Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

Кыргызстан вируска каршы текшерүүнү күчөттү


Кытайдан келген жүргүнчүнү текшерүү учуру. Алматы, Казакстан. 21-январь, 2020-жыл.
Кытайдан келген жүргүнчүнү текшерүү учуру. Алматы, Казакстан. 21-январь, 2020-жыл.

Кыргызстан Кытайда тарап жаткан, өпкөнү сезгенткен коронавируска каршы туруу боюнча иш-аракеттерди баштады. Өлкөдө бул вирус жуккандар катталган жок.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кытайдан келгендер кошумча текшерилип жатат. Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирустан тогуз киши көз жумганы кабарланууда. Ооруну жугузуп алгандар АКШда да катталды.

Кыргызстан Кытайда тарап жаткан, өпкөнү сезгенткен коронавируска каршы туруу максатында Кытай менен чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди:

- Бизде коронавирус катталган учур болгон жок. Ал оорунун белгилери менен кайрылгандар да жок. Кытай менен чектешкен «Эркечтам» жана «Торугат» бекеттери бар. Ушул чек араларда, аба бекеттеринде биздин санитардык пункттарыбыз бар. Ошол жердеги адистер Кытайдан өтүп келе жаткан жарандарда ушул оорунун белгиси барбы-жокпу деп текшерип жатышат.


«Манас» аэропортундагы санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Кытайдын Үрүмчү шаарынан учуп келгендерди текшерип жатканын «Азаттыкка» аба бекетинин басма сөз катчысы Алия Курбанова кабарлады:

- Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учак күн сайын учуп турат. Рейстерди кытайлык авиакомпания ишке ашырат. Ал Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу 23-январдан 1-февралга чейин каттамдар убактылуу токтойт.

Кытайдын Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Ли Бин 22-январда соңку маалыматтарды айтып, каза болгондордун саны тогуз, ооруну жугузуп алгандар 440 киши экенин расмий билдирди.

22-январда ооругандар АКШда да катталды. Ошентсе да Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ген Шуан кырдаал көзөмөлдө экенине ишендирүүгө аракет кылууда. Кытайда вирусту жугузуп алгандардын көбү Ухань шаарында болуп жатат.


Кытайдан тараган белгисиз жугуштуу оорудан сактаныш үчүн бир катар өлкөлөр, анын ичинде Казакстан, Тажикстан, Орусия да чек арасында жана аэропортторунда текшерүүнү күчөттү. Орусиянын Вирусология жана биотехнология борбору 21-январдан тартып чек аралардагы өткөрүү бекеттеринде, аэропорттордо сырттан келгендерди кошумча текшерүү башталганын маалымдады.

Ал эми Тажикстандын Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тышкы иштер министрлигине жана Туризм комитетине жугуштуу вирустан улам кытайлардын өлкөгө киришин чектөө киргизүүнү сунуш кылды.

- Чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык карантин посттору бар. Кандайдыр бир вирус аныкталса, көзөмөл күчөтүлүп, алар күнү-түнү иштөө режимине өтөт. Ар бир аэропортто заманбап дарт аныктоочу аппараттар бар. Кытайдан келген ар бир жүргүнчү дарыгерлердин кароосунан өтүп жатат. Эгер вирустун белгилери табылса, жаран атайын машине менен инфекциялык ооруканага жеткирилет, - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мирхомуддин Камолзода.

Тажик бийлиги Кытайдагы вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин аэропорттордо жана чек ара өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлгөнүн билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG