3-мартта Семей шаарынын соту 11 жыл түрмөдө отурган Муктар Жакишевдин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу боюнча кайрылуусун канааттандырды.
Сот болгон күнү Казакстандын ар кайсы шаарларынан келген 60тай активист «Жакишевге эркиндик!», «Чындык - бул оору эмес, аны айыктырууга мүмкүн эмес!» деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп алып сот жыйынына келген. Акыркы сөз Жакишевдин өзүнө таандык.
Семейдеги күчөтүлгөн режимдеги ОВ-156/14 абагында камакта отурган Жакишев сотко жеткирилген эмес.
«Мен сот коомдун маанилүү түркүгү деп эсептейм. Коомчулук сотко чечим кабыл алуу жоопкерчилигин өткөрүп берет. Мындай чечимдер мыйзам чегинде, коомдун кызыкчылыгында кабыл алынышы керек. Жогорку соттун токтомуна ылайык, соттолгон адам оорусуна же майыптыгына байланыштуу эмгекке жарамдуу болбой калса, ага карата доолор адамдын шарттуу түрдө жаза мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу боюнча кайрылуусун четке кагууга негиз боло албайт. Менин жүрүм-турумум үчүнчү деңгээлде бааланган - бул эң жакшы баа. Мени колдоого бүгүн толтура адам келгенин көрүп турам. Бул менин кайрылуумду колдоонун моралдык-этикалык жагын көрсөтсө керек», - деген Жакишев видео байланыш аркылуу сотко кайрылуусунда.
Адвокаты Нурлан Бейсекеев Муктар Жакишевдин ден соолугу кескин начарлап кеткенин белгилеген:
«Тергөө абагында отурган төрт жыл ичинде гипертония дартынан ал 24 жолу эстен танган, ага тийиштүү жардам көрсөтүлгөн эмес. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети да ага медициналык көзөмөл керек экенин белгилейт».
Ал эми өкмөттүк прокурор Саид Аймухан Жакишев Ульби металлургия заводуна, «Казатомпром» компаниясына, тоо-кен жана соода-транспорт компанияларына жалпысынан 99 миллиард теңге зыян келтирген деп табылганын эске салган. Бул зыяндын ичинен ал 272 миң теңгесин гана кайтарып бергенин кошумчалаган.
«Жакишев 2008-жылдын 21-майынан бери жазасын өтөп жатат. Майыптыгы 2018-жылдын 4-майында гана аныкталган. Бул арада Жакишев абакта жумушка кирип, бул чыгымдарды өкмөткө иштеп берүүгө шарты бар болчу. Бирок андай болгон эмес», - деген ал.
Он мүнөттүк тыныгуудан кайткан судья Жанат Абенова сот Жакишевдин кайрылуусун канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирген. Сот өкүмү 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Ага чейин прокуратура соттун чечимин жокко чыгарууну өтүнүп жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрыла алат.
57 жаштагы Жакишев 2009-жылы 21-майда Астанада кармалып, «коррупциялык кылмыштар» деген айып менен 14 жылга соттолгон. Муну анын жактоочулары менен бир катар укук коргоочулар бозгундагы казак саясатчысы Мухтар Аблязовго каршы көрсөтмө бербей койгону үчүн жазалоо катары баалашкан.
Жакишев 2018-жылы июлда экинчи топтогу майып катары таанылган. Ал абакка чейин эле гипертония дартынан жабыркап жүргөн. Ошол жылы күздө каза болгон апасынын Алматыда өткөн тажиясына катышууга да уруксат бербей коюшкан. Жакишев аны шарттуу бошотуу боюнча буга чейин сотко эки жолу кайрылып, ал арыздар канааттандырылган эмес.
Эл аралык укук коргоо уюмдары бир нече ирет Казакстандын бийлигин Жакишевди бошотууга чакырышкан. 2015-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жакишевдин жазасын жокко чыгарып, анын адилеттүү коомдук сотко болгон укугу камсыз болбогонун тааныш керек экенин билдирген.
2018-жылы норвегиялык Хелсинки комитети жана «Борбор Азиядагы адам укуктары» ассоциациясы Муктар Жакишевге ырайым берүүнү өтүнүп президент Нурсултан Назарбаевге ачык кат жазышкан.
2019-жылы сентябрда Женевада Адам укуктары боюнча кеңештин 42-жыйынында БУУнун комиссары Мишел Бачелет казак бийлигин «макул эмес адамдарды куугунтуктоого колдонулган мыйзамдарды кайрадан карап чыгууга» чакырган.
Ал эми «Freedom House» Казакстан эл аралык келишимдерди урматтап, аларга ылайык өз милдеттерин аткарарын көрсөтүп, Жакишевди эркиндикке чыгарышы керек экенин билдирген.
Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев февралдын аягында Informburo.kz интернет-журналындагы маегинде Жакишевдин жаза мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу тууралуу кайрылуусу боюнча сот калыс чечим кабыл аларына үмүт арткан.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.