Журналисттин адвокаты Тимур Султанов сот чечими менен макул эмес экенин «Азаттыкка» билдирди:
«Биз адвокаттар соттун чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейбиз. Анткени Жазык-процессуалдык кодекстин нормалары бузулду. Ошондуктан, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылабыз».
Биринчи май райондук соту 10-августта Абдуллаевдин бөгөт чарасын жабык карады. Сотко кирердин алдында Абдуллаев журналисттерге өзү мыйзамсыз өтүнүч менен кармалганын жана күнөөсүз экенин билдирди.
УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов издөөдө жүргөн Бобомурод Абдуллаев 9-августта Өзбекстандын өтүнүчү менен кармалганын «Азаттыкка» ырастады.
Журналисттин дагы бир адвокаты Тимур Карабаев Өзбекстандын укук коргоо органдары аны Жазык кодексинин 158-беренеси («Өзбекстан Республикасынын президентине зыян келтирүү»), 159-беренеси («Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө зыян келтирүү») менен айыптап жатканын билдирди.
Журналист 9-августтун кечинде Бишкектеги кафелердин биринде кармалганы белгилүү болду.
Абдуллаев Кыргызстанга Борбор Азиядагы Америка университетине төрт айлык окуу үчүн келген. Окуусу бүткөндөн кийин пандемияга байланыштуу Европага кете албай калган.
Францияда жайгашкан "Борбор Азиядагы адам укуктары" деп аталган уюмдун жетекчиси Надежда Атаева "Фейсбукка" журналист "расмий Ташкенттин өтүнүчү менен кармалганын" жазды. Бул маалыматты адвокат Карабаев "Азаттыктын" өзбек кызматына да ырастады.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-августта өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин кармалышы тууралуу маалымат берди.
Анда өзбекстандык жаран 8-августта 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу Минск конвенциясынын алкагында кармалганы жазылган.
Кармалган адам бир катар кылмыштар үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдарынын издөөсүндө жүргөнү белгиленген.
"Азаттыктын" өзбек кызматынын маалыматына караганда, Абдуллаев Бишкекте жүргөн маалда анын Ташкенттеги адвокаты Сергей Майоров Ташкенттин Яккасарай райондук ички иштер бөлүмүнө жана Өзбекстандын коопсуздук кызматына кат жиберип, Абдуллаевге эч кандай кылмыш иши козголбогону тууралуу маалымат алган.
Ташкенттеги сот иши
"Интернетте «Усман Хакназаров» деген ат менен таанымал Бобомурод Абдуллаев "Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.
Сот залынан чыккандан кийин Абдуллаев журналисттерге камакта жатканда "азаттык, эркиндик, демократия, сөз эркиндиги жаатында иштеп жүргөн инсандар, кесиптештерим, укук коргоочулар, эл аралык уюмдар менин артымда турганын дайым сезип турдум" - деп айткан.
Адвокат Майоров журналист Ташкентте кармалгандан кийин бир нече жолу кыйноого кабылганын билдирген. Абдуллаев өзүн кыйноого алган тергөөчүлөрдүн үстүнөн арызданып, алардын айрымдары кызматтан бошотулуп, жоопкерчиликке тартылган.
Абдуллаев эркиндикке чыккандан кийин да артынан аңдуулар болгонун 2018-жылы 20-октябрда “Башкесер менен жолугушуу... же репрессиялар кайра башталдыбы?” деген тема менен “Фейсбуктагы” баракчасына жазган. Ал ашканада тамактанып отурганда, өзүн кыйнаганы үчүн “жоопкерчиликке тартылды” делген полиция кызматкери келип, кол берип учурашканын, аны менен кошо дагы он беш чакты атайын кызматтын өкүлдөрү артынан аңдып, үйүнө чейин барышканын жазган.
Абдуллаев быйыл 26-июлда “Фейсбуктагы” баракчасына өзүн соцтармактарда “Кора мерган” деген тергеме ат менен пост жазып жүргөн адам менен чаташтырып атышканын жазган. Абдуллаев бул постторго да, анын авторуна да эч кандай тиешеси жоктугун билдирген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.