Бул ишке байланыштуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 30-сентябрга Финполго суракка чакырылган. Бирок ал президент Сооронбай Жээнбеков баштап Ереванга кеткен делегациянын курамында болгондуктан бул ирет суракка барган жок. Соттук өкүлчүлүккө байланышкан бул иш мекемеге айтылып келаткан сын-дооматты күчөттү.
Соттук өкүлчүлүк борборуна мамлекет бөлгөн каражаттын туура эмес пайдаланылышы боюнча териштирүүнүн алкагында Финансы министрлигинде сакталып турган айрым документтер алынды.
Министрликтин сайтына чыккан маалыматка караганда, Финансы полициясы тергөө органдары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү документтерди министрликтин кызматтык документтер сакталуучу жайынан алышты.
Айрым массалык маалымат каражаттары документтер министрдин иш бөлмөсүнөн күч менен алынганын жазышканы менен министрлик муну четке кагууда. Кагаздарды алууга финансы министри Бактыгүл Жээнбаева өзү уруксат берген. Ал 29-сентябрда «Азаттыкка» Финансы полициясына суракка чакырылганын ырастап, буларды айткан:
- Соттук өкүлчүлүк борборундагы төлөмдөр боюнча Финполго чакырышкан. Бирок мен анда иштеген эмесмин, ал 2012-2015-жылдары болгон төлөмдөр. Ошондуктан менин тиешем жок. Төлөмдөр Финансы министрлиги аркылуу өткөн да. Ошондуктан чакырып жатышса керек. Мен барганда деле эч нерсе айтып бере албайм.
Ал Финполго 30-сентябрда суракка келиши керек болчу. Бирок министр Бактыгүл Жээнбаева президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациянын курамында Арменияга Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн кетип, суракка барган жок.
Азырынча Соттук өкүлчүлүк борборуна байланыштуу иштин чоо-жайы белгисиз. Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур борбордун айланасындагы иштер боюнча төмөнкүдөй маалымат менен чектелди:
- Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Соттук өкүлчүлүк борборунун кызмат адамдарына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат. Тилекке каршы, тергөө иши боюнча кенен маалымат бериле элек. Бул ишке байланыштуу Финансы министрлигинен керектүү документтер алынган. Учурда сотко чейинки иштер жүрүп жатат.
Финансы полициясы бул иш боюнча кимдер суракка алынып, кайсы жылдагы иштер боюнча териштирүү жүрүп жатканын да ачыкка чыгарган жок. Бир нече сайттар сөз Соттук өкүлчүлүк борборуна бөлүнгөн 6 млн. сомдун айланасында жүрүп жатканын жазышты. Алар жеке булактарына таянып, Финансы министрлиги аталган борборго 1,5 млн. сомдун ордуна кошумча акча катары 6 млн. сом бөлгөнүн жана акча дарексиз пайдаланылганын жазышууда.
Кыргыз өкмөтүнө караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун директору Аяз Баетов Финансы полициясы алар өзүлөрү жазган арыздын негизинде териштирүү жүргүзүп жатышканын билдирди:
- Биз Соттук өкүлчүлүк борборунда комиссия түзүп, 2016-2018-жылдардагы иштер боюнча материалдарды өзүбүз бергенбиз (ред: Финансы полициясына). Азыр ошолорду текшерип жатышат. Ал боюнча кимдир-бирөөгө иш козголгон эмес. Азыр эми бардыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, анан териштирилип калбадыбы.
Демек Финансы полициясы Соттук өкүлчүлүк борборунун мурдагы жетекчилигинин тушунда болгон иштерди териштирип жатат. Себеби, Аяз Баетов бул кызматка 2019-жылдын апрель айында келген.
Борборду буга чейин башкарган Тилек Шамбетов бул иш боюнча Финполго бир жолу суракка чакырылганы белгилүү болду. Ал тергөөнүн сырларын ачыкка чыгарбоого милдеттенип кол коюп бергенин жүйө келтирип, иш боюнча эч нерсе айтып берген жок.
Соттук өкүлчүлүк борборунун айланасындагы азыркы жагдай мекемеге буга чейин айтылып келген дооматтарды күчөттү. Жакында эле кыргыз өкмөтү Торонтодогу Эл аралык арбитраждык сотто - Канаданын «Stans Energy Corp» жана «Kutesay Mining LLC» тоо-кен компанияларына утулуп, 24 млн. доллар доого жыгылган. Юристтер борбор мамлекеттин кызыкчылыгын коргош үчүн чабал эл аралык юридикалык компаниялар жалданып жатканын сындап чыгышкан.
Эл аралык соттук талаштар боюнча адис Жоомарт Жолдошев Кыргызстан эл аралык сотто өлкөнүн таламын талашкан компанияларга акыркы төрт жылда эле 14 млн. доллар каражат коротконун айтып, мекемеде бир топ каржылык мыйзам бузуу болушу мүмкүн деп күмөн санап жатат.
- Азыр 6 млн. сом боюнча эле сөз болуп жатат, - деди ал. - Бирок бул Соттук өкүлчүлүк борборундагы акчанын чети эле. Кыргызстанга эл аралык юридикалык кызмат көрсөткөн эл аралык юридикалык компанияларга миллиондогон долларлар кеткен. Эң жаманы - ошончо каражат кеткени менен Кыргызстан эл аралык соттордо жеңилип, биз жалдаган компаниялар өлкөнү карызга батырып келе жатат.
Соттук өкүлчүлүк борбору кыргыз өкмөтүнүн таламын эл аралык жана жергиликтүү соттордо натыйжалуу коргоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Өкмөттүн атайын токтому менен борбор соттук жараяндарга катышууга укуктуу.