Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:34

Кара-Сөгөт: Чатырда өткөн эки жыл


Мындан эки жыл мурда кыш чилдеде жер титирөөдөн жабыр тарткан Кара-Суу районунун бир катар айылдарында дале чатырчаларда жашап жаткандар арбын. Кара-Сөгөт айылынын тургундары өкмөттөн бөлүнчү акчаны эмгиче ала албай жатышканын айтышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин жана айыл башчысын паракорлук үчүн айыптап, облустук прокуратурага кайрылышкан.

Кара-Сөгөт айылынын 82 жаштагы тургуну Арзыкан апа да алты небереси менен кыш чилдеде чатырчада жашоого аргасыз болгон.

- Катуу суукта чатырда жашап чыктым. Неберелерим үшүдүк дешет, алардын буттарына кийиздерди жабам. Ошентип, араң жазга чыкканбыз.

Зилзалада Арзыкан апанын үйү жарактан чыгып, бир кышты чатырчада өткөрүп, өткөн кышта болсо чакан жер тамда жашады. Жаздан тарта болгон малын сатып, чакан үй тургузуптур. Өкмөт үй салууга 50 000 сом гана жардам берген.

- Ошол 50 000 сомду аркасынан кууп жүрүп алдык. Аны устага бердим. Бакиевге кайрылат элем: Балам, мен 82 жашка келдим. Чалымын көзү өтүп кеткен, неберелерим менен чатырда отурам.

Кара-Сөгөт айылында азыр да чатырчалар тигилип, анда адамдардын жашап жатышканын, көбүнесе бала-бакырасы менен там курууга ылайда иштеп жаткан бүлөлөрдү көрүүгө болот. Көп балалуу Майрам айымдын тун кызын кышында ала качып кетип, ошол тар чатырчада куда-сөөгүн сыйлап, кыз узаткан.

- Мына сүрөттөрдөн көргүлө, чатырда туугандарды сыйладым. Бирок азыр кышта суук тийип калганга балдарым ооруп жатышат. Бирөөсү ашказаным, экинчиси бөйрөгүм деп ыйлашат.

2007-жылдын декабрь, 2008-жылдын январь айларындагы катуу зилзаладан Кара-Суу районунда жалпысынан миңден ашуун турак-жай жабыркаган. Зилзаладан жабыркаган айылдардын тургундарына мамлекеттик колдоо көрсөтүлөөрү айтылган эле. Кара-Сөгөт, Беш-Мойнок, Алчалуу жана Тогуз-Булак айылдарынын жашоочуларынын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактагы кызматкерлери менен айыл башчысы тургундардан «Жер алып берем, ссуданы эртелетем» деп, 1000 сомдон 5000 миң сомго чейин пара алышкан. Бул тууралуу айылдыктар министр Камчыбек Ташиевге да даттанышкан. Министр бул тууралуу “Азаттыкка” айтып жатып, ал кызматкерлердин баары бир жума мурда кызматынан айдалганын ырастады жана алардын иши прокуратурага өткөрүлүп берилгенин айтты.

Ал эми эл күнөөлөп жаткан айыл башчы Кушбак Ормонов «Азатыкка» элден акча алганын танган жок.

- Мен буларды майыптар, согуштун катышуучулары, оорукчандар деп аларга ссуданы эртелетип бериңиздер деп тизмесин бергем. Туура көпчүлүгүнүн документтерин бүтүрүп бергем. Документ бүтүрүү оор иш. Акчалуулар өздөрү эле бүтүрүп, колунда жок кембагалдар мага бүтүрүп бериңизчи деп акча беришкенде, мен жасап бергенмин. Алар өздөрү суранып, сунуш кылышкан. Акчалары документке кеткен, мен отчет бералам.

Айыл тургундары канчалык даттанышкан менен баягы эле акча берсең ссуданы эртелетип берем дегендер кызматта отурушат деп эл нааразы. Ссуда алыш үчүн документ толтурам деп жалгыз малын саткандар да бар экен. Үйү жарактан чыккан ондогон Кара-Сөгөттүктөр кыш жакындаган сайын минтип сай-сөөгү сыздап, «Азаттык» аркылуу бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.

Коңур аксакал:
- Чоңдорго айтып, бизге жардам берсеңер. Биз эки жылдан карыганда талаада чатырда жашап күн өткөрүп жатабыз.

Боромбаев Байыш: - Мен өкмөттөн эми жардам сурабайм. Баарын өзүм эле бүтүрөм. Комиссиясы келип, заңгыраган үйлөргө акча бөлүп, жарактан чыккан биздин үйлөрдү карабай кетти. Мен өкмөткө таарындым.

Бокошев Нурлан: - Жарака үйдө жашап жатам. 12 жаш балам менен жашайм. Качан басып калат деп, уйку жок. Чатырга чыгайын десем, балдарды жылан чагабы деп корком. Өкмөттөн бир тыйын акча берише элек.

Белек Жусупов:
- Менин үйүмүн абалын көрүп турушса да, акча үчүн сертификат бербей жүрүшөт. Күзүндө дешти, барсам, мартта деди, мартта барсам, майда дейт. Эми барсам деле эч нерсе жок.

Адинай Эркулова: - Айыл башчы “үйүңдү оор абалда деп жаздырып берем, миң сом бер” деди. Макул десем, ошентип жаздырып коюптур. Анан “акчаны качан бересиң” деп артыман кубалады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен бирге гуманитардык жардамдарды да сатып жиберишкенин өз көзүм менен көргөм.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG