Мээнети акталбаган дыйкан
Нарындык дыйкандар картошканын быйылкы түшүмүн арзыбаган баага сатууга аргасыз болууда. Былтыр өкмөттүн Нарын облустундагы өкүлү Кочкор районунда 50 миң тонна картошка сактай турган логистикалык борбор куруларын жарыялаган. Бирок ал курулбай, дыйкандар картошкасын арзан сатууга мажбур болууда.