Оору менен алышкан жазуучу
Журналистика менен кара сөздү эриш-аркак ала жүргөн Мамат Райымжанов соңку кездери кара жанынын кайгайы менен көбүрөөк алек болууда. А бирок оорудум деп жатып калбай биртоп аңгемелери менен “Тайга-тагдыр” повестин кошуп китеп чыгарды. Элет турмушу менен жаңы доордо алапайын таппай калган карапайым калктын чет өлкөдөгү мусапыр турмушун көркөм иликтөөгө алган жазуучуну кабарчыбыз Бекташ Шамшиев кепке тарткан.