Азыркынын таржымалы
Адегенде көзгө басар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион тууралуу эки ооз сөз. Курулушу 1939-жылы башталып, 1941-жылы бүткөрүлгөн. 18 миң кишиге чейин батат деп эсептелип жүрөт.
Салынгандан бери үч ирет капиталдык реконструкциядан өткөн. Бул стадион өзгөчө 2015-жылдын жайында Кыргызстан менен Австралиянын дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу үчүн өткөргөн оюнунда эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган.
Газондон тарта күйөрмандардын коопсуздугуна чейинки маселеге байланыштуу ошондо эле жаңы стадион куруу талаптары байма-бай айтыла баштаган.
Андан бери спорттон же футболдон алысыраак коомчулук стадион тууралуу унута түшүп, маселе Азия биринчилиги учурунда кайра көтөрүлдү.
Президент Сооронбай Жээнбеков футболду өнүктүрүү үчүн атайын программа иштеп чыгууну өкмөткө тапшырды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев миңдеген элдин алдында, Ала-Тоо аянтында “Стадион болот” деп так айтты.
Бирок маселе каражатка гана байланыштуу.
Жаңы стадион: кыялдар жана пландар
Төрт жылдай мурда да стадион салуу талабы айтылганда агездеги өкмөттө болжолдуу план иштелип чыккан. Ага ылайык, спорт майданы үчүн Сокулук же Аламүдүн райондору жактан жер караштырылмай болгон.
Ошол убактагы премьер-министр Темир Сариевдин эсебинде стадион үчүн оголе чоң каражат кетмек эмес:
- Орточо эсеп менен 25 млн. доллар тегерегинде деген сан айтылганы эсимде. Бардык шарты менен чоң стадион, ичинде журналисттер үчүн атайын зал, VIP-залдары бар, спортчулардын чечинип, жууна турган жерлери, эки жактын күйөрмандары кагылышып кетпеши үчүн эки башка кире турган эшиктер. Өзгөчө кырдаалдар үчүн алты туштан кирүү жолдору белгиленген. Чоң унаалар токтоочу жайы. Андан тышкары машыгуучу дагы үч жашыл майсаң аянты, жатаканасы бар базасы болуш керек эле. Балдар ойноп-машыгуучу жагы да каралган.
Ал эми сыйымдуулугу 25-30 миң кишилик деп эсептелген.
Жаңы футбол талаасы кыргыз футболунун негизги колдоочуларынын бири, ишкер Аскар Салымбековдун да көптөн берки кыялы. Ал 30-35 миң орундуу стадион куралы деп келет.
- Ал үчүн менин оюмча 70-80 млн. доллардын тегерегинде акча кетет. Андай стадиондор ар кайсы шаарларда ар кандай шарт менен салынат. Мындай 30 миңдик стадиондор Дүйшөмбүдө салынды, Ташкентте, Ашхабадда, Казанда бар. Эми мынча акчаны тапса болот. Бюджеттен өөнөш керек да.
Айтылган сумма, атүгүл 25-30 млн. доллар деле Кыргызстандын бюджети үчүн чоң сумма жана бир гана долбоорго бөлүнүшү кыйын. Мындай шартта сырттан же ичтен инвестор издөө сунуштары да айтылып жатат.
Кыргызстандын футбол федерациясынын мурдагы вице-президенти, азыркы аткаруу комитетинин өкүлү Асылбек Кадыралиев инвестор өзүбүздөн чыкса деп турат. Алардын үч-төрт жыл мурдагы планы боюнча ишкер эски стадиондун жерине ээлик кылып, анын акысына жаңысын салып бермек:
- Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жерин аукционго коюп, жердин базар баасынын акчасына биз айткандай, биз көрсөткөн жерге стадион салат деген пикирге токтогонбуз. Жаңылышпасам, ошол учурда Мамлекеттик мүлк фонду ал жерди эң аз дегенде 40 млн. доллар турат деп айткан.
Ал сөздөр азырынча план бойдон турат. Кадыралиев Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) же Азия футбол конфедерациясы (АФК) курулушту каржылабайт деп жатат.
Футболду өнүктүрүү тууралуу программа иштеп чыгуу өкмөткө тапшырылган. Иштелип бүткөндө жарыялай тургандыктарын вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова маалымдады.
Коңшу өлкөнүн тажрыйбасы
Казакстан 2002-жылдан тарта Европа футбол ассоциацияларынын союзуна кошулган. Тагыраагы Азия эмес Европа биринчилиги үчүн таймашат. Мына ошол кезде өлкөдө Алматы шаарындагы “Кайрат” командасыныкынан башка стадион УЕФАнын стандартына төп келген эмес.
Натыйжада, европалыктардын талабы менен жаңы стадион, 30 миң кишилик “Астана Арена” салынган. Калаанын сыртында. Чатыры компьютердин жардамы менен 20 мүнөттө жабылып-ачылат. Дал ушул татаал технология кылдаттыкты, мээнетти жана каражатты көп талап кылганын куруучу адистер белгилешкен.
Бул стадион тууралуу биз “Азаттыктын” казак кызматынын спорт журналисти Руслан Меделбектен кеңири сурадык:
- 2005-жылы стадион салуу тууралуу документке кол коюлуп, 2006-жылы башталды. Кайсы компания, канча акчага салганы тууралуу эч дайын жок. Бирок түрк компаниясы деген маалыматтар тарады. Салынып жатканда маалыматтар ачыкка чыккан жок. Агезде социалдык сайттар болбоду. Эл деле талап кылып, сурабады. 2009-жылы үлкөн ачылыш салтанаты болду.
- Издештирип, расмий булактардан таппай койдум. Бюджети ачык айтылбайбы?
- Бюджети эч кай жерде, эч качан ачык айтылбады. Сайтында да эч маалымат жок. Чет элдик компаниялардын мындай стадиондун чыгымы мынча деген болжолу жана казак маалымат каражаттарынын жазышынча, бул курулушка 150-180 млн доллардын тегерегинде коротулган.
- Өзгөчөлүгү чатыры ачылып-жабылып турат экен?
- Ооба, кышта Астанада өтө суук, анда жаап салышат. Мындай стадион Борбор Азияда бирөө эле. Эл аралык стандарттарга шай келиш үчүн орундуктарын да чет элден алып келишкен.
- Бирок “Астана Арена” өзүн канчалык актап атат?
- Башында аябай чоң сын болгон. Анткени ал жерде ижара акы өтө кымбат. Футбол секцияларына катышуу да кымбат. Ошон үчүн 2011-жылы Азия оюндары бүткөндөн кийин объектилеринин баары бошоп калды. Футболчуларыбыз жазда, чемпионат бүткөндөн кийин Түркияга, Араб Эмираттарына же Катарга кетет. Анткени “Астана Аренада” кошумча машыга турган аянттары жок. Тек гана оюн жана иш-чараларды өткөрүшөт. Кээде, мисалы президенттик шайлоо учурунда “Нур-Отандын” чоң жыйындары өтөт. Көбүнесе оюн-зоок кечелери өтүп калды.
Ал эми казактардан айырмаланып Хорватия бийлиги өткөн жылы алдыда кура турган стадионунун баасын ачык айтты.
2018-жылы Хорватия резонанс жаратып, дүйнө чемпионатында күмүш медал утту. Бул жеңиш өлкөдө албетте кубаныч толкунун жараткан. Ошол эле маалда эл улуттук курама үчүн жаңы, шарты мыкты стадион комплексин курууну талап кылып чыгышкан.
Финалдык оюндардын алдында Хорват башкалаасынын мэри Милан Бандич 35 миң киши бата турган жаңы стадион курууну убада кылып, дароо аренанын долбоорун жарыялаган. 120 миллион еврого курам деп баасын да так айткан. Бандич ал сумманын "70% шаар, калганын өкмөт менен Хорватиянын футбол союзу берет" деп каржы ээлерин да айта өткөн.