Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Бир сааттан ашуун атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге "баары жайында" экенин, кийинчерээк кенен жооп берерин билдирди.