, документтин макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарган.
Айрымдар соңку мезгилдеги кээ бир активисттерге карата басымды жана жамааттык кайрылууларды жайгаштыруучу дүйнөлүк Change.org онлайн-платформасынын тосмолонушун да ушул мыйзам менен байланыштырып жатышат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.