Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:13

Элеттик фельдшердин кетиши элди жүдөттү


Салтанат Шейшеева.
Салтанат Шейшеева.

Нарындын алыскы кыштоосунда ат минип алып кыдырып элдин саламаттыгына көз салган фельдшер кызматынан кетти. Муну элеттик дарыгер жетекчисинин кысымы катары баалап жатат.

Азыр кыштоодогулар фельдшердин жоктугунун азыбын тартышууда. Бейтаптар бир айдан бери 120 чакырым жол басып, райондук ооруканага көрүнүүгө аргасыз.

Салтанат Шейшеева Нарын районунун Кара-Жылга айылындагы ФАПтын фельдшери болуп төрт жылдай иштеди. Айылда 300дөн ашык киши жашайт. Аталган айыл СССР убагында кыштоо катары колдонулуп, кийинчерээк айыл статусун алгандыктан үйлөр чаржайыт жайгашкан. Ушундан улам Шейшеева бейтаптардын саламаттыгын ат минип алып, кээде жөө-жалаңдап карап келген. Акыркы убакта ал Нарын райондук ооруканасынын жетекчилигинин кысымына кабылып, акыры жумушун өткөрүп бергенин кеп кылды:

Салтанат Шейшеева.
Салтанат Шейшеева.

«Директорубуз мени кетириштин амалын кылды. Бир жолу жыйналыштан «карыдың, алжыбай кетпейсиңби» деди. «Мейли эми, жаман көрүнбөй кетсе кетип калайын» деп ойлодум. Анын үстүнө ФАП жайгашкан жерде кошуна үйдүн баласы Нарындагы медициналык окуу жайын бүтүрүп келиптир. Анын ата-энеси райондук оорукананын жетекчилерин коноктоптур да. Анан мени жок жерден кодулай калышты. Мен качан арыз жазып, бошогондон кийин директорум «сени мен кубалаган жокмун, иштей бер» деп шылдыңдагансып койду. Мен ал кезде жумуштан бошогом. Кайра барып иштөөгө мүмкүн эмес болчу».

Шейшеева кысымга чыдабай, өз каалоосу менен иштен бошоо тууралуу арызын жазып бергенин айтып жатат. Бирок Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Сыяпат Сырдыбаева муну жалган жалаа деп эсептейт. Ал «Азаттыктын» суроолоруна кыска гана жооп берип, «курулай тынчымды албагыла» деди:

Сыяпат Сырдыбаева.
Сыяпат Сырдыбаева.

«Анын «кодулады» дегени жалган маалымат. Арызы турат. Андан Нарын районунун акими жана губернатордун орун басары да сурады. «Ден соолугума байланыштуу кеттим» деп өз колу менен түшүнүк жазып берген».

Шейшееванын жумуштан кетишинин дагы бир себеби - айылдагы ФАПтын эски имараты. Кулайын деп араң турган, союздан калган туракты Шейшеева «менчикке өткөрүп берсеңер» деген оюн айткан. Айылдык фельдшер «эгер бул маселе оңунан чечилсе ошол жерге үй-бүлөмдү көчүрүп келип, элдин саламаттыгына кам көрүүнү улантмакмын» дейт.

Анткени быйыл ФАПтын жаңы имаратын салуу планы бар. Бул тууралуу Кара-Жылга айылдык кеңешинин депутаты Таалай Баялиев билдирди:

«Арабдардын «Ас Салам» деген кайрымдуулук фонду бар экен. Аларга кайрылсам «ушул айдын аягы менен жаңы имарат салып беребиз» дешкен. Азыр ошонун кагаз иштерин бүтүрүп, аракет кылып жүрөбүз. Ал эми азыркы ФАПтын имараты союз убагында дарыгердин тамы болгон экен. Анын бир да документти жок. Айыл өкмөттүн балансына да алынган эмес. «Эгер жаңы имарат салынып калса, ошол жердеги медайымды кармап калыш үчүн менчикке өткөрүп берели» деп айыл өкмөткө да айтылган. Бирок азыр толук чечиле элек».

Шейшеева азыр Токмок шаарындагы ооруканага ишке орношкон. Бирок анын Кара-Жылгадагы ФАПтан кетишине ондогон айылдыктар каршы чыгып, 45 кишинин колу коюлган кайрылууну аким менен губернаторго жиберишкен. Антсе да Кара-Жылга айылынын тургуну Сара Кожобекова ал кайрылуудан азыркыга чейин эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын айтты:

«Мына, ФАПта фельдшерибиз жок бир айдан бери жүдөп атабыз. Бейтаптар Нарындагы ооруканага көрүнүп жүрүшөт. Болбосо буга чейин айылдан эле ийне сайдырып, дарыланып турчубуз да. Дегеле Салтанат эже келгени жыргап эле калганбыз. Ийне саят, тамчылатманы да жакшы коёт. Биздин айыл бийик тоолуу аймакта жайгашкандыктан жүрөк оорулуулар көп. Көп кишинин кан басымы да жогору. Үйүбүз да бири-бирибизге жакын эмес. Ошонун баарын Салтанат эже жол тосуп, машине чыкпаса жөө, кээде бирөөнүн атын минип алып кыдырчу да. Азыр ФАПка бир жаш бала келип атыптыр деп угуп атабыз. Ага ким көрүнөт? Кош бойлуу аялдар бар, төрөгөнү бар, аларды кабыл ала алабы? Жаңы эле окууну бүтүптүр. Жок дегенде бир-эки жыл башка жерде иштеп, тажрыйба топтоп алып келсе болмок. Азыр айылдын бир топ аялы Салтанат эженин жумуштан кетишине нааразы болуп, облустук бийликке кайрылганбыз. Бирок жыйынтык болгон жок».

Айылдагы ФАПтын имараты.
Айылдагы ФАПтын имараты.

Шейшееванын жумуштан кетишине айылга жаш кадрлардын ишке келиши себеп болгон. Азыр ошол эле айылдын 21 жаштагы тургуну Мыйзамбек Ишенбеков фельдшер болуп жаңыдан ишке орношкон. Бирок айылдыктардын арасында аны «тажрыйбасы жок, элдин саламаттыгына жетиштүү кам көрө албайт» деп анча көңүлдөнбөй жаткандары бар. Ал эми Ишенбеков өзү ишти жөндөп кетерине көзү жетет.

«Биздин айылга Нарын районунун Лахол айылы коңшулаш жайгашкан, - дейт ал. - Ал жерде үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Мен азырынча ошол жерде иштеп турам. Окууну жаңы эле аяктап келдим. Качан гана ошол жерден жумушка көнүп, тажрыйба топтогондон кийин өзүмдүн айылыма келип иштей баштайм. Бардыгын убакыт көрсөтөт. Ал эми мен коңшу айылда иштеп атканда биздин айылда чакыруу болуп калса, Лахолдогу оорукананын медайымдары менен чогуу барып көрүп турам».

Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борбору былтыр күзүндө да ушундай эле иш менен аты чыккан. Анда оорукананын хирургу Эркингүл Койбакова аз айлыкка даттанган билдирүүсүн соцтармакка жарыялагандан көп өтпөй, кодулоого кабылып, акыры жумуштан кетүү жөнүндө арызын жазып берүүгө аргасыз болгонун айткан болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG