Эже-сиңди жыйырма жылдан кийин жолукту
Казакстанда 23 жыл тамеки талаасында, тоодо мал багып иштеп жүргөн 51 жаштагы кыргызстандык Зуура Болтоева мекенине кайтарылып, сиңдиси менен жолукту. Бир туугандардын жолугушуусу 19-сентябрда Бишкекте эл аралык Кызыл жарым ай коомунун издөө кызматынын 25 жылдыгына арналган жыйында болду. Аталган коомдун издөө кызматы бул аралыкта 135 үй-бүлөнүн жакынын таап берген.