Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:12

Талдоочу «Фейсбуктагы» пикири үчүн сурак берди


Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип чыкты. Буга анын социалдык тармактагы пикири себеп болгон.

Айданбек Акматов 22-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына «Олигархат же үч баштуу ажыдаар» деген пост жазган. Ал жерде «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкени» айтылат. Саясат талдоочу «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген.

Айданбек Акматов «Фейсбуктагы» постуна Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековдун жана жакында эле мандат алган ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун сүрөтүн кошо тиркеген.

Айданбек Акматов бийликти сынга алган посту үчүн 11-августта ИИМге күбө катары сурак берип чыкканын билдирди. Акматов бул окуяны саясат менен байланыштырды:

«Менин суракка чакыртылышыма оппозициялык маанайдагы «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен кызматташып, ошол партиянын тизмесинде парламенттик шайлоого катышуу аракетим себеп болууда. Булар көптөн бери илинчек таба албай жүрүшкөн. Акыры «Фейсбуктагы» постумду көрө калышыптыр. Менин постум ua.kg деген сайтка чыгыптыр. Ошол сайтка чыккан материалдын негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатыптыр. Бул менин саясий аракетиме байланыштуу кысым-басым. Мындан башка эч кандай негиз жок. Мен республикада болуп жаткан саясий процесс боюнча көз карашымды, оюмду талдап жазгам. Ушундай иштер улана берсе кайда барабыз? 30-жылдардагы окуялар да күлкүлүү болуп калды».

Айданбек Акматов буга чейин да кыйыр түрдө ар кандай эскертүүлөр болуп келгенин кошумчалады. Сурак жүргүзгөн тергөөчү саясат талдоочу ИИМге дагы чакыртыла турганын айтып, бирок убактысын ачыкка чыгарган эмес. ИИМ бул окуя боюнча комментарий бере элек. Министрлик менен байланышууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок.

Азыркы бийликтин ишмердигин сындап келе жаткан Айданбек Акматов быйылкы парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен бара турганын кошумчалады.

Талдоочунун ИИМ аны суракка чакырууга жүйө кармаган макаласы ua.kg сайтынын саясат бөлүмүндө азыр да илинип турат. Аны 22-июндан бери 4085 адам окуган. Сайтта иштеген журналист Адилет Сыдыков Акматовдун макаласын өчүртүү аракеттери болгонун эстеди:

«Айданбек Акматовдун макаласын «автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт» деген эскертүү менен сайтыбызга чыгарганбыз. Андан кийин 2-3 кишиден эскертүү келип, макаланы өчүрүүнү суранышкан. Алар Матраимовдордун жакын адамдары, туугандары экенин айтышкан. Бирок ал макаланы өчүргөн эмеспиз. Айданбек Акматовду ИИМ суракка алганын бүгүн эле уктук. Мен билгенден күч түзүмдөрү бизге кайрыла элек».

Акматовдун постунда «Мекеним Кыргызстан» партиясы тууралуу да айтылат. Бул партиянын өкүлү Канатбек Азиз Айданбек Акматов «Бүтүн Кыргызстан» партиясына иштегендиктен, анын пикири объективдүү болуп эсептелбей турганын билдирди:

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

«Айданбек Акматов сын жолу менен «Мекеним Кыргызстан» партиясы аз добуш алып калышына аракет көрүп жатат. Анын болгон аракеттери мыйзамга карама-каршы келет. Акматов биздин партия жөнүндө алгачкы жолу жазып жаткан жок. Мен Айданбек Акматовдун аракеттерин «Бүтүн Кыргызстан» партиясына иштеп жатат деп түшүнөм. Ал буга чейин эле ошол партиянын лидерине көңүлү түз экенин айтып жүргөн».

Буга чейин саясатчы Бектур Асанов да өлкөдө туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда олигархиялык-бандиттик коррупциялык топ түзүлгөнүн, бул система кийинки эки президенттин тушунда гүлдөп, Сооронбай Жээнбековдун бийлиги аны улантып жатканын айтып чыккан. Асанов Кыргызстанда мындай топтун башында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов турарын кошумчалап, президентти ага каршы чара көрүүгө чакырган.

Саясатчынын билдирүүсүнө президенттин аппараты реакция кылган эмес. Ал эми Райымбек Матраимовдун агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов саясатчы Асановдун билдирүүсүн «далилсиз ушак» катары баалап, шайлоо алдында пайда болуп, элге кайрылып, кимдир-бирөөлөрдү айыптоо мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калганын белгилеген.

Социалдык тармактагы пикири үчүн суракка чакыртылгандардан Айданбек Акматов жалгыз эмес. Жакында эле «Фейсбуктагы» «Меместан» деген баракчанын администратору Арген Бактыбек уулу жана анын аялы да милицияга сурак берип чыгышкан.

Буга чейин бишкектик стендап-комик (stand-up comedy) Назгүл Айылчынова да 15-июлда УКМКга күбө катары сурак берген. Ал суракка кирип чыккандан кийин «Фейсбуктагы» баракчасындагы бир нече билдирүүлөрдү өчүргөн.

Медиа тармагындагы эксперт Айбек Турдалиев мындай көрүнүштөрдү сөз эркиндигине болгон кысым катары сыпаттады:

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

«Муну блогерлердин, эркин журналисттердин, өз пикирин айта алган жарандардын эркиндигине болгон кысым жана аларды ооздуктоо аракети катары кабыл алсак болот. Бийлик ушундай жол менен шайлоо алдында сөз эркиндигине кысым жасап жатат. Бул көрүнүш коомдогу чыңалууну, бийликке болгон сын көз карашты мындан да күчөтөт. Конституцияда жазылгандай, сөз эркиндиги - эң негизги укук жана биздин баалуулугубуз. Ал эркиндик кысымга алынса, анда авторитардык режимдин орноп келе жатканын түшүндүрөт».

Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү күч түзүмдөрүнө сурак берип чыккандан кийин жазган постун өчүрүп же кечирим сураган учурлар көп кездешет. Укук коргоочулар тиешелүү кызматтардын мындай кадамдарын сынга алып келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG