Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:48

Стамбулдагы консулдукка сын айтылды


Стамбулдагы жолугушууга келген кыргыз эмгек мигранттары.
Стамбулдагы жолугушууга келген кыргыз эмгек мигранттары.

31-мартта Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыргызстандык мигранттар менен башкы консулдуктун өкүлдөрү жолугушту. Анда Стамбулдагы башкы консулдуктун иши сынга алынып, бир катар маселелер каралды.

Кыргызстандык Рима Масирова көп жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарында жашап иштейт. Ал Стамбулдагы башкы консулдуктун чогулушуна атайын келип, эмгек визасы менен иштеген мигранттардын пенсия маселесин сурады:

Рима Масирова.
Рима Масирова.

«Түркияда иштеп жүргөн кыргыздардын баары билимдүү адамдар. Баарыбыз Кыргызстандагы жумушубузду таштап коюп бул жакта иштеп жүрөбүз. Мен үчүн эң маанилүү суроо менен келдим. Биз азыр Түркиянын Социалдык камсыздандыруу фондуна төккөн төлөмдөрүбүздү Кыргызстанга барганда кайра ала алабызбы?»

Эки өлкөнүн ортосунда мигранттарды социалдык камсыздандыруу жөнүндө келишимге президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Түркияга расмий сапары менен барганда кол коюлган. Келишим боюнча социалдык төлөмдөр Түркияда эмгек визасы менен мыйзамдуу иштеген мигранттар үчүн гана каралган. Бирок Стамбулдагы вице-консул Бакыт Уметов бул келишим Түркиянын парламентинде карала элек экенин баса белгиледи:

«Бул келишимге өлкөлөр арасында кол коюлган, бирок күчүнө кире элек. Түрк парламенти бул маселени карай элек. Балким бир айдын ичинде кол коюлуп калат. Азырынча белгисиз. Ал эми "кол коюлуп ратификациялашканда, пенсия убактыңар келгенде гана ала аласыңар" деген пункттары бар. "Бир же эки жыл иштеп Кыргызстанга барып төлөгөн төлөмдөрдү кайра ала аласыңар" деген түшүнүк жок».

Өтүп жаткан жолугушууга келген кыргызстандык мигрант Мина Өмүрзак чет жакта иштеп жүргөн мигранттар үчүн консулдук кызматтын төлөмдөрү эмне үчүн кыйла кымбат болуп жатканын сурады:​

Мина Өмүрзак.
Мина Өмүрзак.

«Биз консулдукка кандайдыр бир документти алууга барганда ар биринин баасы 50 доллар экенин билип, төлөп жүрөбүз. Мурун 25 доллар болчу. Азыр эмне себептен кымбаттады? Чынын айтсам 50 доллар бир мигрант үчүн чоң эле акча да?»

Мина Өмүрзактын суроосуна Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков жооп кайтарды:

«Бул төлөмдөрдүн көлөмүн өкмөт чечип, бизге бекитип берет. Биз аны эч качан өзгөртө албайбыз. Консулдукта жасалып жаткан ар бир документтин төлөмдөрүн банкка төгөсүз. Акчаны колубузга да албайбыз. Төлөнгөн акча түз эле биздин бюджетке кетет. Биз аны өзгөртө албайбыз. Укугубуз жок».

​Түркияда үч миңге жакын кыргызстандык студент билим алат. Стамбул шаарында өтүп жаткан жыйынга Сакария университетиндеги кыргыз студенттер кеңешинин жетекчиси Арсланбек Кенжетегин Башкы консулдуктун ишмердүүлүгүн сынга алды:

Арсланбек Кенжетегин.
Арсланбек Кенжетегин.

«Буга чейин социалдык тармактарда консулдуктун ишмердүүлүгү көп сынга алынып келди. Мен да убагында көп сын пикирлеримди айтып келгем. Сиздер тууралуу терс пикир айткандар өтө көп. Мунун албетте, себептери бар. Анткени биз, студенттер, көмүскөдө калып кетебиз. Сакария шаарында, мисалы Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарага сиздерди чакырсак бирөөңөр да келип берген жоксуңар. Сиздерден материалдык жардам деле күтпөйбүз. Жөн гана келип бизди колдоп, сөз сүйлөп кетсеңер деле болмок».

Студенттердин сынына Стамбулдун башкы консулу Эркин Сопоков жооп берди:

Эркин Сопоков.
Эркин Сопоков.

«Албетте, сенин сыныңды туура кабыл алабыз. Чынында Түркиянын кичинекей шаарларына чейин кыргыз мекендештерибиз барып иштеп жүрөт. Бирок ошол 30 миңден ашык кыргызстандыктын ар бири менен иш алып барсак, анда биздин төрт консулдун убактысы да жетпейт го деп ойлойм».

Стамбулдагы башкы консулдук уюштурган жыйынга 150гө жакын кыргызстандык келип катышты. Диаспора өкүлдөрү, студенттер жана Түркияда иштеген эмгек мигранттары өз көйгөйлөрүн консулдуктун кызматкерлеринен түздөн-түз айтышып, аларды мамлекеттик деңгээлде чечүүнү талап кылышты. Ошондой эле жыйында учурдагы мигранттардын виза маселелери чоң талкуу жаратты.

Расмий эсеп боюнча Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык бар. Алардын жети жарым миңдейи гана эмгек визасы менен иштейт. Көбү бир жылдык туристтик виза менен жүрөт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG