Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:33

ЖЭБ чуусу: Айбек Калиев кызматтан алынды


Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ЖЭБинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу "Улуттук энергохолдинг" жана "Электр станциялары" ишканаларынын жетекчилери Айбек Калиев менен Узак Кыдырбаевди кызматтан алууну сунуш кылды. Мамлекеттик мүлк фонду премьердин сунушун канааттандырып, Калиевди иштен бошотту. Ал эми Узак Кыдырбаев кылмыш иши козголуп, 4-апрелде камакка алынган. Аны менен кошо Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да кармалган болчу.

Өкмөт башчынын буйругу менен ЖЭБдеги кырдаалга жооптуу деп эсептелген энергетика тармагындагы ишканалардын бир катар аткаминерлерине да катуу сөгүш жарыяланды.

Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен Айбек Калиевдин ордуна Эрали Козубаев "Улуттук энергохолдингдин" төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Сапар Исаков ЖЭБде. 27-январь, 2018-жыл.
Сапар Исаков ЖЭБде. 27-январь, 2018-жыл.

Премьер-министр Сапар Исаковдун төрагалыгы алдында 10-апрелде ЖЭБдеги авариянын чоо-жайын иликтеген мекеме аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы талкууланды. Анда Исаков "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди жана "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору Узак Кыдырбаевди ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө Мамлекеттик мүлк фондуна сунуш киргизди. Исаков жыйында өз чечимин "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилиги ЖЭБди модернизациялоо иштерин жана авариянын себебин "коомчулук менен депутаттарга түшүндүрүп бере алган жок" деп негиздеди:

- Айбек Калиевди күз-кыш мезгилине даярдык көрүү өнөктүгүнө жоопкер катары кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алдым. Буга чейин мекеме аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күттүм. Анда "Улуттук энергохолдинг" депутаттарга жана элге ЖЭБди модернизациялоо боюнча негизги темаларды түшүндүрүп бере албай койгону белгилүү болду.

Сапар Исаков мекеме аралык комиссиянын корутундусуна таянуу менен Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияга ишке болгон шалаакылык түрткү болгонун жана ал кечирилгис экенин айтты:

- Мен комиссиянын корутундусу менен таанышып чыккан соң Бишкек ЖЭБинде болгон абалга ишке карата шалаакылык мамиле себеп болгон деген пикирге келдим. Ошонун натыйжасында кышында башкалаа толугу менен жылуулуксуз калды. Бул – кечирилгис нерсе. Тийиштүү жетекчиликтин жана компания кызматкерлеринин, бардык аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү тууралуу менин кайрылуум боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Учурда иликтөө уланууда.

Быйыл 26-январда -27 градуска жеткен катуу суукта Бишкектин абоненттерин беш күн бою жылуулуксуз калтырган авариядан кийин алгачкылардан болуп ЖЭБдин ошол кездеги директору Нурлан Өмүркул уулу баштаган бир нече кызматкер иштен кеткен. Кырдаалга байланыштуу кылмыш иши козголуп, модернизациялоодо бир топ алешемдиктерге жол берилгени ачыкка чыккан.

Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Кылмыш ишинин негизинде "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин ошондогу орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директору Алмазбек Жусупбеков, башкы директор Узак Кыдырбаев менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов биринин артынан бири кармалган.

Нурлан Өмүркул уулу аварияга өкмөт жана энергетика тармагындагы ишканалар белгилегендей суу бөлүштүрүүчү насос эмес, модернизация иштеринин толук жүргүзүлбөй, акча кымырылганы себеп болгонун маалымдаган.

Эми мекеме аралык комиссия ЖЭБдин жетекчилигиндеги бир катар кызматкерлерди иштен алуу тууралуу тыянакка келди. Мындан тышкары, премьердин буйругуна ылайык, "Электр станциялары" ишканасынын ишеним жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысы Сергей Абдулхаировго, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын" башчысынын орун басары Нурлан Садыковго, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, анын орун басары Азамат Оморовго, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш жарыяланды.

"Электр станцияларынын" техникалык директору Алмаз Жусупбеков, гидротехникалык кызматтын жетекчиси Кубанычбек Манкиев, жылуулук техникалык жабдууларын пайдалануу жана ремонттоо кызматынын башчысы Урмат Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулмай болду. Саясий чөйрөдө Сапар Исаковдун соңку чечимдери түрдүүчө бааланып жатат.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев премьер-министр өкмөттүн алдыдагы отчетун утурлай өзүн коргоого далалат кылып жатат деген пикирде:

- Муну Сапар Исаковдун өзүн-өзү коргоо кадамы деп айтса болот. Себеби ал буга чейин Калиев иштен кетүү тууралуу арызын жазганда "аны күйүп-бышып иштеген жетекчи катары баалап, арызына кол койгон жокмун" деп айткан. Бүгүнкү күндө 600 долларлык кычкач, "аварияга байланыштуу эч кандай чара көрбөйт" деген катуу сын-пикирдин негизде иштен алып жатат. Ошондуктан бул алдыдагы өкмөттүн отчетуна карата өзүн коргоо аракети го деген ой туулат.

Бишкектеги жылуулукка байланышкан кырдаалдан кийин Исаков 31-январдагы Жогорку Кеңештин отурумунда Айбек Калиев "аябай аракеттенип, күйүп-бышып, күнү-түнү уктабай жүргөнүн" айткан. Анын жумуштан кетүү тууралуу жазган арызын четке какканын жарыялаган.

Айбек Калиев "Улуттук энергохолдингдин" жетекчиси болуп 2016-жылдын январында дайындалган. Ага чейин Энергетика министрлиги жоюлуп, электр энергиясын өндүрүүчү, ташуучу жана бөлүштүрүүчү ишканалардын баары бириктирилип, ушул холдинг түзүлгөн болчу. Бийлик ушундай жол менен тармактагы коммерциялык жоготууларды азайтып, коррупцияны жеңүүгө убада берген.

Анткен менен коррупциялык башаламандык өзгөрүүсүз калганын энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов белгиледи:

- Бизде энергетикада системалык кризис болуп атат. Андыктан ЖЭБдеги аварияга бир киши эле күнөөлүү деп айтууга болбойт. Бир чети премьер-министрдин "тиешелүү жетекчилер ЖЭБдеги авариянын себебин так түшүндүргөн эмес" деп айтканы туура. Эми энергетика тармагын оңдоого багыт алышыбыз керек. Бийликтин бардык бутактары, мамлекеттик компаниялар буга чейин азыркыдай болуп түзүлүп калды. Жоопкерчиликти так моюнга албай өйдө жакка кылчактаган учурлар көп да бизде. Бийлик эле эмес, жооптуу аткаминерлер арасында өз функцияларын, жоопкерчиликтен аша чаап, өзү билемдик кылгандар бар. Ушул жагдайлар жалпы тармакка зыянын тийгизүүдө.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Январдагы авария бир жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинде башталып, былтыр августта аяктаган. Ага кеткен 386 миллион долларды Кытайдын "Экспорт-импорт банкы" насыя катары берген. Модернизация иштерин кытайлык TBEA компаниясы жүргүзгөн.

Аварияны иликтөө боюнча өкмөт мекеме аралык, парламент болсо депутаттык комиссия түзгөн. Өкмөттүн мекеме аралык комиссиясы февралда өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарып, "аварияга кышкы сезонго даярдыктын начардыгы жана айрым кызматкерлердин шалаакылыгы себеп болду" деген бүтүм чыгарган. Депутаттык комиссия өз корутундусун жарыялай элек.

Исаков: ЖЭБ боюнча жоопкерчиликти өзүмө алам
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG