Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:24

Исаковдун кеңешчиси Бээжинге даттандыбы?


Талант Султанов
Талант Султанов

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Талант Султановдун "Твиттерге" Исаковдун суракка чакырылганы тууралуу кытайча жазганы талкуу жаратты. Муну расмий Бээжинге арызданып, даттануу катары сыпаттагандар да болду.

Мурдагы өкмөт башчы 26-апрелде УКМКга Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары сурак берди. Ал буга чейин ЖЭБ тууралуу Кыргызстандагы талкуу-талаштарга Кытай тарап нааразы экенин эскерткен.

Талант Султанов "Твиттер" социалдык тармагын жигердүү колдонгон адамдардын катарына кирбейт, адатта көп деле жазбайт. Баракчасын 1,5 миңге жакын адам окуйт.

Султанов 26-апрелде Сапар Исаков УКМКга сурак берип жатканда аны сыртта күтүп турган. Ошол учурда "мурдагы премьер-министр Сапар Исаков коопсуздук комитетине Кытай каржылаган "Бишкек жылуулук электр борбору" долбоору боюнча чакырылды" деген мазмундагы билдирүүнү англисче, кытайча жазган.

Талант Султанов буга чейин кытайча бир да "твит" жазган эмес. Анын өзүнөн бул макала жазылып жаткан маалда комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Ал кытайча жазганын сындагандарга да "Твиттерден" жооп бербеди.

Айрым адистер анын жазганын мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген жосун катары чечмелеп жатышат. Саясат талдоочу Даниел Кадырбеков муну "расмий Бээжинден жардам суроо, даттануу" деп баалады:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Муну эми арыздануу катары эле түшүндүрсө болот. Булар "Кытайдын насыясын тендери жок каалаган шартта алып бергенден кийин бизге жардам берет" деп ойлоп жатса керек. Орусия же дагы башка колониячыл режимдер коргоп калат деп үмүт кылып жатышат окшойт. Бирок Кытай мамлекеттер менен алака түзөт да. Бул жерде ким бийликке келип же кеткени маанилүү эмес, алар жалпы кыргыз эли менен мамилеси бар. Келген насыяларды, гранттарды жеп, туура эмес иш кылып жаткан - бул биздин бийлигибиздин маселеси. Кытай менен Кыргызстандын алакасын эч ким бузганга аракет кылбашы керек. Ар кандай саясий топтор кийлигишип, "ички саясатка пайдаланабыз" дегени - албетте, туура эмес. Чыккынчылык катары деле чечмелесе болот. Мен муну "Вассал болуп силердин кызыкчылыгыңарды карап беребиз" деген маанидей түшүнүп калдым.

Анткен менен Талант Султановдун жазган постун социалдык түйүндөрдөгү кадыресе эле көрүнүш катары кабылдагандар да бар. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул мындай дооматтар негизсиз экенин айтып, ал билдирүүнү жөн гана маалымат берүү катары түшүндүрдү:

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

- Ал болгону "ушундай болду" деп маалымдап жатат. Башка тилде жазса анын эмнеси бар? Бул жерде өөн эч нерсе жок. "Азыр Кыргызстанда ушундай жараян болуп жатат" деп каалагандардын баары эле "Твиттерде" өзүнүн оюн айта алат. Анан калса бизде социалдык медиада чектөө жок. Ал кайсы бир берене менен тыюу салынган чакырык жасаган жок. Эми канча тил билип, ошончо тилде жазса жакшы да. Арыздануунун мазмуну, тону башкача болот да. Эгер ал жерде "туура эмес чакырылды, кысым болду" десе, анда арыздануу деп айтса жарашмак. "Чакырылды, барып келди" деген - бул жөн эле маалымат.

Саясат талдоочу Эмил Жороев канткен күндө да Талант Султановдун соңку жазгандары Бишкек ЖЭБинин айланасындагы кыйчалыш жагдайда түрдүү ойлорду жаратканын белгиледи.

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

- Ушундай саясий жактан сезимтал кырдаалда антип жазбаганы деле балким оң болмок. Негизи эки-үч жылдан бери Талант Султанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен да, Сапар Исаков менен да тыгыз иштешкен, кеңешчи эле эмес, дос дагы болуп калган кишилер. Албетте, бири-бирине жаны күйүп жатса керек. Кытай тилинде жазганы коомдо кандайдыр ойлорду жаратканы жакшы эмес. Муну Талант мырза өзү деле байкаса болмок. Бул маалыматка кимдир-бирөө кызыгып жаткан болсо ал кытайча жазылбаса деле билип алмак. Анын чакырылганы ачык эле маалымат да. Бир жагынан анын кытайча сүйлөгөнү жакшы, бирок ушундай курчуган кырдаалда жакшы эмес пикир калтырды.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш өкмөттөн отчет алып жатканда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн берилген 386 миллион доллар максаттуу сарпталбаганы тууралуу сын пикирлер, дооматтар көп айтылган. Ошол кезде премьер-министр болуп турган Сапар Исаков расмий Бээжин ЖЭБдин айланасындагы талаш-талкууга нааразы экенин билдирген жана депутаттарды этият сүйлөөгө чакырган эле.

- Иликтөө бүтө электе катуу айтпай туралы. Анткени Кытай бизди карап турат. Бул жерде тышкы иштер министри отурат. Мен ачык айтышым керек, бул кишиге Кытайдын элчиси абдан катуу айткан. Ал "Бээжин бул тууралуу көп айтылганына, парламентте дискуссия болуп жатканына түшүнбөй жатат" деген. “Биз түшүнбөй жатабыз, бизди эмнеге капа кылып жатасыңар?” деген ал. Бул айтканымды Эрлан Бекешович (тышкы иштер министри-ред.) тастыктай алат.

​Бишкек ЖЭБин модернизациялоону жана ага кеткен каражатты иликтеш үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиядагы "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын маалыматына караганда, комиссиянын корутундусунда "жоопкерчилиги каралсын" деген адамдардын арасында Сапар Исаков да бар. Депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрүнүн айтымында, ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда тиешелүү чечим кабыл ала турган органдарга ЖЭБди оңдогон "кытайлык TBEA компаниясын колдогула" деген мазмунда жашыруун тилкат жөнөткөн.

Исаков УКМКга ЖЭБ боюнча чакырылганын бышыктаган жана суроолор президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеп тургандагы мезгилдеги айрым бир жагдайларга байланыштуу болгонун билдирген.

Сапар Исаков сурак берип чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG