Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Футболдун элди бириктирген күчүн көрдүк


Футболчу Виталий Люкс сүйлөп жатат. 24.01.2019-жыл.
Футболчу Виталий Люкс сүйлөп жатат. 24.01.2019-жыл.

Азия кубогундагы кыргыз футболчуларынын оюну улуттук намыстын шыктандыруучусу болуп калды деген пикирлер айтыла баштады.

Спортту өнүктүрүү үчүн өкмөт кандай саясат жасашы керек, ага коомчулуктун салымы кандай болушу кажет, дегеле Кыргызстанда дагы кандай идеялар, долбоорлор элди бириктирүүгө, мамлекетти чыңдоого салым кошо алат ж.б.у.с. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издөөгө аракет кылабыз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, Футбол боюнча Азия чемпионатындагы кыргыз футболчуларынын оюндары мурда болуп көрбөгөндөй коомчулуктун көңүлүн бурдурганына эмне себеп болду, футболго болгон кызыгуyнун коомдук маани-маңызы эмнеде деп ойлосуздар?

Бүгүн футбол – элди, улутту бириктирүүчү заманбап фактор болду. Кыргыз футболу келечеги бар экенин көргөздү, элди алдыга сүрөй турган чоң күч экендигин билдик.
Ташманбет Кененсариев.

Ташманбет Кененсариев: Кыргыз кызык эл. Анын тарыхында элди бириктирген көп окуялар болгон. Жоокерчилик заманда, андан кийинки көп мезгилдерде кыргыз өзүнүн биримдигин, ички кудуретин көрсөтүп келген. Согуш окуялары эмес кубанычтуу күндөрдө да биригип, кубанып тоскон, белгилеген учурлар көп.

Азыркы учурда кыргыз эли үчүн маңдай жарыла кубана турган майрам – футбол болууда. Мындан эки жыл мурда кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңилип калганда кандай бириктик, кандай намыстандык, былтыр кайра үчүнчү Көчмөндөр оюндарында чемпион болгондо улуттук намысыбыз бийиктеп, бириге алганыбызды далилдедик.

Бүгүн футбол – элди, улутту бириктирүүчү заманбап фактор болду. Кыргыз футболу келечеги бар экенин көргөздү, элди алдыга сүрөй турган чоң күч экендигин билдик.

Алмаз Акматалиев: Менин таң калганым бул – биздин команда болгону төрт оюн өткөрдү, анын үчөөндө жеңилип, бирөөнү эле уттук. Биз, жалаң эле уткан учурда эмес, утулган учурда да окуяны даңазалап, команданы татыктуу тосуп алса боло турганын далилдедик. Алар сыйга-урматка татыктуу экенин көргөздүк.

Себеби, баарыбыз күбө болдук, биздин балдар кесипкөй оюн көрсөтүштү. Биринчи фактор, элибиздин духун, рухун, жигерин, энергиясын көрсөтүштү.

Экинчи фактор, оюндун кожоюндары, кытай калысы тарабынан калыстык болбой калганына карабай, кыргыздар калыстыгын, көчмөн айкөлдүгүн көргөзүп, улуттун баркын көтөрүштү.

Үчүнчүдөн, футбол – ХХI кылымда маанилүү саясий фактор экенин да сезип жатабыз. Эң негизгиси улуттун намысын ойготуп, бириктирүүчү фактор экенин көргөздү. Бизде канчалаган партиялар элди бириктире албай убара болуп жүрүшөт. Бул жерде кичинекей футболдук команда бүтүндөй мамлекетти бириктирип салды.

Футбол командабызды тосууга келген Ала-Тоо аянтындагы элди, алты жашар баланын кыйкырып, командага күйөрмандык кылып жатканын Интернеттен көрүп алып сыймыктанасың. Биздин жигиттер эл аралык, дүйнөлүк чоң деңгээлде ат салыша ала турганын далилдешти.

“Азаттык”: Кыргыз футболунун бүгүнкүдөй деңгээлге чыгышына жеке инсандардын салымы көп болгонун байкайбыз, коомчулуктагы бүгүнкү маанай, андагы айтылып жаткан ой-пикирлер биздин бийликти, өкмөттү спортту өнүктүрүүгө көңүл бурдуртат десек болобу?

Ташманбет Кененсариев: Биздин президент Сооронбай Жээнбеков жаңы, заманбап стадион курууга өкмөткө тапшырма бергени жакшы көрүнүш болду.

Футбол академиясын, борборлорун ачуу, футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча сунуштар айтылды. Бийликтин көңүл буруп жатканы ушул десек болот. Дүйнөдө бай мамлекеттер миллиарддаган акчасын коротуп футболду өнүктүрүп жатса, бизде мамлекеттен колдоо албай эле ушундай деңгээлге жетип отурабыз. Көрсө, кеп акчада эмес, ички духта, даярдыкта турбайбы.

Идеология дегенде жалаң эле саясий идея болбош керек. Эң негизгиси элге жаккан, жөнөкөй, түшүнүктүү, анын артынан калк ээрчий турган, жүрөгүбүздөн орун алган идея болуш керек. Футбол ошондой ролду ойноду.
Алмазбек Акматалиев.

Алмаз Акматалиев: Биздин командага “Ак шумкарлар” деп атты ким ыйгарса да мыкты, туура коюлуптур. Ак шумкар биздин балдарга чын эле чоң дух берди окшойт. “Улуттук идеология деген эмне, ал - улутту бириктире турган, алдыга сүрөгөн, шыктандырган идея”,- дейт казактын бир окумуштуусу. Эң туура айтылган.

Идеология дегенде жалаң эле саясий идея болбош керек. Эң негизгиси элге жаккан, жөнөкөй, түшүнүктүү, анын артынан калк ээрчий турган, жүрөгүбүздөн орун алган идея болуш керек. Футбол ошондой ролду ойноду.

Биздин бийлик футболдун ошончолук маанилүү миссияны аткарганын баалап, футболчуларды тосуп алууну уюштуруп, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлап койгону аябай туура болду.

Футболчулар менен президент Сооронбай Жээнбеков жолуккан учур. 24.01.2019.
Футболчулар менен президент Сооронбай Жээнбеков жолуккан учур. 24.01.2019.

Кыргызда элди бириктире турган футболдон башка факторлор деле бар. Төрт-беш жылдан бери “Ак калпак күнүн” белгилеп жүрөбүз, ал дагы өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат. Мен, бала-чакамды, ага-туугандарымды ээрчитип, ак калпагыбызды кийип алып, көчөгө чыкканбыз. Бул көрүнүш адамга канча дем берет. Эң негизгиси "Манас" эпосунда кыргыз үчүн ченемсиз идеялардын кени жатат.

Ташманбет Кененсариев: Улутту бириктирген мисалдар дүйнөдө көп. Мисалы, Жапонияда океандан суу ташкыны болгондо, жапондор “бул кырсыктын кесепетин сырттан жардам албай өзүбүз жоебуз” деп идея көтөрүштү эле, эл бирикти, жеңип чыгышты. Кыргызда да ушундай таризде улутту бириктирүүчү ыйык баалуулуктарыбыз бар. Кыргыз мобилдүү, бардык нерсени тез кабыл алууга, өздөштүрүүгө жөндөмдүү калк…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG